АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Элдардын чөйрөсүнө биринчи жолу аралашышым. Бир досу Дубайда ишкана ачып, ошону белгилеп жатыптыр. Бизди бапырап тосуп чыгышты.
– Оо, наконец-то биздин Элдар сулуусун алып чыкты.
– Аяшты көрө турган күнүбүз бар экен да!
Колдорунда бокал, бир топ эле кызып калышкан экен. Элдарга карабай эле мени экөө эки жактан колтуктай киргизип кетишти. Баары улуу кишилер, эркектери кызыгуу менен, аялдары болсо сынай тиктеп жатышты. Тост артынан тост, бирин-бири мактамай, тамашаламай, каткырмай... Аялдары бири-бирине алтындарын, жасалгаларын көрсөтүп мактануу менен алек. Достор болсо бизнес, акчадан башканы сүйлөшпөйт экен. Ичим бышып, акырын бакчага чыгып кеттим. Айланасы гүлдөр менен курчалган сонун беседка бар экен. Достору Элдардын кой дегенине болбой улам вино ичирип жатышып, мени бир топ эле кызытып коюшту. Кайрадан күүгүм. Үй ичинен каткырык-шаң чыгып, мен болсо ушул тапта миңдеген адамдарга толгон дүйнөдө жалгызсырап турдум. Күздүн алгачкы белгилери байкалып, сыдырым жел ичиркентип жатты. Ушунчалык Арстанды көргүм келип кетти. Өзүмдү карманалбай, көзүмдөн жаштар мончоктой чууруп... Жакшы көргөн оюнчугун колдон жулдуруп, эми канчалык чыргоолонуп чатак салбасын, баары бир ал оюнчукту кайтара албасын сезип турган баладан бетер ыйлап жаттым.
– Аны менен жашаш ушунчалык кыйынбы сага?
Далымдан чыккан үндөн дирт эте чочуп кеттим.
– Баятан бери карап отурам ыйлап жатасың, ыйлап жатасың. Бир туруп кыжырым келип, бир туруп сага боорум ачыды. Эмне, бирөөнү сагынып жатасыңбы?
Элдардын достору эмес, жаш эле жигиттин үнү. Бул үйдөн мындай үн уккан жок элем. Шашып жүзүмдү сүртө кайрылсам, татынакай, узун бойлуу жигит беседканын устунуна жөлөнүп турат. Жүзүмдөгү суроого түшүндү окшойт, колун сунуп калды.
– Сен Айдай болсоң керек, менин атым Султан.
– Ооба, Айдаймын.
– Кандай болду экен деп аябай кызыкчу элем. Айтылган кептер калп эмес экен.
– Эмне кеп айтылды эле?
– Элдар байке атамдын жакын досу. Апам экөө “укмуш сулуу кызга үйлөндү. Өтө жаш” деп эле сөздөрү түгөнбөй калган. Чынын айтсам, сени башкаларчылап улуу кишиге тийип алды деп сындабайм.
– Неге?
– Анткени Элдар байкени жакшы билем. Бул адамды жакындан билген кыз анын байлыгына эмес, өзүнө ашык болуп эле турмушка чыгууга макул болмок. Абдан жакшы, кызыктуу адам. Атама караганда Элдар байке менен көп сүйлөшүп, далай маселени чечкем. Ал мага аяш ата эмес, достой. Сага деле ушул сапаттары байкалса керек?
– Сен айткан Элдарды мен азырынча билбейт окшойм.
– Демек, байлыгына кызыктың?
– Жок, бай экенин уккам, бирок турмушка чыккыча бул кишини кыйратып көрүп, сүйлөшкөн деле эмесмин.
– Анда ата-энең зордоп берип коюштубу?
– Жок, өзүм эле макул болгом.
– Анда неге ыйлайсың?
– Ыйлаганга себептерим көп.
– Кызык, ушундай сулуу кызды ыйлаткан кандай жигит болду экен?
– Мен жигит үчүн ыйлап жатам деген жокмун, ыйлаганга себептерим көп дедим.
– Ал айтканыңды уктум. Бирок жигит үчүн ыйлап жатасың да, чынбы? Кыздар башка нерсе үчүн мынчалык жүрөктү оорутуп, эзилип ыйлабаса керек. Бирок...
– Эмне, бирок?
– Ыйлаганда өтө сулуу болуп кетет экенсиң. Жаш чайып турган көздөрдүн мынчалык сулуу болорун биринчи көрүшүм.
– Комплиментиңе рахмат.
Эмнеси окшош? Көзүбү, сөзүбү, үнүбү? Жок, сүйлөө манерасы Арстанга окшойт экен. Маңдайымда турган узун бойлуу жигит менен көздөрүбүз тиктеше түштү.
– Мм-мм, мынча эмне сулуусуң, ким болду экен, сени ушунчалык азапка салып ыйлаткан?
– Эң бир асыл адам. Ааламда бирөө гана...
– Мдаа, жаштар көрсө ачык абаны жактырышат тура. Айдай сулуу кайда кетти деп издеп жатсак, бул жактан өзүнө шерик таап алыптыр! Жаным, не мынча жоголдуң?
Бир топ эле кызып алган белем, Элдар жаш жигитти көзүнө илбей мени кучактап, өпкүлөп кирди. Бошонгонго аракет кылып жатып Султан өңүн буза бурулуп кеткенин байкадым.
– Демек, ааламдагы жалгыз асылың, ээ? Менчи? Ал катарга кошулбаймынбы?
– Элдар, коё бер, дем жетпей кетти.
– Не мынча сулуусуң, не мынча таттуусуң! Айтчы, ким ошол ааламдагы жалгыз экземпляр? Ким?
Кээде ушунчалык табиятка таарынып кетем. Неге бизди, аялзатын, алсыз кылып жаратып койгон? Бир дагы эркекке алыбыз жетпейт. Бизге деле кара күч берип койсо, ушундай маалдарда кыжырыңа тийген эркекти көтөрө чаап, былчылдата сабап таштасаң...
Мени күйөөмдүн сурагынан досу куткарып кетти. “Тамак бышты” деп келип, Элдардын “ачка эмеспиз, бизге тоскоол болбо!” дегенине койбоду. Кире бериште Султанды көзүм чалып калды. Күлүмсүрөп тиктеп туруптур. “Мени куткарыш үчүн атасын атайы жөнөттү!” Ушундай ой кылт дей түшүп, ыраазы боло сулуу жигитке жылмайып алдым.
Элдардын кулк-мүнөзү күндөн-күнгө өзгөрүп баратат. Жок, мага катуу сүйлөп, капа кылбай эле. Баягыдай эле карегим менен тең айланып, көңүлүмө карайт. Окууга өзүм барып-келип турам дегениме болбой, машина сатып берип, айдоочу кошуп койду. “Же маршрутка менен каттайын, же өзүм эле айдайын” деп суранганыма көнбөдү. Айдоочунун жанымда көлөкөдөй ээрчип жүрүшүн каалабай, корпуска жете бербей машинадан түшүп алып жөө басып барам. Күйөөм бар экенин балдар-кыздарга айткым келбеди. Аа, мен Элдардын мүнөзү өзгөргөнү тууралуу айтып жаттым беле? Ооба, ал абдан өзгөрдү. Эртеден-кечке жумуш, жумуш, жумуш. Дем алыш күндөрү да жумуш менен убара. Үйгө өтө кеч кайтат. Көпчүлүк учурда кызуу. Анан мени кыйнамайы башталат. Башында өтө аяр мамиле жасачу, эми кааласа тиштеп, кааласа мыжып, колу-бутум кадимкидей көгөрүп, кызарып чыкчу болду. Эркектер кызганычын, жинин ушинтип чыгарышат өңдүү.
Билинбей алты ай өтүптүр. Кышкы сессияны тапшырып, кадимкидей жеңилдеп эс ала түштүм. Окуйм деп жакшы эле көшөргөн экенмин. Медакадемиянын абдан татаал, катаал окуусу мени сагынычтан, кусадан, Элдардын жоруктарынан кадимкидей алаксытып жатты.
Бир күнү Элдар ойго-түшкө кирбеген суроо берип, мени ойлонтуп койду. Шаша-буша кийинип мен сабакка, ал жумушка жөнөп жатканбыз. Кокустан кучактай кулагыма шыбырап калды.
– Жан, сен эмне, таблетка ичип жүрөсүңбү?
– Кандай таблетка?
– Бойго бүтүрбөөчү.
– Ж-жжок. Эч нерсе ичпей элемин...
– Андай нерселерди иччү болбогун. Ден соолугуңа эле зыян. Жаш кезиңде төрөп алганың жакшы. Бүгүн сени өзүм жеткизип, өзүм алып келем. Айдоочуну жөнөтүп жибердим.
Ишенесиңерби, бала тууралуу түк ойлобоптурмун. Элестетип алып ичим муздай түштү. Чын эле боюма бүтүп калса кантем? “Турмушка чыккан адам болсоң, күйөөң дайыма жаныңда болсо, анан боюңа бүтпөй коймок беле?!” Өзүмдү өзүм мазактап да алдым.
Бир кезде “эмнеден корксоң, ошол нерсе сөзсүз башыңа келет” деп Арстанга акыл айтчумун, ээ? Канчалык көзү ачыктык кылып жатканымды анда экөөбүз тең сезбеген экенбиз. “Сени жоготуп алуудан корком” дечү, мына, жоготту. Экөөбүз эки жээкте калдык. Эми “боюма бүтүп калса кантем?” деп мен корко баштадым.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
aku
2011-01-14 17:39:57
Korkpo bouna butup kalsa jakshy bolot bala menen alaksyp Arstandy unutasyn.Emi kaidagy Sultan paida boldubu.ufff
0
Elit
2011-01-14 19:31:39
чыдамсыздык менен кутобуз
0
Letty
2011-01-15 01:16:33
Мен дагы бугумду чыгара ыйлагым келип жатат...
0
aika li
2011-01-15 12:13:41
эми Арыстан Арыстан дебей жашай бер да Элдар менен эле
+1
nensi
2011-01-15 14:50:21
men senin ordunda bolgondo Eldarga soonun ayal bolup beret elem,Astandu unutuuga araket kylat elem,nike kyilgandan kiuin kuioonu kana oiloshun kerek.Eldar jagat maga ozuncho ele.
0
Expert
2011-01-15 18:11:02
iii, boyumda butup kalsa deybi? Men, Eldar Aydayga taptakyr ele tiybey jurot dep oylopmun go. "Eldar basa kalgan jok" dep jazdy ele murunku sandarynda. Anda, basa kalgan kunun dagy jazyp koyboybu, kyzyk emespi, kanday boldu, Ayday ozun kanday sezdi...
0
juka
2011-01-21 09:00:28
Мда балалуу үй базар,баласыз үй мазар.Бул сөз менен мен эмнени айткым келип атат? Айдай болочоктогу энесиз үйөбүлөөнү сактап калыш үчүн аракет кылгыла балалуу болууга тока Элдардан анан мамилеңер оңолот.
0
№ 428, 14-20-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан