“Падыша Артур” каймана аты бар чилилик футболчу Артуро Видаль өзүнүн өжөр жана агрессивдүү ойноо стили менен белгилүү. Аны оюн талаасынын гана эмес, көңүл ачуунун, эс алуунун да падышасы десек жарашат. Анткени чуулгандуу футболчунун ар бир эс алуусу полиция кызматкерлери менен мушташуу жана унаа кырсыгы менен коштолуп турат.
Толук аты-жөнү – Артуро Эрасмо Видаль Пардо
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 22-май
Туулган жери – Чили, Сантьяго шаары
Бою – 180 сантиметр
Салмагы – 75 килограмм
Оюн талаасындагы позициясы – жарым коргоочу
Учурда ойногон клубу – “Фламенго” (Бразилия)
Трансфердик баасы – 1 миллион 70 миң евроАТ САРАЙДЫ ТАЗАЛАП ЧОҢОЙГОН...
Психологдор адамдын бардык көйгөйүнүн тамырында балалыгында алган жараттар жатат дешет. Артуро Видалдын балалыгы оор өткөн. Ичимдикке берилген атасы болочок футболчу 5ке чыкканда үй-бүлөсүн таштап кеткен. Жөн кетпей Артуро менен 3 агасынын бөлмөсүндөгү керебеттерди өрттөп, ал өрттөн Артуро менен агаларын апасы араң аман алып чыккан. Кыйын күндөрдө 9 жаштагы каарманыбыз ат баккан сарайда аттар турган жердин кыгын тазалап иштеп апасына жардам берип жүргөн. “Үйдө тамак-аштын жетишсиздигинен дайыма маанайым жок, муңайым тартып жүрчүмүн” деп эскерет футболчу балалыгын. Футбол Артуро үчүн сүйүктүү нерсе гана эмес, үй-бүлөсүн жакырчылыктан алып чыгуу үчүн бирден бир чоң мүмкүнчүлүк болгон. Ал мүмкүнчүлүктү Видаль колдон учурган жок. Атактуу футболчу болгондон кийин ал апасына Сантьягодон эки кабат үй сатып берип, өзү иштеген ат сарайдан 90 миң еврого ат сатып алган.ОЮН ТАЛААСЫНДА БААРЫН ЖАСАЙ АЛАТ
Артуро Видаль Чили футболунун эң перспективдүү муунунун өкүлү. Улуттук курамдын тарыхында биринчи эл аралык наамдарды алып келген универсал футболчу. Ал дээрлик бардык позицияларда ойной алат жана машыктыруучунун тактикасын так, таамай аткарат. Топ талашып, чабуул жасап, таамай пастарды берип, гол киргизет. 11 жашынан баштап футбол ойноп, кийин таякесинин жардамы менен Чилидеги “Коло-Коло” футбол клубунда машыгып калган. Ал жакта оюну үчүн айына 50 доллар акы алчу. Бул каражат ошол убакта үй-бүлөсүнүн коммуналдык төлөмдөрүн төлөөгө жетип турган. Жумасына 2 жолу машыгууга барып тер төккөн футболчунун эмгегин машыктыруучу Уго Гансалес көз жаздымда калтырбай, аны команданын башкы курамына кошкон. 2006-жылы Видаль “Коло-Коло” командасынын курамында биринчи жолу профессионалдык мелдештерге катышып, үч жолу Чилинин чемпиону боло алды. Ал эми улуттук курама команда үчүн Түштүк Америка кубогунда көңүл тоёрлук оюн көрсөтүп, 2007-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болгон. Анын бул ийгиликтери Европага эшик ачып, ал жактагы алдынкы клубдар менен иштешүүгө жол ачты.
ПОПУЛЯРДУУЛУКТУ КӨТӨРӨ АЛБАЙ...
Жакырчылыктан араң суурулуп чыккан Артуро Европада популярдуулугунан баш айланып, азгырыктарга туруштук бере алган эмес. Анын короздукундай чач жасалгасын айрым күйөрмандары өзгөчөлүк катары бааласа, оюн талаасындагы атаандаштары иренжий турганын айтышкан. Денесин толтуруп татуировка тартканына адегенде бир тууган агалары, апасы кыжыры келсе, кийин футболчунун ченемсиз обу жоктугун кадимки көрүнүш катары кабылдап калышкан. Видаль үй-бүлөлүк жашоодо да туруктуу күйөө боло алган жок. Айтсак, жубайы модель Мария Тереса Матус менен
3 балалуу болгондон кийин чуулгандуу жүрүм-туруму, кыз жандуулугунан улам эки айрым жолго түшкөн. Учурда футболчу жаңы сүйүктүүсү колумбиялык фитнес-модель Соня Исаза менен бирге. Ал моделдин кучагында түшкөн сүрөтүн жарыялаганда көпчүлүк “бул ажырашты беле же катардагы көңүл ачууларынын бириби?” деп суроо узатышты.
КААРМАН ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:
Лунара Бекиева