СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Кыргыз балбандары эл аралык турнирде жеңишке жетти

Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 20-декабрда Poddubny Wrestling League аттуу эл аралык турнир болуп өттү.

Бул турнирге Кыргызстан, Орусия, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Иран жана Монголиядан келген балбандар катышты. Турнирдин негизги бөлүгүндө үч кыргыз балбаны беттешип, үчөө тең атаандаштарын жеңди.

60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков орусиялык Анвар Аллахьяров менен кез келди. Беттештин биринчи бөлүгүндө эле орус балбаны жаракат алып, күрөштү андан ары уланта албай калды. Жыйынтыгында Жоламан Шаршенбеков жеңишке ээ болду.

97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков Александр Головинди жеңсе, кыз-келиндер күрөшүндө Мээрим Жуманазарова орусиялык Ксения Буракованы жеңди.

Авазбек Аманбеков баштаган кикбоксчулар Азия чемпиондугунан ийгиликтүү кайтышты

Кикбокс боюнча өлкөнүн курама командасы Таиландда өткөн Азия чемпиондугунан 21-декабрда кайтып келишти.

Чемпиондук Таиланддын борбору Бангкок шаарында 10-декабрда башталып, 18-декабрда жыйынтыкталган. Анда Кыргызстандын намысын 10 спортчу коргоду.

Жыйынтыгында Авазбек Аманбеков, Аброр Хакимов алтын, Марат Мусаев, Адилет Улан уулу, Мамыр Абдураимов күмүш, Сыймык Базылов, Азамат Кудайбердиев, Салиха Гобоева коло медаль тагынып, ийгиликтүү кайтышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан