“Жаз жамгыры жаайт экилеп, тахти-тахти, тах-тах” деген саптар менен коштолгон ыр мындан бир нече жыл мурун хит болсо да, күнү бүгүнкүдөй жаш-карынын эсинде. Аны так секире ырдаган кыз азыр бир кыздын энеси, бакыйган окуу жайдын деканы. Мына ошол декан Асел Турдалиеванын кыргыз эстрадасына кошуп келе жаткан салымы да зор.
– Асел айым, Жаңы жылыңыз менен, Коён жылын кандай тостуңуз?
– Бул жылды башка жылдарга салыштырмалуу өзгөчө маанай менен тосуп алдым. Бир туугандарымдын колдоосу менен Мерседестүү болдум. Жыл жаңырар күнү сагынып күтүп жаткан кызым Бегайым келди. Кызыма белек жасайын деп үйдү толугу менен оңдоп-түзөп чыккам. Мен ойлогондой эле кызым: “Апа, мен башка үйгө келип калдым окшойт”,- деп таң калды. Ал дагы мага чоң белек ала келиптир. Бардык сабактарынан “5” деген баага жетишиптир.
Көп жылдардан бери өз колум менен жайылган дасторкондун көркүн ача элек экем, жакшы кожойке болдум. Саат 12ни кызым, анан эң жакын адамым менен өзгөчө сүйүнүп тосуп алдым.
– “Сагынып жаткан кызым келди” дегениңизди кандай түшүнсөк болот? Бегайым жаныңызда эмеспи?
– Кызым Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы кыздар-түрк лицейинде окуйт, 7-класста. Борбордо деле түрк лицейлер бар эмеспи, көлгө жиберген себебим, ал жактын абасы таза, кыздары жөнөкөй, окутуу деңгээли да жогору.
– Жакшы. “Сүйгөн адамым бар” деп эле келесиз, ал адамдын бетин качан ачасыз? Генерал деп уктук элек...
– Ал адам туурасында азырынча ачык айта албайм. Ачык айта албайм десе, үй-бүлөсү бар экен деп ойлоп калбагыла, андай эмес. Сөз жөн жерден чыкпайт эмеспи. Сүйгөнүмдү генерал деп уксаңар чын эле, балким ошондойдур, ха-ха...
– Көпчүлүктүн “Асел турмушка чыгып алса болот эле” дегендерин угуп калам, анда сизди жолдошу бар деп билсек болот турбайбы?
– Жок, турмушка чыга элекмин. Ар бир адамдын өзүнүн сүйгөнү болот, туурабы? Менин сүйгөнүмдү жакын тааныштарым, досторум, туугандарым эле билет. А балким, дагы деле мен издеген адам ушул экенине анча ишене электирмин.
– Учурдагы иштериңиз туурасында кенен айта кетесизби?
– Искусство институтунда иштеп жатканыма быйыл 10 жыл болду. Сырттан окуу бөлүмүнүн деканымын. Ал эми күндүзгү бөлүмдө сахнадагы кыймыл-аракет, сүйлөө маданияты, үн коюу, рекреология (чарчагандан кийин эс алуу) деген сабактардан берем. Андан сырткары Коргоо министрлигинин оркестринде дагы эмгектенем. Ал жакка жумасына эки жолу барам. Мен үчүн сахна менен мугалимдик кесип бирдей эле болуп калды. Ал эми жеке концертимди былтыр бергем. 2011-жылга да пландап жатам, жаңы ырларым аябай көбөйдү. Жаш кездеги ырларыма салыштырмалуу азыркылардын тематикасы таптакыр башкача. Азыр деле сүйүү дечи, бирок мааниси мурункуга караганда бир топ терең. Ырларым өзүнчө, клиптерим өзүнчө жыйнак болуп чыкты.
– Азыр эле телефондон кызыңызга, “атаңа айтып коём” дедиңиз. Кызыңыз атасы менен катышабы?
– Биз Бегайым бирге чыкканда ажырашкан элек. Кызымдын атасы менен катышышына эч качан каршы болбойм. Каршы болгонго акым да жок. Экөө бири-бирин аябай жакшы көрүшөт. Айрым аялдар тирүү турган атасын “өлүп калган” деп баласы менен катыштырышпайт. Атасы экөөбүздүн ажырашып кеткенибиз кызыбызга таасирин тийгизбеши керек. Балага эне дагы, ата дагы керек. Мен ойлойм, кээ бир аталарга караганда Бегайымдын атасы төөлүк өйдө. Бирок атасы экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок. Таптакыр эки бөлөк адамбыз. Мен Кудайыма ыраазымын, эки башка адам экенибизди эрте билип ажырашканыбызга. “Мейличи эми, жашай берейин” деп чыдай берсем, ушул деңгээлге жетмек эмесмин. Анда чүнчүп кетмекмин. Мына, анын жамандыр-жакшыдыр өзүнүн үй-бүлөсү бар, балдардын атасы дегендей.
– “Чүнчүп кетмекмин” дегениңиз кандай?
– Ал менин костюмума, ырыма чейин кийлигишчү. Ырчы жүрөгүндөгү ырды ырдайт да. Тигил болсо “мындай ыр болбойт. Кимге чыгарып жатасың?” деп кыйнай берчү. Аябай майдачыл адам эле. Ачыгын айтыш керек, кол да көтөрчү. Бир эмес, бир нече жолу ыза кылган.
– Сүйлөшүп эле үйлөнгөнсүңөр да...
– Ооба, жарым жыл сүйлөштүк. “Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?” дегендей эле, сүйлөшүп жүргөндө жаман жагын көрсөткөн эмес. Турмушка чыкканыма жарым жыл болгондо өкүнө баштадым. Эки башка адам экенибизди түшүнгөндөн кийин аман-эсен төрөп алайын, анан акырын эле жылып кетейин деп чечтим. Андан кийин деле канча жигиттер колумду сурады, бирок күйөөдөн таптакыр көңүлүм калыптыр.
– Бегайымга бир тууган, сизге бала керек дегендей. Турмушка чыгып, бала жытын жыттайын деген пландарыңыз жокпу?
– Элүү жаштагылар деле төрөп жатышпайбы. Менин деле чоң үмүтүм бар. Кызым “мага сиңди, ини керек, апа” дей берет. Кудайым бала берсе жакшы, бербесе эмне кылабыз? Анда кызымдын балдарын багам да.
– Той-топурга сүйгөнүңүздү ээрчитпей жалгыз барганда кыз-келиндер жолдошун сизден кызганышса керек...
– Кызгангандарын сураба. Курбуларым, бир көргөн эле кыз-келиндер деле күйөөлөрүн кызгана беришет. Анда ого бетер чычалатып, “оңой эле тартып алам” деп тамашалайм. Бирок бул сөздөр эч кандай чындыкка коошпойт. Мен мындай нерселерге көнүп калгам.
– Сахнадан көргөн адамга аябай ачык-айрымсыз. Ал эми жашоодо...
– Жашоодо деле ошондоймун. Бирөөгө бир нерсени айтыш керек болсо, түшүнсөң түшүн деп туруп бетке эле тарс айтам. Колумдан эмне келсе, адамдарга жардамымды аябайм.
– Мындан он жыл мурунку Асел менен азыркы Аселдин айырмасы барбы?
– Жаш Асел баарына ишенчү. Сахнада ырдаганына эле сүйүнчү. Энергиясы ашып-ташып, сахнаны чимириле тегеренчү. Ошондогу энергиям азыр деле бар дечи, бирок эми ошентип так секирип жатканымды элестет.
– Азыр деле оңой эмессиз го. Сахнадан түшө калып мырзалар менен вальс бийлеп жибересиз.
– Бир жолу “Полковник” деген ырымды ырдап жатып, бирөөнү бийге тарттым. Ордунан турса эле эки метр. Аябай ыңгайсыздык жаратты. Кетип калсам, капа кылып алчудаймын. Ошондон кийин бийге тартчуларымды өзүмө чакандап, ылайыктап калгам. Бирок кээде шашылыш болгондо тандаганга жетишпей калам.
УЙ СААГАНДЫ БИЛБЕГЕН АСЕЛ
Cүйүн Кулматова
star@super.kg