Жаңы сериал
Адилет таңкы уйкуда жатса да, сырттан угулган аттын дүбүртүнөн өзүнүкү экенин тааныды. Атын алып кеткен Мыктыбек аба жайлоодон келиптир да деген ой менен жылаңайлак сыртка чуркап чыкты. Ойлогонундай эле Мыктыбек Карачаңды бастырып короого кирип келди.
– Аа, Терминатор аба, келип калдыңызбы?- деп Адилет тамаша аралаштыра жылмайды.
– Оо, атаңдын оозун урайын, сен мени Терминатор деп, элдин баары Терминатор дей турган болду. Жакында атам койгон атым унутта калат го!
– Ээ, Мыктыбек аба, Терминаторго окшош болсоңуз ошентип атайм да. Кайра сүйүнгөндүн ордуна жемелейсиз. Терминатор кандай кыйын билесизби?..
Чындыгында, бир караган адамга Мыктыбек “Терминатор” киносундагы баш каарманга окшош эле. Бою да 2 метр чамалуу, кең далылуу, сөөктүү, кыскасын айтканда, илгерки заманда жаралып калса баатыр болмок. Анысы аз келгенсип Миң-Жылкы айылына барганда айылдын шумпайлары кетмен менен башын жарып коюшкан. Башында андан калган чоң тырыгы бар. Бетинин териси да сүйлөгөндө тартышып турат. Айтор, Терминатордун эле өзү. Башына кетмен жегиче Мыктыбек токойчулардын чоңу эле. Токойго эч ким анын уруксатысыз кире алчу эмес. Токойдо тартип болуп, эл ырыскысын талашпай, тең бөлүп кетчү. Тааныш-билиш, тууган-туушкан дебей, элге баары тең бөлүнчү. Азыр деген андай эмес. Баш аламандык өкүм сүрүп турган кез. Жаш дарактар кыйылып, чоңдордун үйлөрүнө отун болуп кетет. Жаңгакты токойчулардын туугандары гана терип сатып, пайдасын көрөт. Кыскасы, токоюбуз “Мыктыбек” деп зарлап турган кез.
Ошол каргашалуу окуядан кийин Мыктыбек 3 ай ооруканада жатып, араң адам болду. Бирок толук өзүнө келе албады. Майып болуп, ишинен да кол жууду. Өзү да өзгөрүп, ачуулуу, түнт болуп кетти. Оо, Мыктыбек мас болгондо айылда иттер да кирерге тешик таппай калышат.
– Мыктыбек аба, сиз жума күнү келем дебедиңиз беле? Эмне, энем чөлгө кууп жибердиби?
– Эй, чечек, оозуңа келгенди оттой бербе да. Энеңдин өзүн төркүнүнө кууп жибербейин. Жума күнү келейин десем, милицияга чакыртыптыр. Мурда лесхоз болуп жүргөндө акча жеген имишмин. Бүгүн барып көрсөтөм аларга акча жегенди.
– Туй ата, милициядагылар акча сындырганга сизден башканы таппай калышыптырбы? Жаңы жетекчи келди деп уктум. Биздин айылдан экен. Өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп-үркүтүп акча өндүрүп жатыптыр.
– А ким экен ал, биздин айылдан болсо?
– Билбейм, аба. Атын Жумаш деп уккандай болдум. Сиз жок, мен айылдын ушактарына аралашпай калгам.
– Аа, атасынын көрү, териштирип алам,- деп Мыктыбек аттан түштү.
Ат үстүндөгү куржундан жайлоодон ала келген курут-май, айран-сүзмөнү алып Адилетке карматты.
Залкарбек Карабалаев
(Уландысы кийинки саныбызда)