– Бишкектин административдик соту мыйзамды бузду жана ыңгайсыз депутаттардын мандатын тартып алууга жол ачып берди. Мыйзам боюнча шайлоо өткөндөн кийин 3 күндүн ичинде даттанууга болот. Бир жылдан кийин карап чечим чыгарса болот деген тажрыйба дүйнөдө жок,- дейт Бакиров.
Айта кетсек, мындан 1 ай мурун парламентте Кемпир-Абад маселеси каралып жатканда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бакиров менен кайым айтышып кеткен. Ошондо Ташиев “кандай депутат экениңизди да, кантип шайланганыңызды да билебиз, жакында көрөсүз” деген эле. Бул арада депутат Бакировду кызматтык иш бөлмөсүнөн кууп чыгып, бул окуя боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык топ түзүлгөн.