АЛЕН МЕНЕН КУМАР СПОРТТУ ТАШТАШТЫБЫ?

Жергиликтүү кабарлардан

Парламенттик шайлоого башка чөйрөнүн өкүлдөрү менен катар эле спорт адамдарынын да активдүү катышканы жалпыга маалым. Бийликке умтулган партияларды колдоп жүргөндөрдүн катарында белгилүү кикбоксчулар Ален Офойо менен Кумар Жалиев да болгон. Ален “Республика” партиясынын талапкерлеринин тизмесинде жүрсө, Кумар “Ата Журт” партиясын колдоп чыккан. Учурда аталган эки партия тең бийликте. Ушуга байланыштуу “Гермес-профинин” бул өкүлдөрү спорт менен алектенүүсүн токтотуп, саясатка аралашмакчы болушуптур” деген маалымат тараган. Бирок биз аларга кайрылганыбызда мындай маалыматты четке кагышты. “Мен өзүм “Ата Журттун” колдоочусумун, бирок мүчөсү эмесмин. Үгүт учурунда чакыруу менен жана өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн бул партияны колдодум. Учурда саясатка аралашпай эле, спорттон кетпей эле залга барып машыгып жүрөм”,- деди Кумар. Буга улай Ален: “Менин эч кандай саясатка аралашуу деген оюм жок. Мен үчүн спорт башкы орунда”,- деп баса белгиледи.
Эске салсак, Кумар Жалиев менен Ален Офойо профессионалдар арасында Евразиянын чемпиону болуп саналышат.


«НЕФТИЧИЛЕРГЕ» СЕРБИЯЛЫКТАР ЖАРДАМ БЕРИШЕТ
“Тайпадан чыгуу”. Шериктештик кубогунда кочкор-аталык “Нефтичиге” жетекчилиги тарабынан дал ушундай милдет коюлду. 14-декабрда чогулган команданын футболчулары Кочкор-Атада жана Бишкекте машыгуу сборлорун өткөрүүгө жетишишти. 8-январда Алматыда Казакстандын 1-Лигасынын өкүлү “Ак-Булак” менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.
Команданын менеджери Медер Сыдыков маалымдагандай, команданын курамы 50 пайыз өзгөрүүгө дуушар болду. Курамга жаңы кошулган футболчулардын ичинде Лука Благожевич, Марко Хеделкович, Мирослав Петронижевич аттуу сербиялык 3 футболчу да бар. Команда Санкт-Петербургга 13-январда сапар алды. Делегацияга 25 адам кирип, анын бешөөнү расмий жүздөр (команданын башкы машыктыруучусу, вице-президенти, менеджери, дарыгери, котормочусу) түздү.
Эске салсак, “Нефтичи” “А” тайпасына туш келген жана дебюттук оюнун 15-январда Азербайжандын чемпиону – “Интерге” каршы өткөрөт.

“Нефтичинин” оюндарынын жадыбалы:

15-январь, ишемби, саат 14:00 (Бишкек убактысы менен)
“Интер” (Азербайжан) – “Нефтичи”
16-январь, жекшемби, саат 14:00
“Нефтичи” – “Искра-Сталь” (Молдова)
18-январь, шейшемби, 15:00
“Истиклол” (Тажикстан) – “Нефтичи”


КЫРГЫЗСТАНДАН КОЧКАРОВ МЕНЕН ТОКОБАЕВ БАРДЫ
Ушул күндөрү Катарда футбол боюнча Азиянын кубогу өтүп жатат. Азия континентинин чемпиондугу үчүн күч сынашып жаткан 16 өлкөнүн ичинде Кыргызстан жок болсо да, мелдеш кыргызстандыктардын катышуусусуз өткөн жок. Бахадыр Кочкаров калыстык милдетин өтөп жатса, Кемел Токобаев беттештерге комиссар болуу үчүн чакырылган. Калысыбыз Кочкаров омандык Абдулла Аль-Хилалинин бригадасы менен бирге 10-январда “Корея-Бахрейн” беттешинде старт алды.
Ал эми Токобаев чү дегенде эле тайпалык баскычтын 5 беттешинде комиссар болмокчу. Мелдештин натыйжаларына токтолсок, 1-турда көптөгөн сенсациялар орун алды. Азиянын жаңы чемпиону 29-январда билинет. Азырынча башкы талапкер деп Австралия аталууда. Ал эми континенттин учурдагы чемпиондук наамы Иракка таандык.

1-турда катталган эсептер:

«А» тайпасы
Катар – Өзбекстан – 0:2
Кувейт – Кытай – 0:2
«B» тайпасы

Сауд Арабия – Сирия – 1:2
Япония – Иордания – 1:2
«C» тайпасы
Түштүк Корея – Бахрейн – 2:1
Индия – Австралия – 0:4
«D» тайпасы

Ирак – Иран – 1:2
Түндүк Корея – БАЭ – 0:0


“МУХАММЕД-УМАРДЫН” ЖАШТАРЫ КЕРЕККЕ ЖАРАП...
Жыл тогошор алдында жаш дзюдо чеберлерибиз өлкөбүзгө жеңиш алып келишкен. Алматыда өткөн Ахмет Байтурсуновдун элесине арналган эл аралык мелдеште Оштун клубунун жаш тарбиялануучулары Мамыт уулу Жакшылык (“Мухаммед-Умар”, Барпы атындагы мектептин окуучусу), Рахман уулу Ислам (“Мухаммед-Умар”, Оштогу Юридикалык колледждин студенти) жана Шатман Болотканов (РУОР) керекке жарашкан эле. Жакшылык (50 килограмм салмакта) чемпиондукту жеңип алса, Шатман (60) күмүш жана Ислам (55) коло медалга татыган. 16 жаштагы өспүрүмдөрдүн Орусия, Казакстан, Өзбекстандын катышуусунда 100дөн ашуун атаандаштан суурулуп чыгып, байгелүү орундарга илинүүсү кубандырбай койгон жок.
Бир катар эл аралык мелдештерде туубузду көтөргөн “Мухаммед-Умардын” айтылуу өкүлдөрү – Нурлан Тиленчиев, Рашит Аманкулов жана Кылыч Саркарбаевдердин жолун аталган өспүрүм спортчуларыбыз улашарына ишеним чоң.


НАМЫСТЫ АЛДЫРЫШКАН ЖОК
Жакында Бишкекте улуу ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдыгына карата бел боо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өткөн. Ага өлкөбүздүн аймактарынан келген балбандардан тышкары коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген спорт чеберлери да катышты. Кубандырганы – мекендештерибиз намысты алдырбай, көп салмакта чемпиондукту Кыргызстанга алып калганга жетишишкени.
Бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча жеңүүчүлөрү: Ырысбек Ажыбеков (Бишкек, 62 килограмм салмак категориясы боюнча), Атабек Болотов (Талас, 68), Алибек Бакиров (Ош, 75), Нурбек Кожобеков (Бишкек, 82), Нурзат Бегасилов (Казакстан, 90), Эскархан Осканов (Казакстан, 100), Кенжебек Бапиев (Бишкек, +100). Эркин күрөшүү түрү боюнча чемпиондор: Бакытбек Карабалаев (Ош, 62), Каныбек Аман уулу (Бишкек, 68), Жылдызбек Жапаркул уулу (Бишкек, 75), Кайрат Бегайдаров (Казакстан, 82), Орозбек Насыров (Жалал-Абад, 90), Бекболсун Кушубаков (Талас, 100) жана Туратбек Тойчубеков (Бишкек, +100).


Эл аралык кабарлардан

КЫРГЫЗСТАНГА КОШО ДҮЙНӨ ДА МЕССИНИ ТАНДАДЫ
10-январда Цюрихте өткөн ФИФАнын сыйлык тапшыруу салтанатында бүт дүйнө дагы бир жолу аргентиналык Мессинин мыкты экендигине ынанды. Талантына баш ийип таазим кылды десек болот. Мындан бир нече сан мурда “Кыргызстан Мессини тандады” деп жазган элек. Эми минтип дүйнө да Мессини теңдешсиз деп таап отурат. Жаңы Марадона деп аталган Лионель “Алтын топко” 2-ирет катары менен жетти. Жөнөкөй жигит Месси өз сөзүндө былтыркыга караганда быйыл жеңип чыгуу кыйынга тургандыгын моюнга алды.
Пушкаш атындагы “Мыкты гол” сыйлык наамы түркиялык Хамит Алтынтопко (Казакстандын дарбазасына киргизген голу үчүн) буюрду. Кызыгы, Алтынтопко сыйлыкты дал ошол голду өткөрүп жиберген дарбазачы Андрей Сидельников тапшырды. Уюштуруучулардын мындай кадамы көпчүлүктү жылмайтты. Жаңы кабыл алынган “Мыкты машыктыруучу” сыйлыгына португалиялык Жозе Моуринью ээ болду. Бразилиялык Марта 5-ирет катары менен “Жылдын мыкты футболчу айымы” аталды.


ШЕЙХТЕР “ГАРЕМ КУРУУНУ” УЛАНТЫШУУДА
1-январда Кышкы трансфердик мезгил башталып, бир катар дүйнөлүк командалар жаңы футболчуларды сатып алуу менен алек. Бул жолу да футболчулардын “базарында” активдүүлүктү арабиялык шейхтер ээлик кылган англиялык “Манчестер Сити” көргөзүүдө. Тамашалуу түрдө айтканда, шейхтер футболчулардан “гарем курууну” улантышууда. Трансфердик мезгил башталары менен “Ситинин” курамына Босния жана Герцеговинанын жараны, германиялык “Вольфсбургдун” чабуулчусу Эдин Жеко келип кошулду. Жеко үчүн “Ситинин” кожоюндары 30 миллион евросун аяшкан жок. Башка маанилүү трансферлердин катарына Роналдиньонун мекенине кайтуусун жана голландиялык жаш талант Афеллайдын “Барселонанын” курамына кошулуусун айтсак болот. Соңку трансферлер жөнүндө кенен маалыматты төмөнкү таблицадан алсаңыз болот.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
0777
2011-01-15 06:29:48
Kumar bayke sonun bala menen tanywyp kalganmyn Ata Jurt owkko kelgeninde Kumar Nurlan Sulaymanovtu ohranasy bolgon// abdan sonun bala
0
№ 428, 14-20-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан