ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ЖАҢЫ МАКСАТТАР МЕНЕН БАШТАҢЫЗ!

Эски жылдын жыйынтыгын чыгарып, жаңы жылга жакшы ой-тилектерди ойлонуп жаткан учуруңуз болуш керек. Көп учурда максат коюп, бирок ал сөз жүзүндө гана калып калат. Максат канткенде ишке ашарын бул жолу психолог, Барчынай Таникулова айтып берди. Көрсө, баары биздин мээбизден көз каранды экен.

– Жаңы жылда максат койгон туура дешет. Эмнеге?

– Максат – жашообуздагы компас деп элестетсек болот. Жаңы жыл – ишенимдин образы, кереметке ишенген, эмоцияларга толгон майрам. Кичинебизден ушул нерсеге көнүп калганбыз, программа катары мээге сиңип калган. Туулган күндө, Жаңы жылда адамдарда эмоция жакшы иштейт, андыктан Жаңы жылда максат койгон жакшы. Жаңы жыл жакшылыктын башаты, жаңы нерсенин жашообузга кириши деген символикалар да бар эмеспи.

– Максатты кантип туура коюш керек?

– Узак жана кыска мөөнөткө максат койсок болот. Кээде 5-10 жылга койсок туура. Алгач максатты кыска мөөнөткө коюп, ошого жетип ишке ашырып алсак, анан чоң максаттарга жетүү оңой боло баштайт. Мисалы, “2 ай аралыгында арыктайм” деген сыяктуу... Максатты ишке ашырууда энергия күчтүү болушу керек, ал эми энергияны эмоция жаратат. Демек, эмоция плюста болушу кажет. Максат койгондо ошол нерсеге адам өзү 100 пайыз ишениши керек.

Мээбизге максаттарды тизмектеп алабыз. Бирок ишке ашарына көзүбүз жетпей турган максаттарды белгисиз мөөнөткө жылдырып коёбуз. Ушул жерде белгилей кете турган нерсе, кереметтерге ишенген, бала кыял адамдар максаттарына тез жетишет. Акылына эле таяна берген анализи күчтүү адамдардын каалоосу тез аткарыла койбойт. Максат койгондо акыл эмес, ишеним күчтүү болушу керек. Акылга таянган адамдар көп иш жасашы зарыл, акыры алардыкы да ишке ашат.

– Максат коюуда фокусту эмнеге багытташ керек?

– Бардык нерсеге мээ жооп берет. Материалдык нерсе алгач мээде жаралат, мээңизде эмне болсо сиздин жашооңузга ошол абалдар өздөрү эле келе баштайт. Мисалы, бир жаңы нерсе ойлондуңуз, ошол ой нейрондорго таасир берип иштей баштайт. Мээдеги ойду ишке ашыруу үчүн биз фокусту туура коюшубуз керек. Мээнин фронталдык бөлүгү фокус үчүн иштейт. Мисалы, бир кымбат машине алам десеңиз, ошону жолдон көрүп, интернеттен карап, суктанып, ал тууралуу изилдей берсеңиз мээ ошого көнөт да, кайдан-жайдан эле ал нерсени сиздин жашооңузга тартып келет. Ошондуктан максат койгондо фокус маанилүү.

– Максат коюуда адамдын ички абалы да роль ойнойбу?

– Ички абал таасир берет. Максат коюп жатканда адамдын каалаган нерсеси аябай кызыктуу болсо, ага жетем деген каалоосу оттой жанып турса, адамда бакыттын гормондору иштелип чыгат. Ал гормондор көп энергия бөлүп чыгарат. Мисалы, бир бизнести ишке ашыра турган болсо, адам ошону ойлонуп эле бактылуу боло берет. Мындайда максат тез ишке ашат. Максат коюп, бирок ал өзүнө анчалык кызыктуу болбосо же “менин колумдан келбейт” деп корко берсе, ал ишке ашпай калат.

– Визуализация канчалык жардам берет?

– Мээбиз биз каалаган образды так, туура жана эмнеге керек экенин ажырата алганда ошол нерселерди ааламдан тартып келип биздин жашообузга киргизе баштайт. Кыялдануу керек, максатыбызды көз алдыбызга канчалык сонун элестетсек, ошончолук эффективдүү болот. Ал үчүн жомокторду окуш керек, фантастикалык көркөм фильмдерди көрүш керек.

– Кадамдар, чоң, кичине...

– Дароо эле үй, унаа, же кол жеткис нерсени кыялданып алып “ишке ашпай жатат” деп кейий бербеңиз. Анткени сизде көнүп калган программа бар. Аны өзгөртүү үчүн алгач майда нерседен баштаңыз. Көптөн бери кыялданып жүргөн саякатка чыксаңыз же жакшы көргөн сумкаңызды сатып алуу менен максаттарды ишке ашырып баштасаңыз болот. Анан мээдеги программа максатка жетүүнүн жолун таап алгандан кийин чоң максаттарды коё баштасаңыз болот.

– Максат коюп, аракеттенип, бирок ага жетпей калган адамдар да көп...

– Ооба, максатка жетпей калуунун бирден бир күнөөкөрү – мурунку программалар. Ал этектен тартып “колуңдан келбейт” дей берет. Максатты так коюудан жаңылбаңыз, кээде өзүңүз каалаган нерсени эмес, элдин сизден талап кылган нерсесин деле максат деп алышыңыз мүмкүн. Так өзүңүз эмне каалаганыңызды билиңиз. Дагы бир ыкма бар, адам жатар алдында эмнени ойлоп жатса биз уктап жаткан маалда мээ ошол ойлор менен иштей берет. Фокусу ошол жакта болот. Демек, жатарда жакшы максаттарды коюп, позитивде укташ керек. Бул абал уйку-соонун ортосунда турган абал. Уйкусурап турган маалда жашооңуздагы эң жакшы көз ирмемдерди кыялданып жатканга аракет кылыңыз.

– Максатка жетүүнүн дагы кандай техникалары бар?

– Түрдүү техникалары бар, алардын бири – максаттарды блокнотко жазуу. Муну тажрыйба кылып көрүшкөн. Максаттарын блокнотко жазып жүргөн студенттер 5 жылдан кийин байкашса ийгиликтүү боло алышкан. Кээде каалаган нерсесин сүрөткө тартып катып койгон да ыкма бар. Айтор, көп.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Батя брат
2023-01-09 09:38:00
Мен былтыр койгон максатарым 95% аткарылды! Адам өзүнө бир максат койуп жашаш керек экен!
+2
№ 1048, 6-12-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан