Иштегенин го иштейбиз, бирок эмгек укуктарыбызды билебизби? “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дегендей, бир кызматкер капысынан жумуш учурунда каза болду деп коёлу. Жумуш берүүчү “ушундай болуп калды” деп маркумдун ашын же кыркын көтөрөт. Ошону менен иш жабылат. “Ушул сыяктуу жана башка кырсыктар Эмгек кодексинде кандай каралган?” деген суроолорго КРнын Эмгекти коргоо инспекциясынын инспектору Бакытбек Жолчиев жооп берет.
Жеке менчикпи, мамлекеттикпи, чет өлкөлүктөрдүн ишканасыбы, айтор, жалпы эле ишканалардын коопсуздугу, анда иштеген адамдардын укугун коргоо – Кыргыз Республикасынын Эмгекти коргоо инспекциясынын милдети. Аталган мекеме 1999-жылы уюшулган. Бул инспекциянын кылчу иштери Эмгек кодексинде каралган.
ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮН ИШКАНАЛАРЫНДА
ЖУМУШЧУЛАРДЫН УКУГУ КӨП БУЗУЛАБЫ?
Анатолий Кузнецов,
Кыргызстандагы кен иштетүүчү компаниялардын
биринин мурунку кызматкери:
– Мен кен иштетүүчү компаниялардын биринде иштеп жүрүп 2002-жылы сокур ичеги болуп калдым. Ооруканадан чыкканымда дарыгерлер “бир жылга чейин оор жумушта иштебесин, жеңил ишке которулсун” деген кагаз жазып беришкен. Компаниянын дарыгерлери да “жеңил жумушка которулсун” дешти. Кадрлар бөлүмүнүн башчысы жана мен иштеген бөлүмдүн жетекчиси башка жумушка которууну капарына алышкан жок. “Мага ушундай аныктама беришти, бир жылча жеңил жумушта иштеп турайын” дегениме макул болбой коюшту.
3 метр бийиктикке көтөрүлүп чыгып, 80 тонналык жүктү көтөрүүчү автоунаанын рулунда отуруп, күнүнө 11 саат иштей бердим. 15 күн иштеп, 15 күн бош элек. Анан ичим кыпкызыл болуп шишип кетти. Ооруканага барсам, ичим ириңдеп кетиптир. Ошондон кийин 7 жолу операция жасалды. Эми минтип ишке жараксыз болуп калдым. Майып болуп калгандан кийин мени жумуштан чыгарып жиберишти. Сотмедэкспертизага арыздансам, алар жеңил жумушка которушпай, “ден соолугуна зыян келген” деген тыянак чыгарып беришти. Мен ишкананын жетекчилеринин салкын мамилесинен улам майып болуп отурам да, мага жардам берүүнү эч ойлошкон жок.
Бакытбек Жолчиев: – Чет өлкөлүк компаниялардын акчасы бар. Алар юристтерине, адвокаттарына абдан чоң маяна төлөшөт да, Анатолийге окшогон карапайым адамдарды тебелеп-тепсеп, компаниянын бир да тыйын төлөбөөсү үчүн бардык аракетин жумшашат. Чындык, адилеттик Анатолий жакта, ошого карабастан, биздин соттор туура чечим кабыл алышпай жатканы өкүндүрөт. Муну менен эмне айткым келет? Эгер мен Түркияда инвестор катары иш алып барып, анан ушундайга жол берсем, Түркиянын адвокаттары, юристтери мени талап жешмек. А биздикилер кайра чет өлкөлүктөргө иштешүүдө. Дагы бир чет өлкөлүк компанияга байланыштуу мисалды айта кетейин.
Канат деген жигит айдоочу болуп 7 жыл иштеген экен. Ошол жердин эле машинасы кардан тайгаланып, Канатты коюп кеткен. Аны дагы дарыгерлер “жеңил жумушка которул” дешкен. Жеңил жумуштун акчасы да аз болот эмеспи, жеңил жумушка которуп, маянасын азайтышкан. КРнын мыйзамы боюнча, жумуштан жаракат алып, жеңилирээгине которулса, мурунку эле маянасын алыш керек болчу. Ал киши Каракол шаарындагы биздин филиалга барып калып ушул мыйзамды угуп калат. Соттошуп жаткандарына 2 ай болду. Канат 2 айдан бери Каракол менен Бишкектин ортосунда жүрөт. Жеңил жумуш менен оор жумуштун ортосундагы маянанын айырмасы 250 000 сомго жетиптир.
ОФИЦИАНТТАР КҮНӨӨЛҮҮБҮ?
Учурда шаарда эмне көп, кафе, ресторан көп. Ал жерде жалаң жаш кыздар иштешет. Ичип-жеп, көңүл ачкан кардар акча төлөбөй качып кеткен учурлар да көп кездешет. Мына ушундай кырдаалда кожоюн официант кыздарды 1-2 жумалап бекер иштетип коёт. Кээде идиштерди капысынан сындырып алып, жумалап акча албай иштегендерин да көрөбүз.
Бакытбек Жолчиев: – Ар бир кафеде коопсуздукту сактоочу, тартипти жөнгө салуучу кызматкерлер болууга тийиш. Кардарды качырбай акчаны төлөтүү – ошолордун милдети. Кызып калган немелер чыканактай официант кызды көзгө илишмек беле?! Кандай жол менен качып кетпесин, официантты кардардын жеп-ичкен акчасын төлөткөнгө да, бекер иштеткенге да кожоюндун укугу жок. Кожоюн кардардын качып кетпешинин алдын алыш керек эле. Ал эми идишин сындырып алса, анын сатылып алынган гана баасын төлөгөнгө укуктуу. Чынында, кафелерде түнү менен 18ге чыга элек кыздар иштеп жүрүшөт. Эмгек кодекси боюнча, 18ге чыга элек жаштар түнкүсүн иштегенге болбойт.
– Мындайды сиздердин мекеме тескөөгө алыш керек беле?
– Ооба, биз текшеребиз, бирок Экономиканы тескөө министрлигинен алдын ала уруксат алабыз. Мисалы, текшерүү үчүн 20 ишкананын же кафенин тизмесин берсек, анын онун чийип салышат. Андан сырткары нормативдик актылар боюнча биз аларга 10 күн мурун эмне текшерилери тууралуу жазылган кагаз жөнөтөбүз. Биз баргыча бардыгын тууралап койбой алдары жокпу? Ошентип, айрымдар четте калат. Биз “ушул актыны алып салгыла” деп көптөн бери суранып келебиз.
Официанттар таң эртеден тартып акыркы кардарга чейин тейлешет. Бул – мыйзам бузуучулук. Жумуш күнү 8 сааттан ашып кетсе, кийинки күндөрү эс алышы кажет. Же 8 сааттан кийинки убакыт эки эселеп төлөнүүсү керек. Төлөнүп берилген күндө деле бул маселе иш берүүчү менен официанттын ортосундагы келишимде көрсөтүлүшү зарыл. Азыркылар жумушка алынарда келишим түзүшпөйт. “Келишим түзөлү” десе, “анда башка жумуш таап ал” дейт кожоюн. Биз иш берүүчүлөрдү жумушчулар менен келишим түзүп иштешүүгө үйрөтө албай убарабыз.
ЧОҢ КЫРСЫКТАР...
Борбордо көп кабаттуу имараттарды салып жаткан кытайлык ишканалар абдан көп. Мына ошолордун биринде иштеген 21 жаштагы Улан жумуш учурунда 3-кабаттан жерге кулап түшкөн. Эреже боюнча ал жигит башына каска кийип иштеш керек эле. Бирок курулуш жетекчилиги тарабынан каска жөнүндө бир ооз дагы айтылган эмес. Жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосунда да эч кандай келишим түзүлгөн эмес. Жыйынтыгында Уландын колу сынып, мээси чайкалган. Кытайлык ишкананын жетекчилиги Уландын дары-дармегине кеткен каражатты гана төлөгөн.
Бакытбек Жолчиев: – Баш мээнин чайкалышы чоң кырсык болуп саналат. Мындай учурда жана адам иш учурунда каза болсо, ишкана жетекчилигине кылмыш иши козголот. Эгер күнөөсүн моюнуна албаса, ишкананы жаптырууга туура келет. Окуя болору менен ишкана же жабыр тартуучу бизге кайрылышы керек эле. Бизден барган комиссия иликтеп, акт түзмөк. Ошонун негизинде жаракатына карата ар кандай өлчөмдө ай сайын же бир жолу берилүүчү пособие чектелмек. Иликтенбей калгандыктан, пособие берилбейт.
Күйүүчү май менен иштеген ишкананын эки кызматкери 2009-жылы 25-августта Кара-Балтадан Ош-Жалал-Абадга бензин ташып баратышкан. Токтогул районунан бензовоз тоголонуп кетип, экөө тең күйүп каза болгон.
Бакытбек Жолчиев: – Каза болгондор арабызда жок. Бирок алардын укуктары корголушу керек да. Изилдөөгө алганыбызда маркумдардын жакындарына компания алгач “бир да тыйын төлөбөйбүз” деп чыкты. Ал гана эмес, компанияга кылмыш иши козголгон жок. Анткени күнөө айдоочуларда экен. Саатына 50 чакырым ылдамдык менен жүрүш керек болсо, тигилер 70 менен баратышыптыр. Ар бир машинада спутник байланышы бар экен. Ошонун негизинде 70 менен баратканы билинди. Күнөө айдоочуларда болгону менен, экөө тең иш учурунда каза болуп жатышат да. Биздин инспекция айдоочулардын укуктарын коргоп, Ленин райондук прокуратурасы менен бирдикте бирөөнүн үй-бүлөсүнө 300 000 сом, экинчисине 280 000 сом өндүрүп бердик.
ЭМГЕК КОДЕКСИ БОЮНЧА...
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg