Балдарга зомбулук көрсөтүү боюнча дагы бир чуулгандуу окуя катталды. Аялдын 2 жашка толо элек кызын сабап жатканы тартылган видео интернет желесине тарап, талуу теманы кайра козгоду. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү башталды. Окуянын чоо-жайын иликтеп, тараптардын пикирин угуп көрдүк.
Баткен ОИИБи: “Кызын урганын видеого тартып күйөөсүнө жиберген”
– 2023-жылдын 27-январында Кадамжай районунун тургуну, 1984-жылы туулган А.Б. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, жарандык никеде жашап жүргөн аялы – Марказ айылынын тургуну Ш.М. 2 жашка чыга элек кызын уруп, зомбулук көрсөтүп келгендигин билдирип, ага мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Тергөөнүн жүрүшүндө келин 2023-жылдын 5-январында өзүнүн кичинекей кызын сабап, аны уюлдук телефонуна тартып жолдошуна Вотсапп аркылуу жибергени аныкталды. Аталган факт боюнча соттук-медициналык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалды. Кызын сабаган энеге карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (баланы, алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык жактан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кичинекей кызына карата зомбулук көрсөткөн Ш. М. 2023-жылдын 30-январь күнү Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиянын чечиминин негизинде, кылмышка шектүү келиндин үч баласы мамлекеттин камкордугуна убактылуу алынып, Кадамжай районунда жайгашкан “Кут кадам” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды.
Мавлянжан Айдаров, шектүүнүн таякеси: “Балдары бизди балдар үйүнөн алып кеткиле деп ыйлап жатышат”
– Мен баласын сабап абакта отурган келиндин бир тууган таякеси болом. Бүгүн эле (1-февраль) сотто карындашымдын баш коргоо чарасы каралып, аны 1 айга камап коюшту. Аны 5-6 милиция кызматкери чоң кылмышкердей кылып унаага салып кетишти. Бирөөнү тонобосо, өлтүрбөсө эмнеге камашат? Ар бир ата-эне баласын тарбиялайт, тартипке чакырат, баарыбыз эле ата-энебизден таяк жеп чоңойгонбуз. Күйөөсү ал видеону интернетке чыгарып жиберип, аялынын үстүнөн арыз жазганынын себеби башкада. Мындан 4 ай мурда Тажикстандын кол салуусунда карындашымдын атасы менен инисин бир күндө атып кетишкен. Энесинин башына балта менен чабышкан. Күйөөсү “ошол кылмышка шектүүлөрдү кечирип, тосмо арыз жазып бересиң, болбосо сени менен жашабайм” дептир. Карындашым буга макул болбой койгондо видеону таратып салыптыр. Ал эркек эмес, эркек киши мындай ишке барбайт. Карындашым атасы менен иниси каза болгондон кийин депрессияга түшүп, түндө уйкудан чочуп ойгонуп, ар нерселерди сүйлөнүп калган эле. Биринчи жаратынан айыга электе минтип башына экинчи сыноо түшүп отурат. Азыркы күйөөсү менен 3 жылдан бери жашайт, Кадича аттуу кыздуу болушкан. Мурунку никесинен 2 баласы бар. Эми 3 баланы балдар үйүнө тапшырып берип ким пайда табат? Балдары чалып “таене, бизди качан алып кетесиңер, эмнеге бизди бул жакка алып келип коюшту?” деп ыйлап жатышат. Таенеси алып кетейин десе мыйзамга такап бербей жатышат. Эркек башым менен мен шолоктоп ыйладым. Кыргызстанда энени, аялды коргогон уюмдар барбы, бизге алардын жардамы керек, ушул кантип болсун? Күйөө балабыз Кызыл-Кыядан болот. Анын да мурунку никесинен 4 баласы бар, улуу кызы күйөөгө чыгайын деп калды. “Кой, аялың түрмөдө, балдарың балдар үйүндө калды, тосмо арыз жазып бер” деп сүйлөшкөнү барсам үйүнөн чыкпай койду.
Чолпон Сманова, психолог: “Келинге да, баласына да психологиялык жардам керек”
– Адам өз учурунда мүнөзүн көрсөтүп, өз убагында айтчу сөзүн айтып албаса да аягы ушундай окуялар менен бүтүшү мүмкүн. Аймактардагы аялдардын жашоо шарты бир топ татаал жана оор, кайын журт менен мамилеси, үй-бүлө түйшүгү, балдардын, күйөөнүн өзүнчө көйгөйү болот. Кыргызда келин болуу – искусство. Бул окуядагы видеону көрүп келинге абдан боорум ооруду. Бирөөнү айыптоо абдан жеңил, бирок биз ал келин башынан кандай турмушту өткөрүп жатат билбейбиз да. Келин абдан бактысыз, сүйүлбөй калган, өзүн эч кимге кереги жоктой сезген, аны таштап кеткен күйөөсүнөн баласы аркылуу өч алгысы келип жатканы байкалат. Ичинде болгон бугун, күйөөсүнө таарынычын, ызасын баланы сабап чыгарыптыр. “Кара, менин жүрөгүмдү кандай ооруттуң, мына сенден жаралган баланы да оорутам” деген коңгуроо экен. Анткени кичинекей кызы ошол таштап кеткен күйөөсүн эске салды. Бул келинге мындай абалдан чыгууга психотерапевттин жардамы керек, жардам эле эмес, комплекстүү дарыланышы зарыл. Келиндин психоэмоционалдык абалы абдан начар, туруксуз, калчылдап калыптыр. Анын мындай абалга келүүсүнө көп критерийлер себеп болушу мүмкүн. Үй-бүлөдөгү каржылык туруксуздук, үйдө табышкер, багуучу, колдоочунун жоктугу, мунун баары аялдын көңүлүн тынчытпайт. Күйөөсү 3 баласын кошо таштап кетип жатса – бул аял үчүн чоң стресс. Анан да бизде аялга карата тыюулар көп, “оозуңду жап, эркек менен айтышпа”, “келин мындай болуш керек, тигиндей болуш керек” деген эрежелер бар. Анын баарына аял чыдабай калганда ушундай окуялар чыгат. Бала да катуу стресс алды, ал да психологдун жардамына муктаж. Айтор, бул окуя бүтүндөй Кыргыз коомчулугуна кагылган коңгуроо болду десе болот.
Камила Талиева, депутат: “Аялдын укугун коргоп чыгалы”
Ушундай күкүк күйөөлөр көбөйдү.Балдарын карабайт, баласы энесинин багуусунда. Ошол үчүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдардын укугун коргоп чыгалы, мен коомчулукка кайрылам. Ал аял, эне баарыбызда бала бар. Баласын психологиялык кыйынчылыкка тушугуп тургандыктан кичине какыс-кукус кылгандыр. Бирок камакка алып, балдарынан ажыратып анчалыкка барбайлы. Эне мыйзамдуу да зомбулукка кабылбашы керек. Кичине жеңил чаралар каралсын, коомчулук да жардам кылалы.
Назгүл Турдубекова, Балдарды коргоо лигасынын жетекчиси: "Эч бир бала зордук -зомбулукка кабылбаш керек"
Бул үй-бүлө жергиликтүү бийликтин деңгээлинде атайын оор кырдаалга учураган үй-бүлө деп катталган болсо анда сөзсүз түрдө энеге тийиштүү психологиялык жардам берилиши керек болчу. Ал үчүн алардан убагында кабар алып, баалоо иштерин өткөзүп туруш керек эле. Ошондо ал келиндин баласына жасаган зордук-зомбулугун алдын алат элек. Эч бир бала зордук-зомбулукка кабылбаш керек жана мээрим, сүйүү менен бөлөнгөн балалыкка акылуу. Андыктан бул кырдаалда эки тарапка тең моралдык, психологиялык жактан жардам берүүгө тийишпиз.
Лунара Бекиева