Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин депутаты: «ЖАНЫБАРЛАРДЫ АТПАЙЛЫ ДЕСЕК, АҢЧЫЛАР КАРШЫ ЧЫГЫШТЫ»

Маектешим – депутат Эмил Токтошев жумшак мүнөзү, сыпайылыгы менен көпчүлүк кесиптештеринен айырмаланып турат. “Бүгүн парламентте жыйын жок, бирок сага маек берем деп атайын маанилүү иштеримди жылдырып Ак үйгө келдим” деп жылмайып кирип келди иш бөлмөсүнө. Эмил мырза менен Бишкекти каптаган ыш, жаныбарларды атууга тыюу салуу демилгеси, ишкерлердин абалы тууралуу баарлаштык.

– Саламатсызбы, Эмил мырза? Жакында Жаңы жыл. Негедир коомчулукта майрамдык маанай анча сезилбей турат, Жаңы жыл сиз үчүн кандай майрам? Эсте калган Жаңы жылыңызды качан тостуңуз эле?

– Саламатчылык, Жаңы жыл – бүт үй-бүлө мүчөлөрүнүн башын бириктирген майрам. Ушул күнү алыстагы балдары ата-энесинин үйүнө барып, дасторкон жайып, жакшы тилек айтып жыл жаңырганын тосушат эмеспи. Майрамдык маанайды сезүү ар бир адамдын өзүнөн. Ал эми эсте калган Жаңы жылымды 1991-жылы тоском. Анда Бишкекке жаңы келген студент кезим, 3 досум менен Жаңы жыл тособуз деп лимонад, нан, жумуртка, майонез менен дасторкон жасаганбыз. Кошуна бөлмөдөгү кыздарды да “кечинде биз жакка өткүлө” деп чакырып койгонбуз. Ошентип күндүзү аянтты айланып сүрөткө түшүп келели деп жатаканадан чыгып кеттик. Кечки саат 23:00гө чейин жүрдүк, кетели десек эле транспорт токтоп калыптыр. Таксиге акчабыз жок. Аянттан жатаканага жөө келгиче саат 24:00 болуп кетти, көчөдөн салюттардын атылганын карап кетип баратабыз. Ошол Жаңы жылды көчөдө тоском, калганын үйдөн эле тосуп келе жатам.

– Учурда Бишкекти каптаган ыш актуалдуу болуп жатат, бул көйгөйдү чечсе болчудайбы?

– Мен экологияга күйүп-бышкан активист депутат катары бул маселени Абылгазиев премьер болуп турган кезден бери көтөрүп келем. Азыр да маектен кийин ушул маселени чечүү боюнча профессор агайым Арстанбек Асановго жолукканы барам. Профессордун ыкмасы боюнча, көмүрдөн түтүн чыкпагандай кылып, көмүрдү таблеткага окшотуп жасаса болот экен. Көмүрдү бири-бирине жабыштырып мешке жакса түтүн чыкпайт экен. Монголияда бул ыкма колдонулуп, экологиялык көйгөйлөрдүн алдын алышыптыр. Бул ыкмада көмүр бир аз кымбатыраак болуп калат, бирок адамдын ден соолугу баарынан маанилүү да, ишке ашырсак пайдасы тийчүдөй. Бишкектин ышка толушу: жеке үйлөрдүн көбү көмүр менен жылытылат, кышында мончолорго желим бөтөлкөлөрдү, тигүү цехинен арткан кездемелерди жаккан учурлар болот экен. Маршруттук таксилер да дизель майы менен жүрөт, түтүнү абдан зыян. Шаарда жүргөн унаалардын көбү эски, катализатору жок же аны көзөмөлдөгөн орган жок. Бишкек ЖЭБин го жөн эле коёлу, калган көйгөйлөрдү чечсе болот да. Миллиондогон каражаттарды жөн эле сомдун кунун кармаш үчүн кетирип жатпайбызбы. Мамлекет, өкмөт көңүл бурса, шаарды каптаган түтүн, ыш маселесин 1-2 жылда чечип койсо болот.

– Жаныбарларды коргоо боюнча демилгеңиз да ишке ашуу алдында турат, аларды атууга канча жылга тыюу салынып жатат ошондо?

– Жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча маселени мен парламентте көтөрүп, мыйзам талкууланган. Көйгөйдү көтөргөн сайын айып пулдун суммасын көбөйтүп гана кутулуп кетип жатышты. Бул жолу 3 жылга мораторий жарыялайлы деп жатабыз. Мыйзам долбоорубуз өкмөттө, экология министри Динара Кутманова биздин сунушту колдогон корутунду чыгарып берди. Бирок аңчылык фирмалары “биз тескерисинче, жаныбарларды көбөйтүп жатабыз, аңчылыкка мораторий жарыялоо максатсыз” деп жогору жакка кайрылышыптыр. Учурда жаныбарлардын санын чогуу санайлы деп санак жүргүзүп жатабыз. Ошого жараша чечим кабыл алынат. Өткөндө Ысык-Көлдүн Сырт жайлоосуна 10 эксперт санакка барган элек, ошол жактан да браконьерди кармап алдык. Курал-жарагы менен жүрөт. Чабандар менен сүйлөшүп алып аңчылыкка чыгышат экен. Биз кармап алсак, “карышкыр атканы келгем” деп моюнуна албай койду. Каякта карышкыр атат? Жанында аркар жарадар болуп каны агып жатат. Куралды мыйзамсыз алып жүргөнү үчүн 15 000 сом айып пул салышты.

– Оппозициялык партиядан депутат болуу кыйынбы?

– Албетте, кыйын, бирөөнү сындап же туура эмес ишин айтсаң кыргыз эч качан рахмат дебейт, жаман көрөт, "көрө албай жатат" дейт. Бийликти сындоо андан да кыйын. Оппозицияны душман катары көрбөй, айткан сынын угуп ага кулак салыш керек.

Өзүмө келсем, эч качан жекеликке өтпөйм, майдаланбайм, сынды да сунушу менен кошо айтам. Мына, июль айында Теңгиз Бөлтүрүккө “сиз кеңсенин ижара акысына деп 50 миң доллар сурап жатасыз” десем, “мага 100 миң доллар керек, кеңсенин абалы үчүн инвесторлордон уялып жатам” деген. Андан кийин “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингин түзөм деп 7 миллиард сом сурады, ага да каршы болгом. Алтын-кен адиси ошол алтыны менен эле алектенбейби, эмне кылат бизнести деген элем. Мен какшап жатып 7 миллиарддан 3 миллиардга түшүргөнбүз, ошондо кесиптештердин баары мени жаман көрүп, жеп ийчүдөй болушкан. Азыр ошол бөлүнгөн каражаттын 1 миллиардынын дайыны жок экен, керексиз нерселерге иштетип салды да.

– Учурда ишкерлердин абалы кандай?

– Көпчүлүк завод, фабрика ачкан чоң компаниялар компанияны өнүктүрүү пландарын токтотуп коюшкан. Себеби "кустурузация", камоолор баарынын жүрөгүн түшүрүп койду. Бул начар тенденция. Эгер өндүрүүчүгө орган кызматкери текшерүү, акча өндүрүү максатында келсе, сөзсүз кынтык табат. Табам десе идеалдуу нерседен да кемчилик табат, анткени мыйзамыбыз ошондой жазылып калган. Ошентип ал өндүрүүчү коркуп-үркүп, “кусуп”, акча берип жатып кутулат. Бирок коррупционер деген атка конуп жатпайбы. Анын да куда-сөөгү, тууган-катышы бар дегендей, андан көрө ызы-чуу болбой акырын капиталын башка мамлекетке чыгарып кеткени оң да. Мына, Өзбекстан азыр аябай өнүгүп жатат, анткени президенти ишкерлер менен сен экөөбүздөй отуруп эле сүйлөшө алат. Ишкерлерге мамлекет кепилдик бербесе, аларды өлкөдө кармап калуу кыйынга турат, бизде диалог, сүйлөшүү жок, башка бир уруп, өпкөсүн үзө тээп, “сен коррупционерсиң, төлө” деп эле төлөтүп жатпайбы.

– Сиздин көз карашыңыз партия лидериники менен дал келбей калган учурлар болгонбу, кайсы бир пикириңиз үчүн талашып-тартышып көрдүңүз беле?

– Мен принципке аябай бекеммин, компромисске баруу үчүн аларды аттап өтө албайм. Аттап өтүп кетсем жан дүйнөм кыйналат, жүрөгүм ооруйт. Партия лидери деле идеалдуу эмес, ар бир адам адашат. Анын пикири туура эмес болсо, сын айтканга эрким жетет.

– Көп балалуу ата экениңизди билебиз, бала тарбиясында сиздин үлүштүн көрсөткүчү кандай?

– 3 кыз, 2 уулум бар. Туура баамдадың, эркек киши сырт болот эмеспизби. Мен жумушка жөнөп жатканда да, кечинде келгенде да балдар уктап жаткан болот. Эс алуу күндөрү алар менен оюн-зоок жайларына чогуу барганга аракет кылам. Биз, кыргыздар, пландап жашаганды билбейбиз, жол тыгында эле 3 саат убактыбыз кетиши мүмкүн. Эл өкүлү болгондон кийин биздин жумушта да туруктуу график жок. Бирөө чалып “тишим ооруп жатат, дарыгер сүйлөшүп бериңизчи” десе, экинчиси “токмок жеп милицияга түшүп калдым” деп жардам сурайт. Алар деле мага ишенгенинен чалып жатат да. Көбү материалдык жардам сурайт. Айлыгымды таратып берип отуруп калам. “Акча бербесең каргайм” дегендер бар, “кой, ушул адам муктаж болгондо каргышына калбайын” деп деле бересиң да (күлүп).

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан