БИШКЕКТЕ КАРА ТҮТҮН: КАЛКТЫН ШАШТЫСЫ КЕТТИ

Бишкекти каптаган ыш кайрадан учурдун негизги темасына айланды. Кара түтүндүн себеби, андан арылуу зарылдыгы тууралуу талкуулар кызып, бирок натыйжалуу аракеттер байкалбайт. Күнөө Бишкек ЖЭБиндеби же шаардын тегерегиндеги көмүр жаккан конуштардабы? Же шамалдын багытын тоскон көп кабаттуу үйлөрдүн айынан ушундай кырдаал жаралып жатабы? Айтор, Бишкек азыркы тапта абасы ден соолукка абдан зыяндуу шаарлардын тизмесинде алдынкы орунду дүйнөдө көптөргө бербей жатат.

Абаны тазалоого 6,7 миллиард доллар суралууда

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын” жетекчиси Таалайбек Байгазиев “кара түтүнгө Бишкек ЖЭБи гана күнөөлүү деп айтууга болбойт” деди 12-декабрда маалымат жыйынында. ЖЭБдин таасири 20 пайызга жетип-жетпей турганын анализ көрсөттү деди ал. ЖЭБдин фильтрлери иштеп жатат, түтүн бийиктиги 300 метр болгон түтүктөн чыгып, шаарды көп деле каптабайт деп айтылды.

Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ушул эле күнү парламенттин комитет жыйынында ЖЭБди кара түтүндүн негизги булактарынын бири деп атады. Шаарды кара түтүндөн арылтуу үчүн Бириккен улуттар уюмунан 6,7 миллиард доллар гранттык каражат суралып жатканын айтты министр. Айтымында, 2023-жылдын 1-кварталында жылуулук жоготууну 40 пайызга чейин азайтуу максатында Бишкектеги үйлөрдө нанокошулмаларды (наноприсадки) жайылтуу долбоору старт алат. Бул үчүн Бишкекте 500 үй тандалып алынганы, долбоор жакшы натыйжа көрсөтсө шаар боюнча жыйылтылары маалымдалды. Автоунааларды газ менен жүрүүгө өткөрүү, шаарда электрунаалар гана жүрө турган “жашыл аймактарды” түзүү, күн панели сыяктуу энергетиканын альтернативдүү булактарына өтүү учурдун талабы болууда деди Кутманова.

Көмүр жана бийик имараттар күнөөлүү дейт

“МувГрин” экологиялык уюмунун өкүлү Ажар Байсалованын айтымында, изилдөөдө Бишкекти каптаган кара түтүндүн 2 себеби аныкталды.

– Кара түтүндүндүн себеби – көмүр, унаа дөңгөлөгү, тигүү цехтериндеги кездеме калдыктары менен жылытылган үйлөр деп табылды. Абада өзгөрүүсүз катмардын жаралышы да кошумча болууда. Мурда мындай жок эле, анткени шаарда шамал жүрүп турчу. Шаарды туура эмес пландоонун, туура эмес курулуштардын айынан бул цикл бузулду. Ушул себептүү суук түшкөндө кара түтүн тарабай жатат,- дейт Байсалова.

Көпчүлүктө азырынча үй жылытууда көмүр жана электр энергиясынан башка альтернатива жок. Жаңы конуштардын көбүнө газ тартыла электиги белгилүү. Эгер калааны каптаган ышка көмүрдүн түтүнү себепкер болсо, анда элде азыр “өйдө тартсаң өгүз өлүп, ылдый тартсаң араба сынчу” учур. Анткени энергетиктер “светти үнөмдөгүлө, электр жабдыктарын сайбагыла” деп күн сайын энергетика системинин начар абалын эскертип жатышат.

Мектептер жабылууда

Кара түтүндүн айынан эл арасында оору-сыркоо көбөйдү деп коңгуроо кагылууда. 15-декабрга карата республика боюнча бардык мектептер онлайн окуу режимине өттү. Бул көйгөй 15-декабрда Жогорку Кеңеште талкууланып, түзүлгөн кырдаалды жакшыртуу боюнча токтом кабыл алынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан