Тасма таржымалы
Жыл жаңырар алдында айрымдар мончого барып жуунууну адатка айлантса, Тимур Бекмамбетов бизди жаңы жылдык тасма менен кубантууну салтка айлантып алгандай. Бул жылы да белектен куру калган жокпуз. Жаңы жыл «Балатылар» тасмасы менен бирге кирип келди.
Тарткан өлкө – Орусия
Жанры – Комедия
Режиссёрлору – Тимур Бекмамбетов, Александр Войтинский, Дмитрий Киселёв, Александр Андрющенко, Ярослав Чеважевский, Игнас Йонинас
Продюсери – Тимур Бекмамбетов
Башкы ролдордо – Иван Ургант, Сергей Светлаков, Вера Брежнева, Сергей Гармаш, Артур Смольянинов, Екатерина Вилкова, Мария Порошина
Операторлору – Сергей Трофимов, Леван Капанадзе
Бюджети – 3 миллион доллар
КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Ар түрдүү шартта бир нече адамдын тагдыры бир чынжырга байланат. Бардыгы Калининград шаарындагы Балдар үйүнөн башталат.
Кичинекей Варя балдарга «менин атам президент» деп мактанат. Шылдыңдаган балдарга ыза болгон Варя «президент жаңы жылдык кайрылуусунда «Аяз атага ишен, бирок өзүң куру кол жатпа» деген сөздү айтат» деп ишендирет. Балалык кыялдын аткарылышына ким көмөктөшөт? Чынжыр уланып отуруп, натыйжада Варяга жардам берүү үчүн 11 шаардын тургундары көмөк көрсөтүшөт. Алардын ар биринин кайгысы, трагедиясы, сүйүүсү жана жаңы жылдык кыялы бар эле. Жаңы жылга аз гана кадамдар калды! Чынжырга уланган сөз акыры өлкө башчысына жетет. Президент жаңы жылдык каалоосунда Варянын сөзүн кайталайт. Ал эле эмес, каармандардын баарынын тилеги орундалат. Демек, ишенгиле, жаңы жылдык кыялдар сөзсүз орундалат!
ЖАЙЫНДА ТАРТЫЛЫП БҮТКӨН
8 башкы каарман, 8 новелла, 6 таланттуу режиссёр, 11 шаар, эсеп жеткис балаты... Мындай аралашма “салаттан” “даамдуу” тасма чыгаруу Тимур Бекмамбетовдун гана колунан келмек. Тасманын идеясы да продюсер Тимур Бекмамбетовго таандык.
Былтыр жаңы жылдык өзгөчө окуялар үчүн кастинг жарыялап, 6 миң каттын арасынан 8 окуяны тандап алат. Өзү жалгыз 11 шаарды тарта албасын баамдап, Бекмамбетов кесиптештерине долбоорду сунуш кылат. Команда ар бир шаарга барып тартып, Москвага баарын чогултуу үчүн кезигишет. Бирок ал жай мезгилине туш келип калгандыктан, Москванын бир көчөсүнө атайын жасалма кар жаадырып тасма тартууга туура келген. Ошентип, жайкы аптапта кышкы кийим кийген команда ишин ийгиликтүү аягына чыгарышкан.
СЫРЛАРГА ТОЛО ТАСМА
Тасмадан кимди гана кезиктирбейсиз. Сүйүктүү ырчыңыз Вера Брежневаны, алпаруучу Иван Ургантты, Пугачёванын небересин, Домогаровдун уулун, алтургай президенттин өзүн да көрүүгө болот. Баса, “президентти кантип тарттыңыз?” деген журналисттердин суроосуна режиссёр минтип жооп берди: “Өлкө башчысы тасмага түшкөнү дүйнөдө биринчи жолу болуп отурат. Кино тартылып бүткөнгө жакын калганда, даяр болгон версиясын Дмитрий Анатольевичке көрсөттүк. Фильм ага жылмаюу тартуулап, макулдугун берди. Ал эми монтаж же монтаж эмес экендиги орус кинематографиясынын сыры болуп калсын. Ишендирип кете турган бир нерсе, “Аяз атага ишен, бирок өзүң куру кол жатпа” деген сөздү президент өзү сүйлөдү”.
Ал эми Балдар үйүндөгү кыз “Баары бир сени сүйөм” тасмасында баарыбызды ыйлаткан Алёна Булынко экенин да айта кетели.
Тасмадагы дагы бир өзгөчөлүк – атайын эффекттер мыкты пайдаланылганы. Негизги эффект – эбегейсиз өлкөнү алаканга салгандай көрсөткөнү.
Дагы бир кызык, каармандар өздөрү тартылган сюжеттик линияны гана билишкен. Калган окуяга тасма чыккандан кийин күбө болуп, таң калуу менен күлкүгө бөлөнүшкөн. Баса, кадрдын артындагы коңур үн актёр Константин Хабенскийге таандык.
КОСМОСТО ДҮЙНӨЛҮК БЕТ АЧАР
Космосто тасма коюлганы сенсация жаратты. 22-декабрда, саат 12:00дө “Базелевс” компаниясы жана Орусиянын Федералдык-космостук агенттиги биринчи жолу “Балатылар” көркөм тасмасын космосто көрсөттү. Космостун биринчи көрүүчүлөрү космонавттар Дмитрий Кондратьев, Александр Калери, Олег Скрипочка, Скотт Келли, Несполи жана Колман болушту. «Союз ТМА-20» космостук кемеси Байкоңурдагы космодромдон 15-декабрда учуп кеткен. Алар кийинки жылдын мартына чейин космосто болушмакчы. Жаңы жылдык сонун белекке ээ болгон экипаждын мүчөлөрү чексиз ыраазы болушту. Көрсө, космосто да кыялдар орундалат тура!
ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР:
БЛОКБАСТЕР ЖЕ «БЕКМАМБАСТЕР»
Тасмаларынын бардыгы ийгилик жаратканы үчүн орус кинематографиясында режиссёр Тимур Бекмамбетовду “Бекмамбастер” деп аташат. Атактуу режиссёр 1991-жылы тасма горизонтунан көрүнүп, ошондон бери “тасма падышасы” аталып келет. Голливуддун “өз адамы”, мыкты сүрөтчү, дүйнөлүк беш мыкты режиссёрдун бири Тимур тууралуу бир топ фактылар белгилүү:
1-факт. Тимур Нуруахитович Бекмамбетов 1961-жылы 25-июнда Казакстанда төрөлгөн. Атасы казак, апасы еврей улутунун өкүлү. Таенесинин колунда өсүп-чоңойгон. 85 жаштагы таенеси ага “сен улуу адам болосуң. Сен мыкты сүрөтчү болосуң” дегенден тажаган эмес.
2-факт. Тимур өмүр бою бир гана адамды кумир тутуп келет. Ал – Гойко Митич.
3-факт. Ташкенттеги көркөм-театралдык институттун сүрөт бөлүмүн бүтүргөн. Аскер кызматын Ашхабадда өтөгөн.
4-факт. Ар жылы Жаңы жылда ал блокбастер фильмдерин тартуулап келет. Мисалы, 2006-жылы “Күндүзгү күзөт”, 2007-жылы “Тагдыр тамашасы-2”, 2008-жылы Голливуд менен бирге “Өзгөчө кооптуу”, 2009-жылы “Кара чагылган”, 2010-жылы “Балатылар” тасмасын тартуу кылды.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg