Жылдыздын үйүндө конокто
Бул ирет биз “Боздотуп койсоң, Ат-Башым, болоюн сенин Боогачың” деп сыздаган белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин ак өргөөсүндө конокто болдук.
– Уулдарыңыз Канат менен Боогачы көрүнбөйт да.
– Канат азыр мектепте, Боогачы болсо бакчада. Канат 8-класста, чоң жигит болуп калды. Ал эми Боогачыны эртең менен эле ызылдатып бакчага алып барып таштап келдим. “Барбайм” деп күн сайын тополоң салат.
– Үйүңүздү атайы “Дордой” базарына жакын алдыңыз беле?
– Атайлап деле эмес. Үч жыл мурун Бишкектин борборунда, көп кабаттуу үйдө жашачубуз. Айылда жер үйдө жашап көнгөн жан ал жактан кысылып кеттик. Бул жердин дагы бир жакшы жагы, кемпирим Саадат тигүү цехин ачам деген. Ушул үйгө жакын жерде жер тилкем бар эле, анан ойлонбой туруп бул өргөөнү сатып алдым.
– Үй алмаштыруу планыңызда барбы?
– Албетте. Бул төрт бөлмөлүү үй тардык кылат. Андыктан балдарым бой жеткенче чоң үй салсамбы деп жүрөм.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg