АЖАРЫНА ТАЛАНТЫ ЖАРАШКАН БИЙКЕЧТЕР

Сулуу десең сулуу, өнөрлүү десең өнөрлүү, айтор, суктанарлык кыргыздын кыздары. Ырчы, төкмө акын, ди-джей кыздарыбыздан табитиндеги мырзаларды сурап көрдүк. Алар тандаган мырзалар кандай критерийлерге жооп бериши керек, окуп көрүңүз.

Үйдү катыра жыйнаган Алтынай Асанбекова

Туулган жери: Нарын облусу, Кочкор району

Туулган жылы: 1993-жыл, 20-февраль

Бою: 161 сантиметр

Салмагы: 55 килограмм

Билими: Улуттук консерваториянын алдындагы 2 жылдык студияда эстрадалык вокал боюнча билим алган. Агрардык университеттин жерге жайгаштыруу факультетин бүтүргөн. Искусство университетинде 2-курста окуп жатат.

Учурда: Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы “Кыргыз руху” ансамблинин солисти, Борбордук армия үйүнүн ырчысы

Жактырган гүлү: сирень, ак роза

Материалдык байлыгы: ырлары

“Жаным, оорутпа жүрөгүмдү” деп ырдаган мукам үндүү ырчы кызыбыздын табитиндеги мырзасызбы-жопу, билгиңиз келеби? Анда көз чаптырыңыз, Алтынайга жөнөкөй, тамашакөй, табышкер, өзүн да, үй-бүлөсүн да жерде калтырбаган, бою узун жигиттер жагат. Аны сүйдүрүп алсаңыз бардык шартыңызга көнөт. Учурдагы материалдык байлыгыңыз маанилүү эмес, табышкер болгонуңуз жетиштүү. Мындай адам жоктон бар кылат деп ишенет ырчы айым. “Бизди карамак белең, жылдызсың да” деген сөздөрдү көп угат экен. Жактырып, бирок кадам таштоого даай албай жүрсөңүз, бул жаңылыштык. Анткени Алтынай коркпогон, өжөр, өзүнө ишенген мырзаларды баалайт. Көңүл бурдуруу үчүн ушул сапаттарыңызды көрсөтүңүз. Анан эми бул сулууну кайдан таап байланышам деп ойлонуп калган болсоңуз, бул боюнча да сизге “шпаргалка” – тамактануучу жайлардан, тойлордон, концерттерден кезиктирсеңиз болот. Сюрприздерди жактырат, андыктан креативдүүлүгүңүздү көрсөтүп, жагымдуу сюрпризиңизди камдаңыз. Инстаграмдан дагы аракет кылып көрүңүз, “чоң кыз таанышып албайлыбы” деген баналдуу сөздөргө жооп бербейт. Эгер өзгөчө сөздөрдү жазып, башкалардан айырмалана алсаңыз көңүлүн бура аласыз. Анан бир аз назданып койсо артка кайтмай жок. Эскертем, Алтынайга өжөр мырзалар жагат. Баса, жаш курак боюнча айта кетейин, “15 жашка чейин улуу болсо, 1-2 жаш кичүү болсо эч нерсе болбойт” дейт ырчы кыз. Эгер анын көңүлүнө толуп, түгөйү болуп калсаңыз ал ар дайым колдоп жаныңызда болот, жакын досуңуз, жакшы келинчек болуп берет. Тамак жагынан анча кубандыра албашы мүмкүн. Бирок “үйдү катыра жыйнайм” дейт ал.

Жакаңызды агартып, үйүңүздүн куту болууга даяр Таттыбүбү Садырбекова

Туулган жери: Ош облусу, Өзгөн району

Туулган жылы: 1994-жыл, 22-август

Бою: 164 сантиметр

Салмагы: Салмактуу )

Билими: Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган

Учурда: “Сүйүнчү” радиосунда диджей жана программалык редактор, актриса, алып баруучу

Жактырган гүлү: “Гүлдүн баары кооз, кучакка гана бата тургудай болушу керек”

Материалдык байлыгы: шаар ичинен батир, тоо арасынан үй, көл жээгинен бир коттедж ашыкча болбойтОозунан көркөм сөзү төгүлгөн алпаруучу, диджей кызыбыз Таттыбүбү Садырбекова “болочок жолдошумдан даанышмандык, акылмандык сапаттарды көргүм келет” дейт. Сиздин айткан сөзүңүз салмактуу болушу керек. Таттыбүбү ошол сөзгө ынанып, таянып, кылган ишиңизге суктангысы келет. Ооба, материалдык байлыгыңыз маанилүү. Өзүнө жана жакындарына шарт түзгүсү келген адам материалдык байлыкка умтулбай койбойт деп эсептейт. “Маңдайга жазылганын көрөбүз, чогуу жетебиз” дегенди шылтоо деп билет, андыктан... түшүндүңүз да. Мээнеткеч, тыпылдап жумуш үстүндө эле жүргөн Таттыбүбү үйдө болгондо үй жумуштарын да мизилдетип жасайт экен. Идиштердин жуулбай жатканын жаман көрөт. Шорулдатып ичкенге шорпону жакшы жасайт, нан үчүн камырды жакшы жууруп, сонун кытырак кылып бышырат. Мына ушундай, мырзалар. Сизден аракет кылуу гана калды.

Анан “бул кыз айылга барып жашабайт да” деп ойлоп жатышыңыз мүмкүн. Андай эмес, “мырза купулума толуп, ата-энеме жагып турса, айылдын да кереметин сезгенге эмне жетсин” дейт ал. Көңүлүн таап алсаңыз Таттыбүбү жакаңызды агарткан, тууганыңызды сыйлаган, дасторконун жайнаткан, үйүн кутка толтурган, балдарын татыктуу тарбиялаган жар болот. Сиз суктанып, улам-улам сүйүп турчу жарыңыз, качан, кандай учур болбосун колдоочуңуз, кээде баёо кезди эске салган эркеңиз да болот. Мээнеткеч кызыбыз дайыма эле жумушта, жумушта, жумушта, андан чыкканда үйүндө болот экен. Анан тоо коюнунан кезиктирип калышыңыз мүмкүн. Баса, көчөдөн жол чыракта турганда да жолуктуруп калышыңыз мүмкүн, рулдагы кыздардын арасынан да издеңиз.

Патриот мырзаларды баалаган Аккыз Абасбекова

Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Токтогул району

Туулган жылы: 2002-жыл, 20-ноябрь

Бою: 158 сантиметр

Салмагы: 50 килограмм

Билими: Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын элдик ырдоо бөлүмүнүн 4-курсунун студенти

Учурда: “Айтыш” коомдук фондунун мүчөсү, “Манас” театрынын төкмө акыны

Жактырган гүлү: Голландия розасы

Сөздүн мыктысын терип, уйкаштыра сүйлөгөн, кыргыз салт-санаасына басым жасаган, патриот, балдарды кыргыз салтына жараша тарбиялагысы келген, суйкайган кыргыздын кызын жубай кылууну ким каалабасын. Бул кыздын жан дүйнөсүн түшүнүп, баалуулуктарына сый көрсөтүп, жүрөгүнөн орун ала алсаңыз сизге жашоосун, жүрөгүн, жакшы сөздөрүн арноого даяр. “Сонун келинчек болом” дейт ал. Ал үчүн, албетте, Аккыздын да талаптарына төп келишиңиз керек. Ал жанынан түшүнүктүү, билимдүү, чечкиндүү, күчтүү, адамгерчиликтүү жана келишимдүү мырзаны көргүсү келет. Анан да эл-жерин сүйгөн кызыбыз үчүн түгөйүнүн да кыргызга күйгөн патриот, элим деген өткүр мырза болушу маанилүү, ошону менен бирге тамашакөй болгону жакшы. Анан да ага көп көңүл буруп, эркелетип, анын ар күнү ар кандай болуп өзгөргөн маанайын түшүнө билишиңиз керек.

Бирок айылга алып кетем дегендер аракет кылбай койсоңуздар болчудай. “Жумушума, окуума байланыштуу айылда жашаганым оор болуп калат. Анын үстүнө уй сааганды билбейм” деп тамашалайт ал. Бирок үйдүн ичиндеги, сыртындагы бардык жумуштарды жасай алат. Кээде гана тамак жасагандан жана идиш жуугандан качып калышы мүмкүн. Андайда сиз сүйүктүүңүздүн көңүлүн көтөрүп койсоңуз эмнеге болбосун. Аккыз кызыбызга көзү түшкөн мырза Инстаграмдан жазса болот. Бирок туура жазып, туура сүйлөшүңүз керек. Болбосо жооп күткөнүңүз пайдасыз. Кечки тамакка чакырсаңыз, жаңылбайсыз. Жагымдуу сюрприздерди уюштура калсаңыз, аныңызды баалайт, кудуңдап кубанат.

Белек алууну жактырбаган Нурмира Асанова

Туулган жери: Ош облусу, Ноокат району

Туулган жылы: 1999-жыл, 26-октябрь

Бою: 165 сантиметр

Салмагы: 60 килограмм

Билими: Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин аяктаган

Жактырган гүлү: гүлдөрдү жактырбайт

Материалдык байлыгы: 2 батири бар

Суйкайган сулуу кыздарыбыздын бири ырчы Нурмира Асановага болсо пейили кенен, жөнөкөй, аз жана саз сүйлөгөн токтоо мүнөз балдар жагат. Ырчы кызыбызды сүйдүрүп алсаңыз, сиз менен кайда болсо деле кете берет экен. Айылда өскөндүктөн бардык жумуштарды жасай алат. Анан да “келинчегим өз алдыбызча жашайбыз десе кантем” деп башыңыз оорубайт экен. “Кайната-кайнене менен жашагым келет” дейт ал. Белек алууну, романтиканы жактырбаганы сизди, балким, таң калтырышы мүмкүн. Нурмира айымдын жүрөгүнөн түнөк таап, сүйүктүү жары болуп калсаңыз белек алып беришим керек, сюрприз жасайт элем деп кыйналбайт экенсиз. Жылуу сүйлөп жүзүнө жылмаюу тартуулап турсаңыз эле болду. Нурмира айым менен байланышкыңыз келсе, Инстаграм аркылуу аракет кылуу майнап бербейт. Менеджерине чалып же түптүз эле ата-энесинин алдына барышыңыз керек.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан