Жылдызбек Турсунбаев, акын: «БАЛДАРЫМДЫН БИРИ ӨНӨРДҮ АРКАЛАСА ДЕП ТИЛЕЙМ»

Маектешим акын, алпаруучу, тамада, ди-джей Жылдызбек Турсунбаев. “Жамактатып сүйлөө таң кала турган артыкчылык эмес. Мен кичине кезде эң чабал кыргыз мендей сүйлөчү” дейт ал. Манасчылык, жамакчылык, акындык өнөрү тууралуу кеп кылдык. Азыркы ырлардын сөздөрү, тамадалардын кемчиликтери тууралуу да сүйлөштүк.

– Саламатсызбы, Жылдызбек мырза? Жаңы жыл алдында иш-чараларга алпаруучу катары да, конок катары да чакыруулар көп болуп жатса керек?

– Саламатчылык. Ооба, болуп жатат. Карап, көңүлүмө туура келген жагына барам. Конок катары чакырса андан жакшы. Анекдот бар го: Арстан той берип жатыптыр да. “Жүр тойго” десе, төө белине аркан оронуп, фуфайкасын кийип алыптыр. “Тойго чакырбадыбы, жакшынакай кийинбейсиңби” десе, “баары бир бизге суу ташытат” дептир. Анын сыңарындай кээде конок катары чакырып, “тойдун бир бөлүгүн алып барып берип кой” дешет, даяр барыш керек (күлүп).

– Чыгармачылыкка атаңыздын арты менен келдиңизби?

– Ооба, атам Салимбай Турсунбаев республикага аты таанымал улуу манасчылардын сап башында турган инсан. Санжырачы, тарыхчы, дастанчы, манасчы болчу. Айылда жашап, башка кесипке эгедер болсо да, өнөрдү аздектеп, “Манасын” айтып, ырын жазып, китебин чыгарып, президенттин колунан Ардак баракчаларды алганга үлгүргөн инсан эле. Атам 2021-жылдын сентябрында дүйнө салып кетти. Мен тилим чыккандан баштап атамдан уккан “Курманбек”, “Эр Табылды”, “Жаныш-Байыш”, “Кедейкан”, “Манас” эпосторун көкүрөккө кыттай уютуп жаттап алчумун. Тилим так чыга электе “Курманбекти” айткан учурум болгон. “Манас” айтып чоңойдум. Акыркы жолу үйлөнгөндөн 1 айдан кийин “Манас” айтып республикалык таймашка катыштым. Ошондон кийин “Манастан” четтеп кеттим. Ага чейин “Чечен айтыш” деген телетаймашка катышып элге таанылып калган элем.

– “Манастан” четтеп кеткениңизге эмне себеп?

– Жоопкерчилиги аябай чоң. Алып жүргөндөн кийин багып, аздектеп өнөрдүн өтөсүнө чыгыш керек. Экинчиден, “Манас” менен үй-бүлө багып кетүү ал учурда кыйын болчу. Азыр жакшы көңүл бурулуп жатпайбы. Мен алпаруучулук, журналисттик, ыр жазуу жагына көбүрөөк кызыгып кеттим. “Сиз кантип тамада болуп калдыңыз?” деп сурай беришет. “Мен тамада болуп кеткен жокмун, мезгил өзү кылып койду” деп тамашалап калам.

– Төкмөлүк жайыңыз да бар, билишимче...

– Төкмөлүк десем катуу кетем го, жамакчылык жайым бар. Ал да атамдан калган. Атамды достору “отуруп кеткен жеринде 30 куплет ыр калган, жүрүп кеткен жеринде жүз куплеттен ыр калган” деп тамашалап коюшчу эле. Турган жеринен эмне көрсө ырга салып жамактай алчу. Мен дагы ошентип жамактата алам.

– Төкмө акын болууну, айтыштарга чыгууну каалаган жоксузбу?

– Башынан бирөө жол көрсөтүп, комуз берип үйрөтүп топко кошсо, балким, болсо болуп кетет белем.

– Азыр деле кеч эмес да...

– Азыр бир карасаң кеч эместей, бир карасаң кечтей сезилет. Төгүп жамактаганга караганда, жазгандан жан дүйнөм эс алат. Азыр мага “жамактап айтасыңбы, турган жерден айтасыңбы?” деп таң калып жатышпайбы, биз эл таң калбаган доордо жашадык. Мурда эң чабал кыргыз мендей сүйлөчү. Баары санжыраны, наркты, кааданы, салтты, тарыхты билишчү. Азыр мени “көркөм сүйлөйт, сөз багат, жамактайт” деп таң калышкан жерде уялам. Ыраматылык атамдын жөндөмүнүн төрттөн биринчелик жамактоо жөндөмүнө ээмин. Ал киши комуз үйрөнбөй калган, мен да комузду өздөштүрө алган жокмун. Комузу жок айтышка чыгарса, жамактап айтып кете алам, бул мактаныч эмес. Балким, анын да кези келет.

– Ата-энеңиз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз...

– Атам 30 жылдай Токтогул ГЭСинин күзөт жагында иштеди. Жогорку билим албай калдым деп арман кылчу. Бирок аябай көп китеп окуйт эле, элдик дастандарды жакшы билчү. Мен атам окуган китептин жарымын окуган чыгармын. Эл мага “элдик эпосторду катуу окуган кишисиз” деп таң калышат. Мени деле оку деп эч ким башка-көзгө койгулаган эмес. Атам эмнени окуса, мен да ошону окучумун. Апабыз түбү Токтогулдун Тельман деген айылынан болгону менен, Кара-Көл шаарында чоңоюп өскөн кыз. Атам ошол жакка өрт өчүрүүчү болуп кызматка барыптыр. Апам 11-класста окуп жатканда ал окуган мектептин чатыры күйүп, атамдар өрт өчүргөнгө барып, ошол жерден апамды көрүп жактырып калат экен. Таанышып, сүйлөшүп үйлөнүшүптүр. Апам мээримдүү, алпейим, чыгармачылыкты жакшы түшүнгөн адам. Үйдө 4 эркек, бир кыз болуп 5 бир тууганбыз. Карындашым, иним ыр жазат.

– Ырчыларга да ырдын текстин жазып бересиз. Сиз да обонго ылайыктап сөз жазасызбы?

– Азыр 80 пайыз ошондой болуп калбадыбы. “Чү” деп башталганда Кубаныч Сатаев досума рахмат айтсам болот. Баары Кубанычка “Кусалык” деген ырды жазып берүү менен башталган. Ага чейин “Махабатка багынбайм” деген ырым гезитке чыгып, Мухтар Атаналиев алып обон жазып, Нуриса Абазова ырдап чыккан. Аябай сүйүнгөм. Сөздөрүмө обон жазылып, ал жагынан да эл оозуна илинип кетем деп ойлогон эмесмин.

– Азыркы ырлардын тексттерине сын айта аласызбы?

– Көп жаш ырчылар “жеңил сөздөрдү жазып бериңизчи” деп келишет. Илгери акындын ырын окуп отуруп “ушул эмне деген сөз экен?” деп аны издеп сөздүктөн карап, “баланча акындын ырынан ушул сөздү үйрөндүм, маанисин билип алдым” дешчү да. Кээ бир сөздөрдү “эл түшүнбөй калат, жөнөкөй кылып бериңиз, сөздөрдү кайталанма кылып жазыңыз” деп келишет.

– Эл түшүнбөй калат деп жеңил сөздөргө ыктай берүү туурабы?

– Туура эмес. Биз элди тарбиялашыбыз керек, биз элдин өкүлүбүз да. Ырлар менен элге таасир бере алсак, ыр аркылуу бир нерсе үйрөтсөк жакшы болмок. Ошондо ырлардын да деңгээли бийик болмок.

– Тамадалардын кандай кемчиликтери бар?

– Мурун мен той алпарам десем элдин баары суктанышчу, азыр той алпарам десем эч ким деле таң калбайт. Азыр эринбегендин баары той алпарат. Тамадалыкты кесип катары эмес, акча табуу булагы катары көрүп алгандар көбөйдү. Эки сөздүн башын кошо алса эле той алып бара алам дешет. Бирок наркты, салтты унутуп калып жатабыз. Жаш алпаруучулардын бирден-бир кемчиги ошол. Жер-жерлердин өзүнө тиешелүү кулк-мүнөзүн, салт-санаасын билишпейт. Той алпаргысы келгендин ар бири “Манасты” окушу керек деп ойлойм. “Манасты” мындай кой, жөнөкөй китеп окубай, эптеп конокторго сөз берип, оюн уюштурганды билсе эле той алпара алам деп эсептешет. Анын жетегинде бул кесиптин кадырын тайыздатып алгандай болуп жатабыз.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз...

– Мен Баткендин күйөө баласымын. Келинчегим менен университеттен таанышканбыз, 5 жыл сүйлөшүп баш коштук. 2 уул, бир кызыбыз бар. Ата-энебизге ыраазычылык айтышыбыз керек, бала тарбиялоо татаал экен. Атам сыяктуу тарбия бере албай калган учурда атама баа берем. Атамдан бир нерсе сурасам, жообун билбей какачу эмес. Мен балам сураганда кээде жооп таппай калам. Уулдарым комуз чертишет. Кызым ырдаганга кызыгып жүрөт. Бир баламдан сөзсүз чыгармачыл адам чыгышы керек деп ойлойм. Чыкпаса, “Салимбай деген манасчынын уучу түгөнүптүр да. Бир небереси дагы чоң атасын тарткан жок” деген сөз болуп калбаса экен дейм. Бул нерсе мени түйшөлтөт, ойлондурат. Балдарымдын бири жок дегенде ыр жазса деп тилек кылам.

– Тилегиңиз ишке ашсын! Ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан