Белек Тургуновду “Чайки-Зайки” тасмасындагы Айканын ролунан улам жакшы тааныйсыз. Каарманым андан башка да бир топ тасмада роль жаратып, бир топ тасманын жаралышына себепчи болгон. Актёр, сценарист, режиссёр, продюсер Белек мырза менен болгон кызыктуу маекти сунуштайбыз.
Туулган жылы: 1993-жыл, 15-январь
Туулган жери: Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз айылы
Билими: жогорку, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган
Үй-бүлөлүү
– Белек, саламатсызбы? Күнү-түнү иштеп жатам деп калдыңыз, ушунчалык маанилүү ишпи?
– Саламатчылык. Ооба, жаңы тасма тартууга даярдык көрүп жүргөн кезибиз. Күндүз продюсерлик маселелерди чечип, тасманын өнөктөштөрү менен бир нече жолугушууларды өткөрүп, кечинде чыгармачылык иштерге көңүл буруп, сценарийди толуктап, жакшыртууга аракет кылып жатабыз.
– “Жез”, “Талаш”, “БайКуш”, “Буюрса”, айтор, жаңы тасмалардын көбүндө жүрөсүз, кадр сыртында да иштепсиз...
– Былтыр аябай катуу иштеп койдум окшойт. Март айында “Чайки-Зайки-2” тасмабыз чыкты, анда мен сценарий жаатында, режиссёрлук топто жана актёр катары кызмат кылдым. Андан кийин чакыруу боюнча “БайКуш” тасмасына иштеп жетиштим. Ал долбоордо сценарий жазыштым жана продюсерлердин бири болдум. Андан кийин өзүбүздүн “Жез” тасмабыздын сценарийин жазып, тартканга даярданып баштадык. Ал арада “Талаш” тасмасына актёр катары чакырып калышты. – Негизи тасма талаасына кантип келип калдыңыз эле?
– Бул чөйрөгө “Тамашоу” аркылуу аралаштым. Ал кезде мени тайпалашым, жакын досум Эрмек Таалайбеков “киного сценарий жазалы” деп чакырып калды, анткени экөөбүз бир командада ойноп, тамашаларды чогуу жазып жүрчүбүз. Анда менде кинонун сценарийи боюнча түшүнүк жок эле, бирок мага кызык болду. Ошентип сценарий деген эмне, анын түзүлүшү, идеясы, негизги мааниси жана башкалары менен чала болсо дагы таанышып, киного кызыгуум күчөдү. Айрымдар кино талаасында актёрлор гана бар деп элестетип алышат, кинодо актёрлуктан башка толтура кызыктуу кесиптер бар. Мен сценарист болом деген чечимге келгем, анткени сценарий бул тармактагы эң маанилүү нерсе. Ар кандай сценарийлерди окуп, ар кандай тасмаларга сценарий жазып жүрүп, бир күнү Эрмек экөөбүз өз алдыбызча кино тарталы деп алгачкы жолу “Курут” деген тасма тартканбыз. Ал эми актёр катары биринчи жолу “Пентхаус” тасмасына тартылдым. Башкы каарман Эмил Эсеналиевдин артынан кууп жетпей калган бейбаштардын бири менмин (күлүп).
– “Чайки-Зайки” тууралуу сурабай койсом болбос. Бул тасма менен коомго эмнени айткыңар келди?
– “Чайки-Зайки” деп башында жөн эле тамаша иретинде бир нече вайн тартып Инстаграмга жүктөгөнбүз. Байкасак, бул каармандарды көрүүчүлөр жактырып, ушул образ менен кино тарткылачы деп сурагандар көбөйдү. Ачык айтканда, ошол көрүүчүлөр үчүн эле жаралган тасма. Атайын киришкен соң жөн эле тамашаларды тартып кино деп койбой, бир көйгөй кошолу, маанилүү болсун деп өлкөбүздөгү айымдарга тиешелүү маселелерди камтып кеткенбиз. – Айканын ролун аткаруу канчалык кыйын болду? Бул образды бериш үчүн канча убакыт, кантип даярдандыңыз?
– Косметика, помада, көздү кычыштырган чаптама кирпиктер, улам оозуңа же кулагыңа кире берген чачтар бир жагынан кыйнады. Экинчиден, коомдук жайларда тартыла турган эпизоддордо элдин көзүнчө кыз болуп аткаруу кичине уялуу сезимдерин жаратып жатты. Бул образды бериш үчүн 1-2 жума гречка менен тамактанып 5-6 килограмм арыкташка туура келди. Анткени кийимдер чак келбей, анан өзүбүз дагы чоң көрүнүп туруп алдык кадрда.
– Бул тасмадан кийин элден бир топ эле жаман-жакшы сөздөрдү уктуңуздар...
– Албетте, “Айканын ролун жакшы аткаргансыз, мыкты актёрсуз” деген сөздөрдөн баштап “намысыңар кайда? Эркек эркек бойдон жүрүшү керек” деген сөздөргө чейин уктук. Биз жакшы сөздөргө ыраазы болуп, жаман сөздөргө көңүл бурган жокпуз. Анткени башынан эле өзүбүздүн көрүүчүлөр үчүн деп тартылган тасма, калгандары түшүнбөй калышы мүмкүн экенине даяр болчубуз, экинчиден, бул деген кино, искусство.
– “Алтын апакем” долбоору да жагымдуу маанай тартуулап жатат, бул идея кайдан жаралып калды?
– Жөн гана жылуу сезимдерди тартуулаган контент катары өзүбүзгө аябай жагып, ушуну тартып чыгаралы дедик. Командабыз менен (Жаныш Майр, Залкар Касымов, Марлис Мырзагулов) Крымда КМШнын чыгармачылык чөйрөсүндө жүргөн жаштар үчүн атайын уюштурулган 10 күндүк кластерге катышып жүргөн кезде идея жаралган. Ошондон улам тартып баштадык. – Тартуу учурунан бир күлкүлүү окуя айтып бербейсизби окурмандарга?
– Жакшы болот. Күлкүлүү окуялар “Чайки-Зайкини” тартуу учурунда көп болду. Бирин айтып берейин. “Манас” аэропортунан тартуу жүрүп жаткан, Гуля экөөбүз тартылып жаткан эпизод болчу. Алыстан тартыла турган кадр болгондуктан тартуучу топ, камера алыс жакта турган. Ошол учурда артыбыздан бир таксист келип, машинасынын айнегин түшүрүп бизге тийише “кыздар, жеткизип коёлубу?” деди. Биз аны карап туруп “салам алейкум. Жок, брат, рахмат” десек чочуп кеткен.
– Ата-энеңиз, бала кезиңиз тууралуу кеп кылсак...
– Атам мен төрөлгөнгө чейин эле каза болуп калган. Аны көрбөй калдым. Апам “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасында иштейт. Үйдө 2 бир тууганбыз, эжем бар. Апам менен эжем ар дайым мен катышкан долбоорлорду колдоп келет. Мектепте жакшы окудум, бирок тентек болчумун. Албетте, сабактан качкан учурлар болгон. Мага эң жакпаган сабактар – алгебра жана геометрия, эң жакшы көргөнүм – англис тили, дене тарбия жана орус адабияты болчу. Бала кезде аскер кызматкери болом деп кыялданчумун, бирок азыр тандап алган жолума такыр өкүнбөйм.
– Эми өзүңүздүн кичи мамлекетиңиз тууралуу сурайын...
– Келинчегим экөөбүз Москвадан таанышып калганбыз. Таанышкандан баштап колун сураганга чейин 2 жыл чогуу жүрүптүрбүз. Үйлөнгөндөн кийин жашоодо бир топ эле өзгөрүүлөр болот экен. Жаңы бүлө болуп көнүшүп кеткиче башкача сезимдер болду, анан бара-бара өмүр бою чогуу жашап келаткандай эле болуп калдык.
– Маегиңизге рахмат, чыгармачылык эргүү каалайбыз.
Перизат Музуратбекова