ТАМАДАДАН КЫЗЫК КЕП

Турмушта күлкүлүү, кызыктуу окуялар көп кездешет. Бир жылмайып коюңуз, окурман. Бул жолу той башкарган тамадалар өткөн-кеткенден кеп салып беришти.

Арген Эсенбай уулу: «Шпагатка отура калды эле шымы айрылып...»

– Тойдо оюн ойнотуп жаткан учурда көпчүлүк эмоцияга алдырып жиберет эмеспи. Бир жолу тойдун ээси мени костюмумдан тартып ары чакырган учур видеого түшүп калып, интернетке тарап кетиптир. Ошол видеонун астында тойдун ээсин ашата сөккөн комментарийлерди окусаң жүрөгүң түшөт. Интернетке видеосу тарап кеткен дагы бир кызыктуу окуяны айтып берейин. Бир байке тойдо катуу бийлеп жаткан, бир маалда шпагатка отура калды эле, аласы айрылып кетсе болобу?! Кыраан-каткырык... Дагы бир окуя, мындан 6-7 жыл мурда болгон. Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылына 2 чоң машине менен баратканбыз. Бир машинеде мен аппаратура, музыканттар менен, экинчи машинеде видеооператор, фотографтар, ырчы-бийчилер эле. Жолдон экинчи машинебиз адашып, Көлдүн аркы бетине кетип калышыптыр. А биз берки тарабына бармакпыз. Тойду баштайлы десек эле тигилер жок, телефон чалсак Көлдүн аркы бетинде жүрүшөт. Тойго келчүнүн баары келип күтүп отурушат. Тигилер келгиче абдан ыңгайсыз болгом ошондо.

Тимурлан Тилеков: «Адашып Кара-Кулжага эмес, Оштогу кафеге барып алыпмын»

– Тамадалыкты 2010-жылдары баштагам, анда Кыргызстандагы эң жаш тамада мен элем. Ал кезде жалаң улуу жаштагы тамадалар той алпарышчу. “20 жаштагы тамада да той алпарабы?” деп таң калышчу. Жаш тамадалар 2015-жылдары “Тамашоу” долбоорунан кийин көбөйдү. 10 жылдан бери элдин жакшылыктарында кызмат кылып келатам, кызыктуу окуялар көп болот. Бир жолу Ысык-Көлдүн Ананьево айылына тойго бардык. Той башталарда костюм-шымымды киейин десем эле шымым менен туфлим жок. Смокинг костюм болчу, башка шым менен жарашпайт. Дүкөндөргө барсак баары жабык. Анан музыкант баланын костюм-шымын кийдим, ал арык бала эле, гамаж кийип алгандай болуп калдым. Айла жок, тойду баштан-аяк эптеп алып бардым.

Бир жолу кыз узатуу тоюн кызы жок өткөргөнбүз. Анда азыркыдай онлайн байланыш деген нерсе жок болчу. Турмушка узап жаткан кыз Америкада экен, ресторанга анын сүрөтүн коюп коюшту. Кудалар кадимкидей эле ырым-жырымын кылышкан.

Дагы бир жолу Ошко тойго буюртма алып, той ээлери айткан кафеге барып күтүп отурсак, башка тамада келип калды. Той ээсине чалсак “ошол эле кафе” дейт, тактап сураштырсак биздин той Кара-Кулжада экен. Көрсө, Ош шаарында да, Кара-Кулжада да окшош аталыштагы кафе бар экен, биз шаардагысына барып алыптырбыз. Биз жеткиче бир жарым саат өтүп кетти, тойду баштабай, эки жаш да ичкери кирбей бизди күтүп турушуптур, ошентип саат 7де деген той 9да башталган.

Улан Сыдыков: «Той күнү кыз качып кетип...»

– 6-7 жыл мурун тойдо жакшы бийлегендерди тандап алып, оюндун экинчи бөлүгүндө аларды атактуулардын образында киргизчүбүз. Мисалы, Расул Маматкулов, Алла Пугачёва, Верка Сердючка, Тата Улан жана башкаларга окшоштуруп кийинтип, алардын ырын коюп фонограмма ырдатчубуз. Бир тойдо ошентип 3-4 кишини кийинттик. Катары менен залга киргизип жатсак эле Тата Уланга окшоштурган кишибиз жок. Ары жак, бери жактан издеп таппайбыз, акыры жардамчым, атын билбейт да, дааратканага барып Тата Улан деп кыйкырса ичинен “оу” деп коёт имиш. Көрсө, ошол учурда кыстап калган экен.

Дагы бир кызык окуя. Үйлөнүү той күнү түштө кыз жигитине “мен турмушка чыкпайм” деп СМС жазып, телефонун өчүрүп жок болуп кетет. Ага чейин кудалар калыңын берип, себин алып баарын бүтүрүп коюшкан. Той күнү кызды үйүнөн алып чыгып, кечинде ресторанда той өтмөк. Жигиттин достору, ата-энеси кыздын үйүнө келип табышпайт. Тойго чакыруулар берилип калган. Эки тарап талашып-тартышып отуруп, акыры кыздын ата-энеси кыздын курбусун “кыздын ордуна тойдо отуруп бер” деп шаардан чакырышат. Курбусу кадимкидей той көйнөктү кийип, жаштардын сейилдөөсүнө чыгып, кечинде кадимкидей той өттү. Кыздын бир шарты – келиндин бетин жаап турган торду ачышпайт. Анан акысына 20 миң сом бермек болушат. Качып кеткен кыздын ата-энеси да кадимкидей эле роль ойношкон, мен да качып кеткен кыздын атын айтып той алпаргам. Кадимкидей эле спектакль койгонбуз. Тойдо башка кыз отурганын эч ким билбей эле калган. Тойдон кийин тиги кызды биротоло эле алып калалы дешсе, кыздын куда түшүп койгон жери, жигити бар болуп, жаштар баш кошпой калышкан.

Жылдызбек Султанкулов: «Жар-жарчынын үкү топусу тоголонуп...»

– Бир жолу кайсы бир айдын 21ине деп тойго буюртма алып, ырчы Гүлсүн Бостонкулова, жар-жарчыбыз болуп Бишкектен Кочкорго жөнөдүк. Кочкорго барып той ээсине “биз келип калдык” деп чалсак, той ээси “той кийинки айдын 21и эмес беле?” дебеспи. Көрсө, биз шашып айын тактабай чыгып алыптырбыз. Же Бишкектен жөнөөрдө эле чалбайбызбы. Кайра артка кайтканбыз.

Бир кыз менен дуэт жаздырып, экөөбүз тойлордо фонограмма менен ырдап жүргөнбүз. Бир күнү тойдо ырдап жатканымды унутуп эле, той ээси менен сүйлөшүп ары басып кетип калыптырмын. Тиги кыз аябай ыңгайсыз болуп, же басып кете албай ырдап туруптур. Ал кырдаалдан тамашага салып чыгып кеткенмин. Бир жолу Бишкек шаарындагы тойканалардын бирине барсам, Камчы Сарыбаев байке келип калды. “Качан, кайсы тойканага эле?” десем ушул дейт, анан экөөбүз той ээлерине чалып такташсак, ал күн 1-апрель экен да, Камчы байкени бир таанышы тамашалап, кайра тамаша экенин айтпай коюптур.

Бир жолу жар-жарчыбыз ырдап эки жашты жүгүнтүп жаткан, бир маалда ылдыйыраак эңкейип алганбы, башындагы үкү топусу тоголонуп кетпеспи. Эки жаш тиги жакка кетип баратат, үкү топусу бери жакка тоголонуп келатат, өзү топусунун артынан баратат. Күлкүлүү көрүнүш болгон.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1049, 13-19-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан