ИЧЕГИ-КАРЫН ООРУЛАРЫНДАГЫ ДИЕТАЛАР

“Тамактануу – адам организминин эң маанилүү физиологиялык керектөөлөрүнүн бирин канааттандырат, ошону менен бирге тамактануу көптөгөн оорулардын алдын алууда жана дарылоодо да маанилүү роль ойнойт”,- дейт гастроэнтеролог Сыргак Турдалиев. Дартты айыктырууда диетанын 15 түрү болсо, алардын ичинен төртөө ичеги-карын ооруларында сунушталат.

“САЛТТУУ МЕДИЦИНАДА КЕҢИРИ КОЛДОНУЛАТ”

– Дарылык мүнөздөгү диетанын 15 түрү бар. Булар диетолог, гастроэнтеролог Мануил Певзнер тарабынан иштелип чыгып, азыр да салттуу медицинада кеңири колдонулуп келет. Диеталарда оорунун келип чыгышы, клиникалык маалыматтар эске алынып, тамак-аш рациону ошого жараша тандалып алынган. Ошондой эле кайра иштетүүдө тамак-аштын өзгөргөн физикалык-химиялык касиеттери жана биологиялык таасирине жараша жасоо, бышыруу жолдору да сунушталат. Сунушталбаган азыктар жана аларды кууруп же кээ бирин чийки жегенде ичеги-карында сиңбей тура берет да, бул учурда иммундук реакция тескери жооп кылат. Ошондуктан ооруп жаткан адам организмди кайра калыпка келтирүү үчүн оорусуна жараша тамактануу эрежесинин түрүн сөзсүз кармашы кажет. Диета тамактануу менен чектелбейт. Ой да, кыймыл да жакшырышы керек, ошондо таасири болот. Ачууланып, санаа тартып же көпчүлүк учурда кыймылсыз жата берүү диетаны текке кетириши мүмкүн.

ДИЕТАНЫН ТҮРЛӨРҮ

№1, 1а, 1б диетасы – ашказан жана он эки эли ичегинин жарасында кармалат.

№2 диета – атрофиялык гастрит, колит

№3 диета – ич катуу

№4, 4а, 4б, 4в диетасы – ич өткөк менен коштолгон ичеги оорулары

№5, 5а диетасы – өт жолдорунун жана боордун оорулары

№6 диета – бөйрөктө таш болсо, подагра

№7, 7а, 7б, 7в, 7д диетасы – өнөкөт жана курч нефрит, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги

№8 диета – семирүү

№9 диета – кант диабети

№10 диета – жүрөк-кан тамыр системинин оорулары;

№11 диета – кургак учук;

№12 диета – нерв системинин оорулары;

№13 диета – курч кармаган жугуштуу оорулар;

№14 диета – бөйрөктө фосфат таштары болсо;

№15 диета – атайын диетаны талап кылбаган оорулар.

№0 ДИЕТА

№0 диетаны өзүнчө бөлүп караса болот. Бул ичеги-карын органдарына оперция болгондо, жандандыруу бөлүмүндө жатканда, мээдеги кан айлануу бузулганда, баш-мээ жаракаттарында, жугуштуу оору өтө оор өтүп жатканда кармалат. Бул тамактануу эрежесинин башкы өзгөчөлүгү – бейтапка күч берүү, пайдалуу заттар менен камсыз кылуу жана органдардын тышкы күчтөргө туруштук берүүсүн жогорулатууда турат. Бир күндө 5-8 жолу аз-аздан тамактануу зарыл. Ал эми убактысы бейтаптын абалына жараша созулат.

Кандай азыктар болот?

Эттен жеңил шорполор, күрүч кайнатмасы, жашылча-жемиштен таттуу эмес кайнатма, желе сымал бүдүрчөсү жок азыктар сунушталат. Бирок бейтаптын абалына карап гана эмне болор, болбосун, кандай даярдоо керектигин врач өзү айтат.

№1 ДИЕТА

Ашказан жана он эки эли ичегиде жара оорусу өтүшүп кеткен учурда, катуу кармаган гастритте, кычкылдуулугу жогору өнөкөт гастритте №1 диетага отуруу кажет. Бир күндө 4-5 жолу аз-аздан тамактанып, 2-3 айдан аз эмес убакытка бул диетаны сактоо кажет.

Кандай азыктар болот?

Буудай унунан нан азыктары, майсыз эт: жаш козу, уй эти, балык эти, майсыз кычкыл сүт азыктары, катуу сыр, күрүч, манна акшагы, гречка, картошка, сабиз, ашкабак, петрушка, укроп (бир аз), сууга жана электр мешинде бышкан жемиш-мөмөлөр, шабдалы, жүзүм, бал, кычкыл эмес кыям, мала кызыл чай, сүт кошулган чай, ит мурун кайнатмасы, компоттор, таттуу жемиш ширелери, туз аз өлчөмдө.

Бейтаптын абалына жараша ар бир диетанын баскычтары бар, мисалы, өтүшүп кеткен учурда, басаңдап калганда жана айыгуу учуру деп бөлүнөт.

№1а – жогорудагы оорулар өтүшүп кеткен учурда ашказан былжыр челин коргогон тамактануу эрежеси кармалат. Мында азыктар суюк, боткодой жана желе түрүндө берилет.

№1б – жогорудагы оорулар басаңдап айыгып калганда кармалат. Мында тамак-аш рационуна катырылган нан, майсыз балык, эттен котлеталар, фрикаделька кошула баштайт.

№2 ДИЕТА

Кычкылдуулук аз бөлүнүп чыккан өнөкөт гастрит, өнөкөт колит ооруларында №2 диета кармалат. Бир күндө 4-5 жолу тамактануу кажет, диета узак убакытка чейин кармалат. №1 диетадагы азыктар сунушталат. Кошумча бир күн мурун бышырылган буудай наны, акшак кошулган печенье, сүт, каймак, сууга чала бышырылган жумуртка, сүт кошулган кофе, какаону рационго кошууга болот.

№3 ДИЕТА

Өнөкөт ичеги оорулары, ич катуу менен коштолгон функционалдык ичеги ооруларында кармалуучу диетада бир күндө 4-5 жолу тамактануу зарыл. Ал эми кармоо мөөнөтү чектелген эмес. Тамак-аштар сууга, бууга жана электр мешинде бышырылат. Жашылча-жемиштер чийки желет же сууда бышырылат. Муздак биринчи тамактар жана таттуу тамактарды, ширелерди рационго кошууга болот.

Кандай азыктар болот?

№1, №2 диетадагы азыктардан сырткары бышкан капуста, кызылча, помидор, бадыраң, түстүү капуста, кабакча, кургатылган өрүк, кара өрүк, инжир (сууга жибитип жумшартып алуу кажет), жашылча ширелерин сунушталат.

№4 ДИЕТА

Ич өткөк менен коштолгон ичегилердин өтүшүп кеткен же өнөкөт ооруларында кармалат. Бир күндө 4-5 жолу тамактануу кажет, ал эми кармоо убактысы бир нече күнгө созулат. Бул диетанын төрт түрү бар. Бейтаптын абалына жараша кайсынысын кармоо зарыл экенин дарыгер аныктайт.

Кандай азыктар болот?

Кургатылган нан, күрүч, сулу, манна акшагы, каймак май аз өлчөмдө, сууга же бууга бышкан майсыз эттер, шорпо, сууга чала бышырылган жумуртка, жашылчалардын кайнатмасы гана, кара чай, кофе, какао, ит мурун, черника кайнатмасы

ЭСКЕРТҮҮ!

Диеталарда организмдеги процесстердин жүрүшүнө зарыл бардык заттар камтылып түзүлүп чыккан. Жогорудагы диеталарда тамак-аш ысык, муздак болбошу кажет, ар дайым жылуу абалда кабыл алынат. Ошондой эле татымалдар, ачуу, кондитердик таттуулар рациондон алып салынат.

Ооруп айыккандан кийин мурунку жашоо образына өтүп, куурулган, майлуу тамак-аш, жаңы бышкан нан, ачуу, таттууларды жеп башташат. Бул кайрадан эле бир нече убакыттан кийин оорунун козголушуна жеткизет. Ошондуктан оорубай жүрүү үчүн оорубаган адам деле туура тамактанууга өтүп, көпчүлүк учурда кыймылда болуп, ойду тазалап, жакшы маанайда жүрүшү зарыл.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан