Ыйман жана салт
Ата-эне – бул жашоодогу таянар тообуз, ичер суубуз. Ошол таянар тообуз урап, ичер суубуз түгөнүп турган мүнөттөрдөгү кайгыда чек жок экени талашсыз. Бул сөздөрдү эмнеге айтып жатам? Дегеним, жакынынан, жадакалса өз энесинен же атасынан ажыраган пенделердин көңүл айткандарга жок дей албай, өлүк узатуу учурунда кызылдай мас болуп калгандарын көрүп эле жүрөбүз.
“КЫРГЫЗДА ИЧИМДИК МЕНЕН КӨҢҮЛ АЙТУУ БОЛГОН ЭМЕС”
Орус туугандар өздөрү менен кошо ала келген көрүнүш деп эсептелинген спирт ичимдигин кыргыздар той-топурда гана ууртап-татып койбостон, жамандыкта да көңүл айтуучу суусундук катары колдонууну адат кылып алышкан. «Өлүк узатууда ичимдик менен көңүл айтуу кыргыз элинин жашоо-турмушуна качан кирген?» деген суроого тарыхчы Бердигул Темирбаев мындайча жооп берет:
– Кыргыздарда илгери спирт ичимдиги деген болгон эмес. Той-топурда, аксакалдар жыйын кылганда кымыз гана ичилчү. Ал эми өлүк узатууда кымыз да берилчү эмес. Кыргызда ичимдик менен көңүл айтуу такыр болгон эмес. Маркумду узатууда ичимдик менен көңүл айтуу кийин эле пайда болду. Пайда болмок тургай, адатка да айланып кетпедиби. Бул көрүнүш биздин жашоого орустар менен тыгыз карым-катнаш жасай баштаганда аралашты.
Мындан 10-15 жыл мурун маркумду акыркы сапарга узатууда түштүк тараптагылар спирт ичимдигин жолотушчу эмес. Азыр түндүк-түштүк дебей, көп аймактар адатка айлантып алышты. Айыл аксакалдарынын жардамы менен тыюу салып, мындай жат көрүнүштү өлүк узатуудан алыстатсак болот.
“БОЛО БЕРЕТ” ДЕП ИЧКЕН АДАМ МУСУЛМАН ЭМЕС”
Маркумду акыркы сапарга узатууда спирт ичимдиктеринин көңүл айтуу катарында берилиши тууралуу муфтий Чубак ажы Жалилов мындай дейт:
– Өлүк узатууда арак ичүү мурунку жылдарга салыштырмалуу азайды. Бирок таптакыр жоюлуп да кете элек. Арак көп ичилгендиктен, мурун жаназага турганга бир соо адам калбай калып, молдоке жалгыз турган да учурлар болгон. Айрым айылдарда молдоке да жок. Элестетиңиз, арактын айынан өлүктүн көмүлбөй калып жатканын. Бул өтө жийиркеничтүү көрүнүш. Арак ичүүнүн күнөө экенин билип туруп ичкен адам күнөөкөр болуп саналат. Ал эми күнөө экенин билип, «анда-санда ичсе эмне болмок эле, боло берет» деген адам ыймансыз деп табылып, мусулманчылыктан чыгат.
Арак менен өлүк узатуу деген ислам дининде өтө жат көрүнүш. Адамдардын диний жактан сабаттуулугун арттырсак эле, мындай көрүнүштөрдөн кутулабыз. Өлүк үстүндө спирт ичимдиги менен көңүл айтуу, арактын айынан жакынын көмүүгө барбай калуу деген жаман адаттарыбызга, албетте, коомчулук күнөөлүү. Бирок биздин биринчи милдет – күнөөлүүнү издөө эмес, экинчи кайталабоого аракет кылуу. «Кымыз, бозо сыяктуу суусундуктар ичилсе болобу?» деген суроо пайда болушу мүмкүн. Мухаммед пайгамбарыбыз арак, ак шарап, анан кызыл шарап деп бөлгөн эмес. Ошонун сыңары, бозо, кымыз деле алкоголь болуп эсептелет.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg