(Башы өткөн сандарыбызда)
Бириктире кармалган үчөөнүн колдору дирилдеп жатты. Бир аялзаты жүрөгүндөгү эң жакын адамдарын тапшырып, экинчиси тагдыр сыйын кош колдоп кабыл алып жатты. Ушундан көп өтпөй Айнура дарылануу үчүн Алматы шаарына жөнөп кетти. Учакка отурар замат жеңилдене дем алып, өзүнчө күлүмсүрөп алды. Жанында отурган сапарлашы анын жайнаган көз карашын байкады көрүнөт.
– Сиз кимдир бирөөгө жолугууга бара жатат окшойсуз. Аябай сүйүнүп алыпсыз.
– Ооба, ашыгып турам.
– Сизди кимдир бирөө күтүп жатат окшойт, ээ?
– Ооба, мени жаңы турмуш, жаңы жашоо күтүп жатат.
Айнура жеңил дем ала отургучка чалкалады.
ххх
Айнуранын операциясы ийгиликтүү өткөнүн угушкандан кийин Рустам менен Айдана үйлөнүүнү чечишти.
Колуктунун аппак көйнөгүн кийген Айдана чимириле бийлеп, күзгүдөн өзүнүн албырып турган жүзүн тиктеди. Ар дайым тереңине сыр катып, муңайым көрүнгөн каректерден бакыттын нуру көрүнүп турду.
– Бол, колукту, коноктор күтүп калды...- деген үндү укканда шашыла жөнөдү. Чоңдордукундай костюм кийип жасанган кичинекей Айдин чуркап келди.
– Апа, гүлдү унутуп баратасың.
– Апа?! Сен мени апа дедиңби?
Чөгөлөй калган Айдана Айдинди жалбара карады. Наристе башын аста ийкей кичинекей колдору менен мойнунан кучактай калып, акырын үн катты.
– Бүгүнтөн баштап сизди апа дейм. Бирок бул сыр боюнча калсын, ээ? Болбосо мамам таарынат да...
Наристенин көкүлүнөн сылаган Айдана бооруна кыса кучактап алды. Эшикти ача бергенде күндүн нуру жарк дей түштү. Күн да анын бактысын кубаттагандай жылмайып турган экен. Рустам жакын келип, анын жүзүнө жадырай карады. Кайнатасы Иман, кайненеси Айшанын да кабактары жаркып турду.
Сиз бакытка ишенесизби, окурман?! Айрым адамдар “толук бакыт жок, бакыт чөйчөгү баары бир бөксө болот” дешет. Бирок Рустам менен Айдананын бакыты толук эле. Бакыт толук болуш үчүн айрым учурда пенделер тагдырдын бир топ сыноолорунан өтүш керек окшобойбу. Бул жолу да ушундай болду.
Нуржамал Жийдебаева
(Аягы)