ЭСКЕ ТУТУУНУ КАНТИП ЖАКШЫРТУУ КЕРЕК?

Унутчаактык жашоону кыйындатат. Кээде жакшы таанышыбыздын фамилиясын таппай кыйналабыз. Үйдө 1 саат мурун эле колдонгон буюмду каякка койгонубузду билбей издеген көрүнүш да көп кездешет. Адистер унутчаак болбош үчүн мээге керексиз маалыматтарды үйбөө керек дешет. Эске тутууну жакшыртуу боюнча кеңештерди кулакка түйүп алыңыз.

ЖАҢЫ МААЛЫМАТТАР ЭС-ТУТУМДУ ЖАКШЫРТАТ

Мээ башка органдар сыктуу эле кам көрүүгө, активдүү абалда кармоого муктаж. Көбүнчө улгайган адамдардын эс-тутуму начар болот. Мунун да жөнү бар. Алар буга чейин билгендерине топук кылып, жаңы нерселерди билүүгө көп умтула беришпейт. Жаңы маалыматтарды билүүгө кызыгуу болбосо мээнин иштешине, эс-тутумду өнүктүрүүгө түрткү берчү эч нерсе жок деп эсептөө керек. Иштебеген нерсе акырындан бузулуп, катардан чыга бергендей эле, эс-тутум да начарлай берет.

МЭЭ АКТИВДҮҮ БОЛСО КӨҢҮЛ БУРУУ ЖАКШЫРАТ

Мээ булчуңдарга окшош. Аны канчалык машыктырса, ошончолук жакшы иштөөгө өтөт. Мээни канчалык активдүү кармаса, эс-тутум, көңүл буруу да жакшырат. Бул карыганда алжып калуудан сактайт.

Адамдын эс-тутумунун орточо сыйымдуулугу 1000 терабайт. 1 терабайтта 1024 гигабайт бар. Салыштырсак, компьютердеги 1 терабайттык катуу дисктердин эс-тутумуна орточо 1000 тасма, жүз миңдеген сүрөттөр, жүздөгөн файлдар батат.

ЭС-ТУТУМДУ КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮ ЖОЛДОРУ

• Логикалык тапшырмаларды, судоку, сканворд, кроссворддорду чечиңиз. Өзүңүз да түзгөнгө аракет кылыңыз. Бул мурунку билгендериңизди эсиңизге түшүрөт, жаңы нерселерди билүүгө түрткү болот. Пазлдарды чогултуңуз.

• Аптадагы күндөрдүн, 12 айдын аталышын артынан баштап айтыңыз.

• Бир текстти окуган соң аны жаап, мазмунун эстеп айтууга тырышыңыз. Эстеп айтууну 20 мүнөттөн, 5-6 саат, анан 24 сааттан кийин да кайталаңыз. Муну менен эс-тутумуңуздун деңгээлин текшере жана өстүрө аласыз. Китеп окуңуз, окугандарыңызды бирөөлөргө айтып бериңиз. Китеп окуганда көрүү эс-тутуму да иштейт.

• Спорт менен алектениңиз. Спорт мээнин эске сактоо жана адамдын кайда жүргөндүгүн анын айланасындагы нерселерге карап аныктоого жооп берүүчү гиппокампындагы нерв клеткаларын активдештирет. Мээнин кан менен жабдылышын жакшыртат.

• Бийлеп, көнүгүүлөрдү жасаңыз, дарылык массаждарды алыңыз.

• Музыка менен алектениңиз – ырдаңыз, музыкалык аспапта ойноңуз. Билбесеңиз үйрөнүүгө аракет кылыңыз.

• Чет тилдерин үйрөнүңүз. Бул мээни активдүү иштөөгө, жаңы билимдерди өздөштүрүүгө аргасыз кылат.

• Оозеки эсептеңиз. Калькуляторду колдонбой кошуп, кемитип, көбөйтүңүз. Бул мээге сонун жумуш.

• Сүрөт тартыңыз. Муну менен мээдеги оң жана сол жарым шарларды бирдей өстүрүп, эс-тутумду бекемдөөгө болот. Бул үчүн бир эле убакта, мисалы, сол кол менен айлананы, оң кол менен түз сызыкты тартыңыз, анан муну тескерисинче жасаңыз. Оң колу менен жазып, иштөөчүлөр сол колу менен да иштеп, жазууга машыкканы жакшы.

• Стресстен качыңыз. Стресс, депрессия, ашыкча керексиз кечке ойлонуу эс-тутумду начарлатат.

• Уктаңыз. Күнүгө 8 саат уктабасаңыз мээ калыптагыдай эс албайт. Дамамат уйкунун канбаганы эс-тутумду начарлатат.

• Жаңы адамдар менен таанышыңыз, баарлашыңыз. Бул мээнин жаңы маалыматтарды алууга, аларды сактоого аргасыз кылат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан