АРТТА КАЛГАН АЛТЫН БАЛАЛЫК

Балалык. Кандай жакшы сөз. Мүмкүн болсо ошол кезге бир барып, кайра кайтып келгиң келет. Биздин белгилүү адамдарыбыз да кезинде бала болушкан. Алардын балалыгына саякаттагыңыз келсе, биздин “Артта калган алтын балалык” рубрикабызды калтырбай окуңуз. Бул жолу белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов балалыгын эскерет.

АТАМ МЫЛТЫК АТКАНДА ЭНЕМДИН
ИЧИНЕН КАЧЫП ЧЫККАМ

– Өзүм чабандын баласымын. Мен төрөлгөндө май айынын жыйырма төртү болсо да бороон-чапкын болуп жаткан экен, ошон үчүн атымды Борончу коюшкан. Толгоосу бышып калган кезде апам боз үйдүн уугун кармап чымырканып ыйынып жатса, атам эшикке чыгып мылтыкты асманга каратып “бадаң” дедирип атканда мен чыгып кетиптирмин. Чабандын баласы болгондон кийин балалыгымдын көбү тоодо өттү. Кайтарган койлорума заңкылдап концерт коюп, күчүмдүн барынча кыйкырып ырдачу элем.

АЙЫЛ БОЮНЧА АРЫЗ МАГА КӨП ТҮШЧҮ

– Айыл боюнча ашынган тентек мен элем. Ата-энелер арызданып, апам менен атамдын жанын коюшчу эмес. “Балаң менин баламды тигинтип коюптур, минтип коюптур, тыйсаң боло” деген кептер апамдын кулак-мээсин жээр эле. Азыр ойлоп көрсөм, чыгармачылыгым ошондо эле башталган окшойт. Бир нерселерди ойлоп таап, аны ишке ашырмайын жаным тынчу эмес. Айылдын жашоочулары таштандыны бир жерге алып барып төгүшөт. Кышкысын от жаккандан кийин чыккан күл да өзүнчө бир дөбө. Ошол жерге балдардын баарын алып барып тизчүмүн. “Силер колго түштүңөр, мен азыр бурчтан чыга калып “та-та-та-та-т” деп атам, баарыңар сулап жатып каласыңар”,- дейм. Чыга калып татыратканда баары сулап калышат, мен болсом балдардын тири укмуш бозала чаң, күлгө оонаган көмөчтөй кебетелерин көрүп каткырып, рахат алаар элем.

АТТЫН БОГУНАН ТАМЕКИ ТАРТЧУМУН

– Бир күнү аттын богунан тамеки тартмай болдук. «Эч ким көрбөгөн жакка баралы» деп жай издеп жатып кымыз куйган чаначты ыштоочу жерди тандап алдык. Ыштык тандырга окшош, бирок, майда тешиктери көп боло турган. Ыштыктын ичине баарыбыз кирип, аттын богун кагаздарга ородук да, тарталы деп жатсак бирөө: “Ичи түтүн жыттанып калат”,- деп калды. Анда мен: “Тамекини соробуз, түтүнүн тешиктерден сыртка үйлөйбүз”,- дедим. Нары жактан кошуна чоң атабыз ат сугарып келе жатса эле ыштыктын ар кайсы жеринен түтүн чыгып жатат дейт, келип ичин караса кужулдашып биз отурабыз. Чыгарып алып ойда урушкан.

ТЫЙЫНДЫ ООЗУМА САЛЫП АЛЫП
ИЗДЕП ЖҮРӨ БЕРИПТИРМИН

– Апам “чурка, нанга барып келе кал” деп колума бир сом карматты. Анда бир сом темир, тоголок тыйындар эле. Дүкөнгө жеткиче ойноп барам да, колумдан жоготуп алам десем керек, бир сомду оозума салып алгам. Дүкөнгө барып сатуучуга “нан бериңиз” дейин десем колумда акчам жок. Сатуучу аялды бир азга карап туруп үйгө баса бердим. Апам: “Ай, нан кана?”- деп кыйкырса, «баланчанын баласы «бербейм, нан алам» десем болбой коркутуп алып алды» деп чоң баланы айтып койдум. “Оо, өлүгүңдү көрөйүн, калп айтып жатканын кара. Калпычы, оозуңдагы эмне?”- деп тыйынды алып чыкканы эсимде.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 244, 6-12-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан