Кадыр Сайдилкан, альпинист: «ЧОКУГА ЧЫГУУНУН АЗАБЫ ДА, ЫРАХАТЫ ДА БАШКАЧА»

“Эверест” тасмасын көрдүңүз беле, окурман? Бул жолу сизди ошол тасмадагыдай эмоцияларга жетелейбиз. Альпинист Кадыр Сайдилкан ак кар, көк муз каптаган чокуларга чыгуунун азабы, ырахаты менен бөлүштү.

– Саламатсызбы? Алгач таанышып алалы, кайсы жердин кулунусуз?

– Мен – Кадыр Сайдилкан, Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнүн Көңдүк деген кичинекей айылынан болом. 1998-жылдан бери Бишкекте жашайм, жеке ишкермин. 2 кыз, бир уулум бар.

– Альпинизмге кызыгуу сизде качан ойгонду?

– Өзүм тоодо чоңойгондуктан тоолорго маани деле берчү эмесмин. Пандемия учурунда эл катары мен да ооруп айыктым. Дарыгер Ала-Арча капчыгайында суу бойлоп басууну, дем алуу көнүгүүлөрүн жасоону сунуштады. Ошентип Ала-Арчада суу бойлоп баса баштадым. Ал жактан Ак-Сай капчыгайы тарапка чыгып, түшкөн адамдарды байма-бай көрө баштадым, алардан тактап сурасам, ал тарапта Шаркыратма, Рацек кепеси, Ак-Сай муз төрү, Учитель, Комсомол, Байчечекей, Теке-Төр, Корона жана башка чокулар бар экен. Ошондон баштап бул чокуларга чыгып, улам бийиктеп отуруп тоолорду кайрадан тааныдым, тоолорго болгон сүйүүм ойгонду.Буга чейин спорттун көп түрү менен машыккам, бирок эч биринен тоого чыккандай ырахат алган эмесмин.

– Азыркы учурга чейин канча чокуга чыктыңыз?

– Ала-Арчаны аралап басуу – унутулуп калган балалык кыялымды эске салды. Кичинемде Африканын эң бийик Килиманжаро чокусуна (деңиз деңгээлинен 5895 метр бийик) чыккым келчү. Изилдеп отуруп, 2020-жылы 24-декабрда кыялымды ишке ашыруу үчүн учуп кеттим. 1-январда түнкү саат 3:45те ошол чокуга чыгып, Жаңы жылды тоском. Ал жактан альпинисттер “сен эмне, “7 чокуну” жасап жүрөсүңбү?” деп сурап калышты. Көрсө, альпинизмде “7 чоку” деген абройлуу программа бар экен, бул – 7 материктин эң бийик 7 чокусуна чыгуу. Анан эмнеге болбосун деп, 2021-жылы июнда Европанын эң бийик чокусу Эльбурска (5642 метр), 2022-жылы Түштүк Американын эң бийик чокусу – Аконкагуага (6962 метр), Түндүк Американын эң бийик чокусу Деналиге (6194 метр) ийгиликтүү чыгып түштүм. Андан кийин Эверестке чыгууга өзүмдү сыноо үчүн Манаслу (8163 метр) чокусуна “Манасты” көтөрүп чыктым. Бул жолу Манаслуга чыгууга 404 адам барган экен, 68 гана адам чыгып түштү. Көчкү жүрүп жатты, 3 адам кайтыш болду. Кыргызстандан барган топту ийгилик коштоду, чокуга аман-эсен жетип, Кыргыздын желегин желбиреттик. Бул эми “7 чокуга” кирбейт, өзүнчө улуттук долбоор. 2022-жылдын 16-декабрында Антарктиданын эң бийик чокусу Винсонго (4892 метр) чыктым. “Манастын” академиялык томун Деналиде, Манаслуда, Антарктидада да жаныма алып жүрдүм. Китептин салмагы 4 килограммдай, бул тоодо абдан оор жүк. Китепти көргөндөр “сен эмне, жиндисиңби?” деп күлүшөт.

Эми 2 материк калды. Азия материгинин эң бийик чокусу – Эверест, анан Австралиянын эң бийик чокулары. Азыр Австралияга туристтик виза берилбей жатат. Учурда Эверестке чыгууга даярданып жатам, апрелдин башында учуп кетем. Мен бул саякатымды "Кыргыз изи" деп атап жүрөм.

– Антарктидадан америкалык актёр Уилл Смитке жолугуп калдыңыз...

– Ооба, Антарктидада базада отурсак, Уилл Смит кирип келип, жаныма отуруп калды. Таанышып сүйлөштүк, волейбол ойнодук. Кыргызстандын каякта экенин билбейт экен, жарым саат айтып да түшүндүрө албай койдум. Жөнөкөй адам экен. “Түштүк уюлдан түндүк уюлга” деген тасма тартып жатышыптыр. Альпинисттик сапарда атактууларды көп жолуктурасың. Мисалы, 1996-жылы Эверест чокусунда чоң трагедиялуу окуя болгон. Ошонун негизинде “Эверест” тасмасы тартылган. Антарктидада ошол трагедияда аман калгандардын бири Гай Коттер менен чогуу жүрдүк.

– Кайсы чокуга чыгып түшүү оор болду?

– Эң кыйыны Денали чокусу болду. Түндүктө жайгашкандыктан жердин гравитациясы деген сыяктуу факторлор бар экен. Анын үстүнө ал жерде кызмат көрсөтүү жок, жүгүңдү да өзүң көтөрөсүң. Бир туруп “артка кайтсамбы” дейм, кайра “ушунча келип кантип чокуга чыкпай кетем?” деп өзүм менен согушуп жаттым. Анан көтөрүп бараткан “Манас” эпосун эстедим да, чыйралдым. Бирок аябай кыйналдык, сөз менен жеткире албайсың. Тоодо абдан көп углевод коротулат, конфет-шоколаддар көп желет, андай эч нерсе алынбаптыр, нан да жок. Сүрсүгөн эттер тоңуп калып, ачка калдык. 4-лагерге түшкөндө америкалык балдар ортосуна шоколад, каймак сыйпалган 2 нан беришти. Ошондогу кубанычымды сөз менен айтып бере албайм. Шеригим келгенде алып чыксам анын сүйүнгөнүн айтпа! Ушундай, тоодо көп баалуулуктар алмашат. Бир тамчы суунун, бир кесим нандын кадырын билесиң. 10-20 күндөп эч ким менен сүйлөшпөй баарлашуунун, туугандардын, достордун кадырын сезесиң.

Дагы бир учур, Аконкагуа чокусуна чыгып баратканбыз. Шеригим татарстандык альпинист Дмитрий Тесленко болчу. Эс алып отургам, ал акырын басып келип арт жагыма отуруп эле кырылдай баштады. Карасам оозунан көбүк чыгып, сүйлөй албай, мени абдан муңайып карады да, каза болуп калды. 14 күн чогуу жашап, жакын болуп калганбыз, анын өлүмү мага катуу тийди. Биз ага чейин 2 күн 6200 метрде түнөгөнбүз, бул өзүнчө эле машакат, кычкылтек жетпейт, түнү менен демигесиң. Шериктерим артка кайта турган болушту, мен гид менен жалгыз калдым. Жолго чыккыча аябай кыйналдым, түнү саат 2де жолго чыктык. Баратып Дмитрий каза болгон жерден өткөндө ал менин артыма туруп алды. Мени менен кадимкидей сүйлөшүп ээрчип алды, бир туруп “мен өлүп жатсам тоого чыгып баратасың, акмак” дейт, кайра “азаматсың, сен мен үчүн чыгышың керек” дейт, ошондой галлюцинация болдум. Кыйналганда токтотсомбу деген ой келет. Бирок үйгө келгенден кийин баары унутулат, 2-3 күн өтпөй кайра тоону сагына баштайм, анан кайра жөнөйм.

– Маектин аягында айтарыңыз...

– Туризм – Кыргызстандын келечеги, а альпинизм туризмге локомотив болуп бере турган тармак. Буга 100 пайыз көзүм жетти. Башканы айтпайын, Ак-Сай муз төрүндө альпинисттерге ылайыктуу тоонун баары бар, машыгуучу жай кылып койсок болот. Андай жерлер Кыргызстандын ар бир колотунда бар. Гид-альпинисттер, инструкторлор жакшы киреше табышат. Тоого кызыккан жаштар ушул багытты колго алышса болот.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан