ТООК УУРДАП КАРМАЛЫП, ЭФИРДИ УНУТУП КАЛЫП... ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ОКУЯЛАРЫ

Чыгармачыл адамдар үчүн Жаңы жыл иш көбөйгөн учур эмеспи. Мындайда ар кандай кызыктуу окуяларга да туш болушат. Белгилүүлөрдүн Жаңы жылга байланышкан кызыктарын окуйлу анда.

Жеңиш Кангелдиев, актёр: “Дудук мумиялар аябай күлдүргөн”

– Чыгармачыл адам үчүн Жаңы жыл өзгөчө майрам болот экен. Элде үй-бүлөлүк майрам, бизде бул майрамда элге кызмат кылып жүрүп, үй-бүлө экинчи планда калат. Акыркы 4-5 жылда эле саат 12ни өз үйүмдө тосуп калдым. 15 жылдай жалаң жаңы жылдык корпоратив, салтанаттарда жүрүптүрмүн. Күлкүлүү окуялар болот.

Театрда сеанстар орусча, кыргызча болот эмеспи. Кээде ошону да эртерээк айтып коюшпайт да. Көшөгө ачылганда кайсы тилде ойнош керек экенин айтышат. Бир жолу Максат Кулуев аябай ызылдап алыптыр "ой, айтпайсыңарбы, орусчабы же кыргызчабы?" деп. Болбосо Максат, дагы бир-эки актёр мумиялардын ролун аткармак. Ал жомокто алар сүйлөшпөйт. Денелери, жадакалса ооздору да бинт менен оролуп мумия болуп бийлеп чыгышат. Анан башка тексти барлар ызылдабай, дудук мумиялар чуу салып жатканы күлдүргөн. "Ай, мумиялар, силерге кайсы тилде экенинин айырмасы кайсы?" деп аябай күлгөнбүз.

Өсөр Козуев, обончу, аткаруучу: “Баарыбызды жумуштан кетирет деп ойлогонбуз”

– Мен теледе 10 жылдан ашык үн режиссёру болуп иштедим. 31-декабрь түнү да иштейбиз. Андай учурда Жаңы жылды жумуштан тосчубуз. Бир ирет саат 12 болуп, президенттин куттуктоосу эфирге чыккандан кийин баарыбыз бири-бирибизди куттукташып, үйдөн алып барган тамактарыбызды ортого коюп, шампан аттырып Жаңы жылды тостук. Саат 12ден кийин эфирге концерт же кино коёбуз да. Майрамдап отура берип эфирди унутуп калыптырбыз. Бир маалда эстеп кетип чуркап барсак, көгүлтүр экраныбыз көк бойдон туруптур. Бир берүүнү эфирге коюп, “эми өлдү, баарыбызды иштен айдашат” деп отуруп калдык. Көзөмөл күчтүү да, эфир 1 секунд токтоп калса да түшүнүк кат жаздырышчу. Андай учурда көрүүчүлөр дагы “эфир токтоп калды” деп чалышчу. Эч ким чалган жок, жетекчилер дагы, көрүүчүлөр дагы. Эртеси деле эч ким унчукпайт. Кыязы, эч ким байкабай калган окшойт.

Максат Надырбеков, алпаруучу: “Аябай көп манты болгон”

– Ак-Талаанын Баетов айылында чоңойдум да. Ошол жакта атамдын бир туугандары 7 үй-бүлө жанаша жашачубуз. Бир ирет баары Жаңы жыл күнү тамак көтөрүп куттукташып бири-биринин үйүнө конокко бармай болушту. Ошондо 7 үй-бүлөнүн баары манты жасап алышыптыр. Баары манты көтөрүп келип, үйдө аябай көп манты болгон. Мен мантыны жакшы көрөм да, мага чыныгы майрам болгон (күлүп). Аябай эсимде калган ошол Жаңы жыл. Азыр деле туугандар “ошондо тамактарды сүйлөшүп алып жасасак болмок” деп ал окуяны эстеп калышат.

Бул майрамды аябай күтүп, бир ай мурун даярданып баштачубуз. Жаңы жылда дайыма унаанын дөңгөлөктөрүн “костёр” кылып жакчубуз. Атам шопур болгондуктан дөңгөлөктөр көбүнчө биздин үйдөн чыкчу. 12ден баштап “костёр” жагып, оттон секирип ойноп, эртеси турсак мурдуларыбыз капкара болуп калчу.

Радик Эшимов, режиссёр: “Актёрлорду үшүтүп баарына жаман көрүнгөм”

– 2 жыл мурун “Кошунаны тандабайт” сериалын тартып жатканбыз. Жаңы жылдык атайын чыгарылышта Адик менен Меканын окуясы көрсөтүлмөк. Жаңы жылдын алдында кино тартуу оор, анткени актёрлор той, корпоративдерден бошобойт. Продюсерлер болсо “эрте тарталы, убакыт өтүп жатат” деп шаштырышты. 5-6 күн даярданып, 10 күндөй тартышыбыз керек болгон серияны 2-3 күндүн ичинде тартып салалы деп шаштык. Тартуунун акыркы күнүндө бизге кар керек болчу. Кар жок, жааса да эрип кетип жатты. Синоптиктер да “кар жаабайт” деп айтып жатышты. Анан жасалма кар жаадырган аппаратты колдондук. Негизи, аны көп колдонушпайт, анткени чыныгы карга анча окшошпой калат. Түндөп тарттык, күн аябай суук болчу. Актёрлор тоңуп калышты, баары мени жаман көрүп жатышат. Сууктан аппарат да иштебей калып, камера да тоңуп батарейкасы отура берди, айтор, кыйынчылык менен түнкү 3-4кө чейин тарттык. Тартып бүтүп техниканы чогултуп таксиге отурсак, кар жаап баштап жатпайбы. Эртеси да эрибей турду. Анан актёрлор “шашпай эле тартсак болмок, ээ” деп жазышты. Ошол күндөн баштап 5-6 күн кар укмуш кооз жаады. Мен болсо “шашпай эле тартсак жетишмек экенбиз” деп монтажда отурам (күлүп). Ошол окуя эсимде калыптыр. Азыр кайсы долбоор болбосун “шашпай тарталы, актёрлорду кыйнабайлы” дейм. Бирок ошол жаңы жылдык чыгарылышыбыз көбүнө жагып, жакшы ой-пикирлер айтылган. Бекер кыйналбаптырбыз дегенбиз.

Айбек Саралаев, ырчы: “Тоок уурдап кармалып калганбыз”

– Мектепте маданий иш-чараларга активдүү катышчумун. Майрамда окуучулар өзбек, казак, түркмөн болуп кийинишчү. Мен такыр ошондой кийинчү эмесмин, костюм-шым кийип барып эле ырдачумун. Мугалимдер да кий деп кыйнашчу эмес, кий десе “анда ырдабайм” деп баштачумун. Бир жолу класс жетекчим “жок дегенде кыргыз эле болуп келчи” деп калды. Апама айтсам чайдын коробкасынын ичиндеги жылтырактарды чогултуп костюмумдун эки жеңине, чөнтөгүнө, шымдын багалектерине оюу түшүрүп берди. Аны апам түнү менен отуруп жасады. Эртең менен ошол костюмду кийип бирөөнүн огородунан өтүп бара жатып шымдын багалегиндеги оюуларды айрып алып жатпаймбы. Бир эле оюу жок болсо жаман көрүнүп калат экен да, анан жиним келип баягынын баарын жулуп ыргыттым. Апамдын түнү менен жасаган эмгеги текке кетти.

7-8-класс болуп калганда Жаңы жылда айылдан тоок уурдачубуз. Бир күнү классташтар бир кошунабыздын тоогун уурдап келдик, аябай семиз экен, көп май чыкты. Майын “анан тамакка кошобуз” деп алып койгон бойдон унутуп калыппыз. Картошка менен куурдак кууруп жеп алдык. Эртеси кошуна байке тоогун издеп келип, “семиз болчу” деп тиги майдан улам таанып коюп жатпайбы. Ошентип кармалып калып уят болгонбуз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан