ФОНОГРАММА МЕНЕН ЫРДООГО ТЫЮУ САЛЫНДЫ. Ырчылар эмне дешет?

2023-жыл маданият, шоу-бизнес тармагы үчүн резонанстуу жаңылык менен башталды. Бул – фонограмма менен ырдоого тыюу салынсын деген буйрук. Мындай буйрукка 2022-жылдын аягында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койду. “Министрликке караштуу бардык мекемелерде (театр, филармония, концерттик зал, кинозал, клуб жана башка) концерттерде, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр 2023-жылдын 1-январынан тартып жандуу үн менен аткарылсын” деп жазылат буйрукта. Ырчылар арасында бул демилгени колдогондор да, каршылар да бар. Алардын аргументтерине көз жүгүртүп көрөлү.

Сыймык Бейшекеев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:

– Ырчы бул эрежени буйруксуз эле өзүнүн жан дүйнөсүндө жашатышы керек. Жандуу ырдоону ырчы милдет деп билиши зарыл. Мыйзамдаштырып койгон да туура. Анткени ар бир төртүнчү киши ырчы болуп, ырчылыкты акча табуунун жеңил жолу катары көрүп алгандар бар. Талап болбосо адам изденбейт. Айгайлап эле “жок, бизде аппаратура жок, шарт түзүлгөн эмес” дей бербеш керек. Көч бара-бара түзөлөт, эгер шарт жок болсо, ырчылар өзүбүз да колдоп, концерттерге өзүбүз да аппаратураларды алып чогуу аракет кылсак, жылыш болот.

Албетте, “медалдын эки бети бар” дегендей, кемчилиги дагы бар. Мисалы, бул буйрук борбор калаада гана иштеп, аймактарда иштебей калышы мүмкүн. Айылдарда маданият үйлөрүн жылуулап, жаңылап, заманбап техникалар менен камсыздап, айтор, толук кандуу шарт түзүү керек. Маданият министрлиги ушул жагын да карап койсо дейт элем. Маданиятка көңүл буруу – бул маданият кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү эле эмес. Мисалы, Жаңы жылдан кийин Ысык-Көлгө төрт жерге концерт коюп келдим, өзүбүздүн аппаратураларды алып бардык. Анткени ал жактагы аппаратуралар талапка жооп бербейт. Жандуу үн эмес, фонограмма менен ырдаганга болбой турган аппаратуралар бар.

Жийдеш Идирисова, ырчы:

– Фонограммасыз ырдасын дегени туура. Бирок буйрук чыгарарда кырдаалга биз тараптан да карап көрүшсө болмок. Улуттук филармониядан башка концерттик залдарда сапаттуу аппаратуралар жок. Жандуу үн менен концерт коюш үчүн алдын ала аппаратураны орнотуп, саундчек кылганга, үндөрдү эстеп калганга музыканттар жокко эсе. Ырчы ырдап бүткүчө башка үндөр кошулуп кетпей, тунук, фонограммадан кем эмес угулгудай кылып тууралап карап турган үн режиссёруна да төлөнүшү керек. Ар бир ырчынын, аспаптардын үнүн эстеп кала турган санариптик атайын аппараттар, пульттар бар. Бирок бул үчүн да адистер керек. Мисалы, мен үчүн үндүн сапаты маанилүү. Анан кайсы бир концертке барсаң, сенин үнүңө эч нерсе туураланбаса, “кандай болсо ошондой ырдай бер” десе, мен тобокелдикке бармак эмесмин. Талап кылып эле койбостон, ага кошо жакшынакай концерттик залдарды салышсын. Бишкекте го мейли, бул буйрукту эптеп аткарса болот, ал эми аймактарда кантебиз?

Марс Мамаев, ырчы:

– Негизинен, мындай буйруктун чыгышы туура. Бирок жакында эле Спорт ордосуна барып ырдадык, “жандуу үн болсун, комиссия бар” дешти. Баягы эле аппаратура, үнүбүз угулуп-угулбайт. Ага караганда ресторандарда жандуу ырдасаң тунук угулат. Кечээ “Сейтек” борборуна барып ырдадык, баары бир жылыш байкала элек. Кайсы жерде болбосун жандуу үн менен ырдасаң, үнүң жаңырбай, тунук угулса жакшы да. Ресторандарда дайым жандуу эле ырдап жүрөм.

Асел Касымова, ырчы:

– Негизи жандуу үн менен ырдагандан коркпойм. Бирок көп жерде баягы эле көрүнүш – жандуу ырдоого шарт жок. Шарт түзүп туруп буйрук чыгарса же буйрук чыккандан кийин деле шарт түзүп берсе жакшы болот эле. Бир жерде микрофон жакшы иштебейт, бир жерде үн жакшы угулбай калат. Башкача айтканда, хирургга кайчыны эле берип “ушуну менен операция жасап бер” дегендей болуп жатат. Анын колуна керектүү шаймандардын баарын бериш керек да. Адегенде шартты түзүп туруп, анан талап кылышса жакшыраак болмок.

Алмаз Шаадаев, ырчы:

– Фонограмма десе эле Пушкин келип ырдап бергендей кабыл алышат. Мисалы, биз студияга барып ыр жаздырганда өзүбүз эле ырдап жатабыз да. Ырдын мүнөзүн таап, ырга жуурулуп ырдайбыз, аны компьютер менен миң жолу оңдоп-түзөгөндө деле ырдай албасаң билинет. Эл өзү тандап иргеп алат. Мыйзам боюнча айтсам, ага каршы эмесмин, бардык ырчылар бир кемедебиз. Азыр кимдин ыры хит болуп жаткан болсо, демек, ал ырчы ырдайт. Буга чейин деле бул мыйзам чыккан, былтыр эле Коомдук телеканалда жандуу ырдайсыңар деген талап болуп, баарыбыз эле ырдаганбыз. Башка мамлекеттерде пульттары, аппараттары менен дароо эле үн “обработка” болуп, дароо тунук чыгат го, бизде андай болбосо дагы ырдап келебиз. Мыйзамга баш ийебиз, жандуу ырдагандан качпайбыз. Ырчы болгондон кийин бул нерсени аябай глобалдуу көйгөй кылбаш керек, мен ишенем, азыркы белгилүү ырчылардын бардыгы эле мындан качпайт. Кыргыз эстрадасында күчтүү ырдаган анан жакшы ырдаган ырчылар бар. Ошолор эл угуп жүргөн ырчылар. “Фонограммага тыюу салынгандан кийин ырчылар иргелет, аны-муну” деп жатышат. Иштеген адам эмгектене берет.

Айдана Дека, ырчы:

– Фонограммага тыюу салуу демилгеси мага жакты. Башка өлкөлөр жандуу үн менен ырдоого эчак эле өтүшкөн. Менимче, бул көптөгөн ырчыларга, анын ичинде мага мотивация берет. Мындан да катуу иштеп башташат, аракеттери күчөйт. Албетте, көптөгөн кесиптештер айтып жаткандай, репетиция кылганга ырчыларга да шарттар түзүлсө мындан дагы жакшы болот. Бул нерсени өнүгүү деп гана түшүнөм, көз карашым түз.

Акбар Сүйүнбаев, ырчы:

– Үнү жок 5 ырчы үчүн кабыл алынган фонограмма мыйзамынын башка, таланттуу маданият өкүлдөрүнө тиешеси деле жок. Кыргызстанда мындан башка толгон токой маданий көйгөйлөр бар. Бул мыйзам, менимче, 3 же 4-жолу кабыл алынып жатат. Ар бир министр келери менен кабыл алынган бул буйрук эл арасында уу-дуу болуп, чоң резонанска айланып жатып калат. А бирок жыйынтыгы жок. Демек, бул жөн гана популисттик аракет...

Салтанат Мамбетмусаева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси:

– Бул фонограмма жөнүндө эмес, вокалдык искусствону өнүктүрүү жөнүндө буйрук. Фонограмманын ичинен биз минуска уруксат беребиз, плюска уруксат жок. Адегенде ушуну тактап алыш керек. Музыкалык искусствонун ичинен аткаруучулук өнөр деген бар, вокалдык искусство, ошону өнүктүрүү негизинде ушул буйрук чыкты.

Минуска уруксат берсек, демек, аппаратура боюнча маселе жаралбоого тийиш. Анткени ошол эле мекемелерде ырчылар жандуу үн менен ырдап келишкен, ырдап жатышат. Ал эми кээ бир ырчыларыбызга аппаратура тоскоолдук жаратып жатса, демек, ал ырчы өзүнө ишенбейт. Анткени чыныгы ырчы аппаратура өчүп калган учурда да токтобой ырдап кете алат. Аппаратура же свет өчөрү менен үнү кошо өчүп калган ырчы чыныгы ырчы эмес.

Болот Тентимишов, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси:

– Бүгүнкү күндө жандуу үн менен концерт коюп, эл аралык деңгээлде чыгармачыл иштерди жасаш үчүн мекемелер заман талабына жооп берчү техника менен жабдылышы керек. Бизде баары бар, ордунда, жабдылган. Мисалы, симфониялык оркестрде 60тан ашык аспап ойнолот, ошондон үндү бөлүп чыгарып, элге мукамдуу кылып жеткиргенге толук жооп берет. Бул нерсе филармонияда көп жыл мурун эле ишке аша баштаган. Улуттук филармониянын салты – жандуу үн менен концерт коюу.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2023-01-18 16:46:00
Мурун хит болсонор эми ит болосунар гырыдап чийпылдап
0
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан