Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардамдашуу үчүн жөнөтүлгөн Кыргыз өлкөсүнүн куткаруучулары кайтып келишти. Алар Түркиянын Кахраманмараш, Хатай шаарларында иштеп, 8 адамды тирүү куткарып, жүздөн ашык адамдын сөөгүн уранды астынан сууруп чыгышты. Түрк эли ыйлап тосуп алып, кол чаап, рахматын айтып узаткан куткаруучулар тобунан Ислам Урматбек уулу жана Бабуржан Мамасаит уулун кепке тарттык.
– Куш келипсиңер, Ислам, Бабуржан! Куткаруу кызматында иштеп жатканыңарга канча болду? Түркиядагы миссияңарды ийгиликтүү аткарып келдиңерби?
Ислам: – Саламатсыздарбы? Мен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери болом. Бул кесипте 6 жылдан бери иштейм. Бизге жетекчиликтен Түркияга баруу сунушу 7-февраль түнү түштү, ойлонбостон эле макул болдум. Анткени оор учурда боордош элге жардам беришибиз керек эле. Издөө-куткаруу иштерин чет өлкөдө өткөрүү өзүм үчүн да кызык болчу. 7-февраль күнү эле шаймандарыбызды, чатыр, тамак-ашыбызды дайындап алып учуп кеттик.
Бабуржан: – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеп жатканыма 1 жыл болуп калды. Жумушка жаңы кирип жатканда анкетама түрк тилин билеримди жазган элем. Ошондон улам мага “котормочу болуп барасыңбы?” деп сунушташты, баш тарткан жокмун.
– Жер титирөөнүн эртеси эле барыпсыңар, абал кандай экен ошондо? Апаатты жанынан көрүүнүн таасири башкача болсо керек...
И.: – Кахраманмараш шаарына учууда Стамбулда 5 сааттай күтүп калдык. Анткени зилзаладан кийин ал шаардын аэропорту да талкаланып, эл аэропортко топтолуп, тыгын жаралып жатыптыр. Башка өлкөдөн барган куткаруучулар да көп экен. Көпчүлүк шаар тургундары өлкөнүн башка аймактарына кетип жатышкан учур эле. Аэропорттон жука кийимчен балдарды, үй-жайсыз калган ата-энелерин, эмчектеги балдарды көрүп жүрөгүм тилинди. Түрк туугандар кырсык болгон аймактан кеткенге шашып жатышты. Ал абалды айтып берүү кыйын, зээниңди кейитет. Шаардын абалын көрүп абдан таң калдык, электр жарыгы жок, урап калган, жарака кетип кыйшыйып калган үйлөр абдан көп экен.
– Силердин куткаруучулук ишиңер чет элдик ЖМКларда да байма-бай айтылып жатты, сыймыктандык. Аягында түрк эли ыраазычылык айтып, кол чаап узатышты. Ушундай учурда чарчаганыңар унутула түшсө керек?
Б.: – Туура айтасыз, түрктөр бизге жакындыгын, бир туугандык сезимин жашырышкан жок. Мусулманбыз, баарыбыз түрк атадан тараган элдербиз деп биз иштеп жатканда тамак-ашын, суусун көтөрүп келип жатышты. Стамбулга жеткенде эле телефондоруна видеого тартышып “бир боорлорубуз жардамга келишти” деп сүйүнүп көздөрүнө жаш алышты. Биз барганда чынында абал оор болчу, андай масштабдагы кырсыкты мен кинолордон эле көрчүмүн. Биз 4 топко бөлүнүп, берилүү менен иштедик. 2 топ күндүз, 2 топ түндө иштеп жатты. 24 саат бою чын дилден иштеп жатканыбызды көрүп түрк туугандардын да ичи жылыды окшойт. Кээ бирлери биз менен сүрөткө түшүп “дос бололу, номериңди бер, тынч убакта эс алганы келгиле” деп калышты.
– Куткаруу ишиндеги силер үчүн эң таасирдүү окуя кайсы болду?
Б.: – Биздин куткаруучуларга бөлүнгөн тилкелерден ондогон тирүү адамдарды таптык. Чынында ал убакта туугандары үмүтүн үзүп “сөөгүн эле алып чыгып берсеңер” деп калышкан эле. Анан тууганы тирүү табылса, албетте, сүйүнүшөт. Биз да урандылардын астынан тирүү адам тапкан сайын бири-бирибизди кучактап сүйүнүп жаттык. Түрктөр абдан эмоционалдуу болушат эмеспи, жакыны тирүү табылганда ыйлап, боздоп жиберип жатышты. Урандылардын астынан 5-6 жашар баланы тапканда көзүмө жаш алдым. Энеси экөө диванда жаткан окшойт, энесинин сөөгү диванда көмкөрөсүнөн жаткан абалда табылды. Ал эми бала дивандын капталына жашынып аман калыптыр.
И.: – Жер титирөө таңкы саат төрттөрдө болгондуктан көпчүлүгү уктаган бойдон кете беришиптир. Диванда уктап жаткан көп адамдын сөөгүн таптык. Аял күйөөсүн же энеси баласын кучактап жаткан абалда табылган сөөктөрдү көрүп муунуң бошойт. Сөөктөрдү туугандарына өткөрүп берип жатканда алардын абалын көрүп да жаман болдук. Айтор, психикалык абалыбыз жакшы эле чыңалды.
– 12 күндөн кийин да уранды астынан тирүү адамдарды таап жаттыңар...
Б.: – Түркияда мусулманчылыкты бекем тутушат. 9 күндөн кийин бизди Кахраманмараш шаарынан Хатай провинциясына жиберишти. Ошол жактан жер титирөөдөн 12 күндөн кийин 3 адамды тирүү таап чыктык. Аны түркиялык телеканалдар “290 сааттан кийин тирүү адамдар табылды” деп жаңылыктарда көрсөтүп жатышты. Кран менен казып жатканда командирибиз Куран китепти көрүптүр. Кранды токтотуп, китепти алайын деп эңкейгенде урандылардын астынан үн чыкканын угуп калат. Дароо башка топторду да чакырып, перфоратор менен бетондорду тешип, темирлерди болгарка менен кескилей баштадык. Жылчык тапкандан кийин тирүү калган адам менен алыстан сүйлөштүк. Ал адам “бул жакта бешөөбүз, үчөөбүз тирүүбүз, экөө каза болуп калды” дешти. Бир үй-бүлөдөн атасы-энеси, кичинекей баласы тирүү калып, 13 жана 16 жаштагы балдары каза болуп калыптыр.
И.: – Дагы бир таасирдүү окуя. Мен иштеген топ менен кичиней наристени таап чыктык. 6 кабаттуу 2 үй урап калыптыр. 2-кабатта жашаган үй-бүлөнүн туугандары үйдүн болжолдуу түзүлүшүн чиймелеп беришти “ушул тилкелерде сөөгү болушу мүмкүн” деп. Үй ураганда 2 кабат үй жер төлөсүнө кирип кетиптир. Ылдыйды көздөй казуу иштерин жүргүзүп жатканбыз. Бир убакта рация менен командирим “бул жакка келгилечи, адам бар окшойт” деп калды. Ишибизди таштап баарыбыз чуркап бардык. 50 сантиметрлик тешик казып кесиптешибиз башын салып көрүп эле “бир нерсе кыймылдап жатат, тирүү окшойт” деди. Баарыбыз сүйүнүп кеттик. Артыбызда 10дой түрк туугандар турган эле, тешикти чоңойтуп кирип, аман калган наристени алып чыккыча айланабызга жүздөй адам топтолуп калыптыр. Наристени көрүп баары буркурап ыйлап жиберишти. Аларга кошулуп биз ыйладык. Балдар – биздин кийинки муунубуз да, алардын каза болгонун көрүү, тирүүсүн табуу да биз үчүн чоң сыноо болуп жатты. Эч бир элдин башына мындай сыноо келбесин. Ал наристеге ичимден өмүр тилеп, мындан аркы жашоосу жакшы өтсө экен деп жаттым.
– Ал жакта башка өлкөнүн куткаруучулары менен да иштеп жаттыңарбы?
И.: – Ооба, көбүнчө азербайжандыктар, тилин түшүнөбүз деп орусиялыктар менен чогуу иштеп жаттык. Азербайжандыктар менен кыргыздар Түркиядан эң аягында кайттык окшойт. Башка өлкөнүн куткаруучуларында заманбап техникалар көп экен, алардын иштегенин көрүп “биз да ушундай шаймандарды алышыбыз керек экен” деген ой менен келдик. Түркияда жашаган мекендештер колдоо көрсөтүп, тамак-ашын жасап келип жатышты. Тамак-аш, жол жүрүү жагынан кыйналган жокпуз. Түрк туугандар кээде аэропортко чейин жеке унаасы менен жеткирип коюп жатышты. Сый-урмат, жылуу сөз айтып узатышты. Учурдан пайдаланып бардык бизге колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирем. Дүйнө эли, анын ичинде Кыргыз эли кырсыктан алыс болсун!
– Айтканыңар келсин, жигиттер! Бар болгула, элдин керегине жарап аман жүргүлө.
Лунара Бекиева