Бейне
Митингдердин “борбору” деп “Ала-Тоо” аянты менен кошо “КыТыРыны” атаса болот. Мына ошол ишкананын имараты бийлик алмашкан сайын “согуш талаасына” айланат. Апрель окуясынан кийин бул мекеменин дагы бийлик чылбыры башка адамга өткөн. КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев менен корпорациядагы жаңылануу жана машакаттуу журналисттик жумушу жөнүндө баарлаштык.
– Кубат мырза, кирип келген Жаңы жылыңыз кут болсун! Учурдан пайдаланып, башкы директор, адис жана катардагы көрөрман катары КТРКнын жаңы жылдык берүүлөрү өзүңүзгө жактыбы деп сурагым келип турат. Мисалы, майрамдык берүүлөрдүн бирин стилист Замира Молдошева алып барды...
– Бир топ кызыктуу программалар болду. Ага көп каражат жана күч сарптадык. “80-90-жылдардын дискотекасы” ишеничти актады. Көп адамдардан бул берүү боюнча жакшы пикирлерди уктум. Жаңы долбоор “Тимеле шоу” көрсөтүлдү, анын айрым жерлери ашыкча созулуп кеткенин байкадым. Мындан ары динамикалуу кылганга аракет кылабыз. “XXI кылымдын жылдыздары” программасын да жакшылардын катарына киргизсе болот.
Ал эми Замира Молдошеванын алып баруучулугу эксперимент катары жасалды. Көп мамлекеттерде мындай иштер болуп келет. Ал өзүнүн тармагында көрүнүп калган адам, аларды ишке тартуу жакшы пайдасын алып келиши мүмкүн.
– Бизде төңкөрүштөн соң КТРКга “Азаттыктын” жетекчиси башчы болуп келмей модага айлангандай сезим калтырат. 2005-жылы Кыяс Молдокасымов келген эле, эми сиз...
– Муну сөз эркиндигинин ордуна келиши деп эсептейм. Анткени эки президенттин тушунда тең “Азаттыкка” кысым болуп келди. Бирок ал түрдүү пикирди берип, элдин үнүн коомчулукка, бийликке жеткирүүгө аракет жасады. Ошентип отуруп профессионалдык орду калыптанды. Азыр бийликке жаңы адамдардын келиши менен “Азаттыкта” иштеген кызматкерлерге коомдук каналга келүүгө жана орун алууга жол ачты.
– Мамлекеттик канал Коомдук деп өзгөртүлдү. Атына заты жарашабы?
– Аракет кылып жатабыз. Мурдагыга салыштырсак, Байкоочу кеңеш кайрадан түзүлдү, кийин башкы директор шайланды. Парламенттик шайлоону буга чейин болуп көрбөгөндөй калыс чагылдырдык. Бир дагы саясий күчкө жок дебей, бардыгына бирдей шарт түздүк. Бүгүнкү күндөгү түзүлгөн парламенттин курамында да салымы бар. Себеби берилген маалыматтар кайсы бир деңгээлде элдин аң-сезимине таасир тийгизди.
– Коомдук канал ишке ашырышы керек болгон үч зарыл маселе?..
– Биринчиден, каналдын штаттык бирдигин аныкташ керек. Аны менен кошо коомдун талабын билиш үчүн сурамжылоо жүргүзүүгө муктажбыз. Жөнөкөйлөтүп айтканда, эл эмнени көргүсү келет, мына ушуну тактап чыгуу алдында турабыз. Экинчи маселе – каналдын жаңы жүзүн аныктоо, элдин ишенимине кирүү. Андан сырткары азыр саясий жактан эркин болгонубуз менен, каржылык жактан андай эмеспиз.
– Кескин реформа жүргүзүүгө даярсызбы?
– Биз ансыз деле кескин реформа жасап жатабыз. Борбор Азияда алгачкы жолу коомдук телеканалдын башаты болуунун алдындабыз. Мурунку бийликтин тушунда мындай нерсе түшкө да кирбейт эле. Анткени мурунку бийлик УТРК сыяктуу ири ММКны колунан чыгаргысы келчү эмес.
– Сиз журналистика тармагында көп жылдан бери “жашап” келесиз. Кандайча бул дүйнөгө баш багып калдыңыз эле?
– Алган билимим боюнча эле кесибим менен иштеп кеттим. 4-курста окуп жатканымда “Асаба” гезитине кабарчы болуп киргем. Ал кез 1994-1995-жылдардын оор учуру болчу. Аталган гезитте 2000-жылга чейин иштеп, бул аралыкта редактор Мелис Эшимкановдун орун басарлыгына чейин көтөрүлдүм. Ал эми “Азаттыкка” 2002-жылы келгенмин.
Айта кетчү жагдай, “Азаттыктын” бүгүнкү сайтынын иштеп кетишине түз тиешем бар. Себеби эки жыл бою веб-редактор катары иштедим. Апрель окуясына чейин сайтты жакшыртууга көп күч сарптадык. Сайттын азыркы дизайны 2 жыл бою Прагада жасалган.
– Апрель окуясына чейин “Азаттык” ошол кездин оппозициясы менен кошо бийликке каршы күрөштү. Апрелден кийин анын бейтараптуулук салмагы бузулган жокпу?
– Ошондой сезилиши мүмкүн. Бирок ал эки тараптын пикирин бергенге көп көңүл бурат. Кечээ оппозицияда жүргөн адамдар төңкөрүштөн кийин бийликке келип, орундар алмашып калганда “Азаттык” үчүн иш оор сезиле берет. Бирок анын өзүнүн жолу, редакциялык саясаты бар.
– Бүгүнкү деңгээлге жетүү үчүн эмнелерди курмандыкка чалдыңыз?
– Башында акын-жазуучу болсом деген тилегим бар эле. Кезинде Табылды Муканов атындагы сыйлыктын лауреаты болгом. Ушул журналисттиктин айынан чыгарма жазууга колум жетпей жүрөт. Ушуга кез-кезде ичим жакшы эле тызылдап кетет.
– Чакан мамлекетиңиз канча кишиден турат?
– Жаш үйлөнгөм. Студент кезимде, тагыраак айтканда, 1994-жылы үйлөнүп алгам. Эки уул жана бир кызым бар. Азыр жаш балдар деле өлкөдөгү окуяларга көңүл кош эмес. Менин балдарым дагы жаңылыктарды көзөмөлдөп, баа берип калышат. Алардын көз караштары көпчүлүктөн кыйла айырмаланып турат.
– Сиздин эсиңизде калган өзгөчө интервьюңуз?
– 16 жылдык тажрыйбамда көп эле интервью алдым. Окууга тапшырарда айылга концерт коюп келген Каныкей Эралиеваны кепке тарткам. Ошол менин биринчи интервьюм болгон. “Ыңгайсыз суроолорду” алып барып жүргөндө ошол кезде вице-премьер Данияр Үсөнов менен болгон курч маекти белгилеп кетсе болот.
Бирок эң оригиналдуу интервью деп “Асабада” иштеп жүргөндөгү таш бакалар тууралуу материалымды айтмакмын. Атайын Сузакка барып, кытай ресторандарына өткөрүлгөн таш бакалар жөнүндө интервью даярдап келгем.
– Парламенттик шайлоонун алдында теледебатты алып барып жаттыңыз. Баса белгилеп өтүүчү учурлар болдубу?
– “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев менен “республикачы” Өмүрбек Бабановдун эрөөлү өтө курч өттү. Элге анча белгисиз партиялардын лидерлери бир топко биригип калышканда кесиптешим Динара экөөбүзгө оор болуп жатты. Анткени алар конокко келгенсип, бири-бирине “сизиң-бизиң” болуп жатышты.
– Айрыкча сиздин Адахан Мадумаров менен болгон “эрөөлүңүз” элдин эсинде калса керек. Экрандан бири-бирине тиш кайрап жүргөн адамдардай сезилдиңер. Чын эле ушундайбы?
– Ал кишиге элге берилген эле суроолорду берип жатканбыз. Бирок Каркыра боюнча суроону жүрөгүнө өтө жакын кабыл алды. Биз ушундай эле суроону Темир Сариевге да бергенбиз. Ал мурун депутат кезинде Үзөңгү-Куушту өткөрүп берерде “макул” деп добуш берген экен. Ал токтоо эле жооп берди. Бирок мен эч качан Адахан Мадумаровду душман деп эсептеген эмесмин.
– Журналистикадан тышкары эмне менен алектенесиз?
– Музыкага кызыгам. Китеп окуйм.
– Акыркы жолу кайсы китепти барактап чыктыңыз?
– Япон жазуучусу Харуки Муракаминин чыгармаларын окудум. “Нобель” сыйлыгын алган түркиялык Орхан Памуктун китептерин да баштагам. Андан сырткары АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтондун “Менин өмүрүм” деген китеби бар, аны жакында окуп бүтүрдүм.
– Эгер тандоо мүмкүнчүлүгү берилсе, кайсы доордо, кайсы өлкөдө жашаар элеңиз?
– Тарыхыбызда IX кылымда Улуу Кыргыз каганаты түзүлгөн учур болгон. Кыргыздар үчүн ошол мезгил бир топ кызык болсо керек деп ойлогонум үчүн ушул доордо жашоону тандап алмакмын.
– Форманы кантип бир калыпта сактайсыз?
– Азыр спортко убакыт бөлүүгө чамам чектелүү. Залга барсам дегенде эки көзүм төрт. Анда-санда футбол ойноп калам. Жума сайын убакыт бөлүүгө шарт жок.
– Кайсы мамлекеттерди “багынттыңыз” эле?
– Жумушка байланыштуу Чехияга көп каттадым. Кошмо Штаттар, Кытай, Түркия жана КМШнын өлкөлөрүнө баргам.
– Өткөн жылдын окуяларынан кыргыз журналистикасы кандай сабак алды?
– Ош окуясында кыргыз журналистикасы согуш болгон жерде иштөөгө адистешпегенин көрсөттү. Көптөгөн гезиттер Бишкекте отуруп эле жазып, бирден кабарчы жөнөтүп коюуга да жарашпады. Биз деле колдон келгендин баарын жасадык. Ош жана Жалал-Абад облустарында бирден гана кабарчы бар экен. Ошол кандуу күндөрдө кабарчыбыз менен операторубузду жоон топ балдар өлтүрүп коё жаздашты. Биз тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү менен жакшы сабак алдык. Мындан кийин андай окуялар болбой эле койсун, бирок иштин көзүн билип калдык деп эсептейм.
Эльвира Караева
koom@super.kg