«ФИЛАРМОНИЯДА МАЛИКСИЗ КОНЦЕРТ ӨТЧҮ ЭМЕС...» Өзгөчө үндүү Малик Аликеевди эскерүү

Кечээ көргөн бүгүн жок... Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, дастанчы, белгилүү ырчы, айтылуу “Мөлмөлүмдү” катыра аткарган өзгөчө үндүү Малик Аликеев 17-январда 53 жаш курагында оорудан улам дүйнө салды. Мындан жарым жыл мурун маекке чакырганыбызда унаасын айдап келип, ден соолугу жакшы болуп калганын, чыгармачылыкта да жаңы ырларды даярдап жатканын айтып бир төгүлүп берди эле. Бүгүн ага эскерүү арнап отурабыз.

Амантай Кутманалиев, Кыргыз Эл акыны: «ЭЛДИН АГЫМЫН УЛУТТУК КОЛОРИТКЕ БУРА АЛДЫ»

– Кыргыздын маданият, искусствосунда, фольклор тармагында Малик Аликеев досубуздай болуп жалпы Ала-Тоого, кыргыз-казакка эрте таанылган өнөрпоздор өтө аз, сейрек. Ал 1969-жылдын 6-июлунда төрөлгөн, мектеп курагынан эле колуна комуз кармап, айылдык ийримдерге барып, райондук, облустук театрлардын белгилүү артисттери менен чоң фестиваль, концерттерге катышып жүрчү экен. Малик Улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык студияда 1987-88-жылдары окуду. Анын талантын ачууда устатыбыз, СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин көмөгү өтө чоң болгон. Ошол кезде “Мыскыл жана тамаша” деген атактуу долбоор бар эле, ага жалаң Эл артисттери, көрүнүктүү, белгилүү инсандар катышчу. Ошол концертте “Мөлмөлүмдү” өтө бир керемет ырдады. Бир ыр менен жалпы элге атагы чыкты. Студент болсо да жумушка расмий түрдө алынып, Улуттук филармонияда Маликсиз концерт өтпөй калган. Макем биздин улуттук каада-салтыбызды, өнөрлөрүбүздү, “Манасыбызды”, акындыгыбызды жайылта элек учурларда көч баштоочу болгон. Эл ар кандай чет элдик ырларга азгырылып, дүйнөлүк массалык маданият кыргызды каптап, даңкылдак-дүңкүлдөктөр элдин аң-сезимин ээлеп келаткан учурда элдин агымын кайра улуттук колоритке, элдик обонго, улуттук дүйнөгө бурууга чоң үлүш кошту, ушул жагына көп эмгек сиңирди.

«ГАСТРОЛГО ЧЫГАРДА, КОНЦЕРТ БЕРЕРДЕ ЫРЧЫЛАР МАКЕМДИ ТАЛАШЫП КАЛЫШЧУ»

– Экөөбүз чогуу гастролдоп көп жүрдүк. Кайсы жерге барсак да концерттин эң көрүнүктүү номуру, шаңдуусу ушул Макемдики болчу эле. Клубдарга эл батпай, сыртка концерт койгон учурлар болду. Эмгек сиңирген артист наамын жакында эле албадыбы, буга Макем таарынган деле жок. Анткени ал бала кезинен эле элдик ырчы аталып калган.

Чет элден делегаттар, белгилүү дүйнөлүк музыканттар келишсе, Улуттук филармониянын жетекчилиги, режиссёрлору дайыма Маликти чыгарып ырдатчу. Ошондо алар өспүрүм курагында кооз үнү менен дүйнөгө таанылган вокалист ырчы Робертино Лоретиге салыштырышып, Маликке Лорети деп ат коюшкан. Ошол жылдары Макем кыргыздын Лоретиси да аталып кеткен. 1988-жылдан баштап 1995-жылга чейин концерттердин боёгу болду. Эсимде, ошол кездин мен-мен деген таанымал обончулары, ырчылары Маликти концертке, гастролго талашып турушчу. Атүгүл филармониянын кассасынын ошондогу финансылык пландарын толтурган да Макем болгон.

Эстрадалык студияга элеттен келген жаштардын көбү Маликти туурап ырдап келишчү. Экзамен тапшырганда дээрлик баары Маликтин репертуарынан, “Мөлмөлүмдү”, “Арзыканды”, “Таласымды”, “Жаштарганы” аткарышчу. Агайлар “Малик ырдабаган ырлардан билбейсиңерби?” деп күлүп калышчу. Малик жөнүндө айта берсең сөз көп. Ал эпостук, кенже эпостук дастандарды, элдик ырларды ийине жеткире аткарчу.

Тагдыры да татаал болуп калды, эгемендик алган жылдары, маданият тармагы каралбай калган учурда көп азап чекти. Кийин ооруп калып, сахнага көп чыга албай калбадыбы. 2 жолу операция жасатты, акыркы чоң операциясына даярданып жаткан эле. Жаңы жылдын алдында эле чоң концерт берген, баарыбыз катышканбыз. Ошол акыркы концерти болуп калды. Макем апасына өтө жакын киши эле. Баласы Кубат да көп аспаптарда ойногон таланттуу бала.

Макемди достору, жалпы өнөрпоздор унутпайбыз. Аны улуу муун дагы, кийинки муун дагы жакшы таанышат, кыргыз эли сүйөт, Макем дайыма жүрөгүбүздө.

"Супер-Инфо" гезитинин жамааты Малик Аликеевдин жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан