Курал Чокоев, ырчы: «ШОУ-БИЗНЕСТЕ АТААНДАШТЫК ЖОГОЛУП КЕТТИ»

Курал Чокоев дегенде көз алдыбызга шляпачан мырза тартылат. Кесиби актёр болсо да өзүн ырчылыктан сынап, бир нече эл аралык сынактарга катышып ийгилик жаратууга жетишти. Шоу-бизнесте өз ордун таап, сыйга да татып, кээде сынга да кабылып жүргөн Курал мырза соңку мезгилде чыгармачылыктан алыстай түшкөн эле. “Кайрадан билек түрө ишке кириштим” дейт. Ырчыдан быйыл жакшы ырларды күтө берсек болчудай.

– Саламатсызбы, Курал мырза? Жыл жаңырары менен ыр жаздырып баштапсыз, быйыл катуу иштейин деп чечтиңизби?

– Саламатсыздарбы? Ооба, бул жылды чыгармачылыктын жылы деп атадым. Чыгармачылыкка катуу киришем. Себеби мурдагыдай иштебей, чыгармачылыктан эс алып жүргөнүмө эки жылдын жүзү болуп калыптыр. Ыр жаздырсам дагы эки-жакка кеңири таратпай өзүмдүн Ютуб каналыма жүктөп коюп эле жүрдүм. Фонограмма боюнча мыйзам да күчүнө киргени жатат. Эгер бул мыйзам иштесе, чыныгы таланттуулар, профессионалдар топ жарып чыгат деген ойдомун. Мен дагы ошолордон калып калбайын, аралашайын деп жатам (күлүп).

– Айрымдар “фонограммасыз ырдоого шарт жок” деп нааразы болушууда. Демек, бул демилгеге сиздин көз карашыңыз түз экен да?

– Ооба, көз карашым түз. Мен өмүр бою эле жандуу үн менен ырдап келе жатам. Элди алдаганды жаман көрөм. Кайсы жерде болбосун жандуу ырдаганга аракет жасайм. Буга чейин 12 жылдай ресторан-кафелерде ар кайсы стилде, ар кандай аппаратурада, ар кандай контингентте ырдап келгем. Аппаратура сапатсыз дей бербей, кайсы жерде болбосун жандуу ырдаса болот. Бул эми тажрыйба жана ырчынын профессионалдуулугунун деңгээлине жараша нерсе. Ырдай албаган киши шарт түзсөң деле ырдай албайт. Бул мыйзам жаңы министр келген сайын эле кабыл алынып, бирок ишке ашчу эмес. Бирок бул жолу иш-чара, концерттер өтө турган жайларда катуу тыюу салынып, текшерүүлөр жүрүп жатыптыр. Анткен сайын шоу-бизнес чөйрөсү уу-дуу түшүп жатат. Демек, мыйзам иштей баштады. Ушуну менен мыйзам иштеп кетсе, иргелип отуруп таланттуулар гана калат деп ойлойм.

– Чыгармачылыктан оолактап кетишиңизге эмне себеп болду?

– Эмнегедир ошондой абал болду. Концерт, той, иш-чараларда ырдап жүргөнүм менен, мурдагыдай ырларды кеңири таратып, клип тарттыргым келген жок.

Шоу-бизнес деле шар аккан суудай эмес, көлчүктөй болуп калдык. Бир жерде эле калкып, баягы эле патефонду ойнотуп коюп, бирдей ыр жазып, бирдей клип тартып баарыбыз эле окшошуп калдык. Чыгармачылыкта атаандаштык жоголуп кетти. Хайп жаратып Ютубдан бир долбоор алып чыгайын десем, ал дагы болбой калды (күлүп). Ал долбоор жасап көрөйүнчү деген эксперимент болчу. Жаш курактыкпы, чыгармачылыкпы, айтор, бир каатчылык болду. Ырдагым келбей, мотивация жок болуп калган. Быйыл, буюрса, иштегенге маанай, мотивация жакшы.

– Бул ортодо эмне иштер менен алек болдуңуз?

– Ар кандай бизнестерди жасап көрдүм. Бирок жан дүйнөң баары бир чыгармачылыкка тарта берет экен.

– Бизнестер жүрүштүбү анан?

– Бизнес дегенде биз эми чоң бизнес жасабайбыз да. Бир нерсе ачып көрөбүз. Жүрүштү, окшошту. Бирок баары бир башка чөйрө экен. Жан дүйнөм менен берилбегендиктен ал жакта өзүмдү тапкан жокмун. Бирок көп тажрыйба топтодум. Чыгармачылыкта интрига көп деп жамандап калабыз го. Башка жакта мындан дагы жаман экен.

– Корей маданият өкүлдөрү менен жүргөнүңүздү көрүп калдык, алар менен кантип алака түзүп калдыңыз?

– Алдыда чоң долбоорлор бар. Буюрса, Түштүк Корея менен Кыргызстандын ортосунда медиа-көпүрө түзүлүп жатат. Кореянын бир продюсери Бишкекте продюсердик борборунун филиалын ачып жатат. Мурун биздин ырчылар Кореяга мекендештерге гана концерт коюп жүрүшсө, эми, буюрса, корей ырчылары менен аралашууга жол ачылат. Ал продюсерди Кореяда иштеп жүргөн Нури деген айым алып келип жатат. Мен өзүм ачык адаммын да, ишти кылдаттык менен жасайм. Мени тааныштар сунушташыптыр, макул, иштешип көрөлү дедим. Бул жактагы иштерге жол көрсөткөн жагынан жардам берип жатам.

– Хейтерлериңиз көп экени байкалат, алардын сөздөрүнө маани бересизби?

– Башынан эле хейтерлер толтура. Мурда маани берчүмүн, азыр көңүл деле бурбайм. Ушундай бир учур болот, андан сынбай өтүп кетсең баары бир болуп калат. Бирок менин күйөрмандарым капыстан келип калган эмес, чыныгы күйөрмандар.

– Сыртыңыздан бой көтөргөн адамдай көрүнөсүз, сизге жазылган билдирүүлөр да көбүнчө ушул таризде жазылат экен.

– Негизи студент кезден бери эле мени тааныбаган адамдар ушинтип ойлошот. Таанышып, дос болуп калгандан кийин “сени аябай бой көтөргөн, зөөкүр адам деп ойлочумун, сонун адам турбайсыңбы” деп айткандар көп. Бул сөздү азыркыга чейин эле угам. Бир актриса мага “сен жанагы “Ак кемедеги” Орозкулга окшошсуң, ээ?” дегенде жаман болуп кеткем. “Бул комплиментпи же эмне...” десем, актёр катары комплимент деди. Бирок Орозкул терс каарман да, көзгө жат көрүнөт го. Анализ жасаганды жакшы көрөм да, демек, сырттан караганда Орозкулдай көрүнөт окшойм деп калам. Бирок досторум өтө көп. Дос болсом катуу дос болом. Бирөө менен урушуп кеткен учурлар аз кездешет. Негизи эле жакшы адаммын (күлүп). Мени жакшы тааныган адамдар жанымдан кетпейт, анткени мен жакшылыктан башка нерсе жасабайм.

– Үйдө кандай атасыз?

– Үйдө жакшы эле ата окшойм. Кызымды аябай жакшы көрөм. Болгон нерсемди үй-бүлөмө арнагым келет. Келинчегим деле “жакшы күйөөсүң” деп калат (күлүп). Үй-бүлөмдө жакшы жаңылык бар. Наристе күтүп жатабыз. Марттын башында, буюрса, экинчи кыздуу болобуз.

– Сонун жаңылык экен. Жубайыңыздын аман-эсен көз жарып алышына тилектешпиз. Ал эми сизге ийгилик!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан