Биз социалдык тармакта

МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫККА КИМДЕР ТАТЫДЫ?

Өлкө башчысы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Өлкөнүн маданият тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн төмөнкүлөр сыйланышты:

II даражадагы “Манас” ордени менен:

Геннадий Базаров – “Кыргызтелефильм” кино-видео фирмасынын режиссёру, сценаристи.

“Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамы менен:

Асанкадыр Советжан – Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын бөлүм башчысы;

Зарылбек Молдобакиров – Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссура-хореография кафедрасынын улук окутуучусу;

Нурматбек Полотов – Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын дирижёру;

“Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамы менен:

Курманбек Абдувалиев – Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын сахна чебери;

Гүлмира Жолдошева – Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;

Элдияр Желденбаев – Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кыргыз фольклордук тобунун артисти;

Болотбек Жумалиев – Мультипликациялык фильмдердин сүрөтчү-коюучусу;

Кайыргүл Жуманова – Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;

Калидакан Зейналиева – Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;

Съездбек Искеналиев – Бишкек шаарынын мэриясынын “Семетей” ыр-бий ансамблинин солисти;

Зулпия Карыбекова – Актриса, ырчы, алып баруучу;

Максат Кулуев – Кыргыз улуттук “Манас” театрынын акын-импровизатору;

Зульфия Мейзер – Кыргызстан калкы ассамблеясынын “Достук” тобунун солисти;

Азамат Сарыбаев – Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” кыргыз фольклордук тобунун артисти;

Урмат Усенов – эстрада ырчысы.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Райкан Абдувалиева – ырчы, “Периште” тобунун жетекчиси.

Ширин Сарыгулова – Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын окутуучусу;

Айпери Кулбаева – Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын актрисасы;

Айгерим Расул кызы – эстрада ырчысы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан