ФЕРРИТИНДИН ОРГАНИЗМДЕГИ РОЛУ

“Ферритинди текшерүү азыр абдан популярдуу болуп кетти, көпчүлүк врачтар ферритинге анализ тапшырууну жазышат. Бирок бардык эле адамдардын аны тапшырууга мүмкүнчүлүгү жетпейт”,- дейт жогорку категориядагы врач-гемотолог Шербет Жусупова. Адис менен организмдеги чоң кызматты өтөгөн ферритин тууралуу баарлашып, кеңеш алдык.

“Гемоглобин жакшы көрсөтүшү мүмкүн, бирок...”

– Ферритин – бул үч валенттүү темирди курамына камтыган белоктуу комплекс. Тамак-аш аркылуу келген темирдин 55-65 пайызы гемоглобинге жумшалса, 20 пайызы ферритин түрүндө боордо, көк боордо, сөөк кемикчесинде запас катары сакталат. Эгер организмге тамак-аш аркылуу темир келбей калса ферритин түрүндө запаста сакталып турганы иштетилип баштайт. Ошондуктан гемоглобинди текшергенде ал жакшы деп көрсөтөт да, ага карабастан адамда алсыздык жаралып, териси кургап, чачы түшүп, тырмактар жукарып жаткан болот. Ушул алгачкы белгилерди байкоо менен организмде баланс бузулуп, ферритин жетишсиз боло баштаганын билсе болот. Бул темир жетишсиз болгон көмүскө анемия деп аталат.

“Алгач себебин жок кылуу зарыл”

– Канда темир 5 граммга чейин болот. Анын аз болушунун көп себептери бар, эң башкысы – тышкы жана ички кансыроо:

  • ай сайын айыздын көп келүүсү
  • кош бойлуу кезде баланы да кан менен камсыздоо учурунда
  • төрөттөн кийинки кансыроо
  • мурундун канай бериши
  • ар кандай кан агуу менен коштолгон ринит оорулары
  • геморройдо кан агышы
  • ички органдардын ичтен кансырашы
  • ошондой эле ичке ичегиде заттардын жакшы сиңбей жатышы же ич өткөк
  • эт азыктарынан баш тарткан вегетариандар

Мындай учурда алгач себебин жок кылуу кажет. Мисалы, айыз учурунда кан көп келет, кандын уюп келиши да бир белгилеринен, же тамактануусу начар болуп жаткандыр, же геморрою күчөп канай береттир. Эт жебеген адамдарда ичегидеги темирди сөөк кемикчесине жеткизүүчү трансферрин деген белок жетишсиз болот, ал эт азыктары менен гана келет. Мына ушул сыяктуу таасирлерин жоюп алгандан кийин ферритиндин балансы да калыпка келип баштайт. Жетишсиз болгондогу белгилери

– Башка оорулардан айырмаланып турган белгиси эле теринин кургашы, жебей турган азыктарга аппетит тартуу (бор, топурак, ун, камыр жана башка), жагымсыз жыттардын жагымдуу сезилиши, чачтын түшүшү, эрте агарышы, тырмактын жукарып сынышы эсептелет. Врачтар мына ушул белгилерине басым жасап анан аныкташса болот. Организм бул учурда өзү да күрөшүп баштайт, кандай тамак жебесин темирди көбүрөөк өткөзүп, темир жетиштүү болсо аз өткөрөт. Мындан сырткары уйкусу тынч болбошу, күндүз, тескерисинче, уйку басуу, алсыздык, бат ачуулануу сыяктуу белгилери байкалат. Эгер темир жетишсиз болгон анемияга өтүп кетсе курамында темир бар дары-дармектерди бир ай ичүү сунушталат. Эгер ал жардам бербесе, анда сиңимдүүлүгү начар болуп жатканы. Анда эмнеге сиңбей жатканын аныктап чыгуу зарыл, ошого жараша кийинки аракеттер көрүлөт.

“Өспүрүм куракка жеткенде темир көп керектелип баштайт”

– Ферритиндин көрсөткүчү жаңы төрөлгөн балдарда көп болушу мүмкүн, бирок анын көлөмү акырындан түшүп баштайт. Кош бойлуу аялдарга, өспүрүм курактагыларга темир көп керектелет. Ушул учурда бардык элементтерди камтыган, анын ичинде темирге бай азыктар рациондо болгону жакшы. Ферритин аялдарга караганда эркектерде жогору болот. Анализ алуучу лабораториялардын норма көрсөткүчтөрү ар кандай болгондуктан так айтууга болбойт, бирок 10дон ылдый түшүп кетсе темир жетишсиз болгон анемиялык стадия башталат. Темир жетишсиз болгон анемияда адам бактериялык жана вирустук ооруларга бат чалдыгат. Кош бойлуу аялдар жабыркаса маалына жетпей төрөп же баланын бою өспөй калат, жаш балдардын бою өспөй, акыл-эсинин өөрчүшүнө терс таасирин тийгизип баштайт.

Болжолдуу түрдө наристелерде – 1 литрде 55тен 210 микрограммга чейин

Өспүрүм кыздар жана аялдарда – 1 литрде 21ден 250 микрограммга чейин

Өспүрүм балдар жана эркектерде – 1 литрде 30дан 310 микрограммга чейин

“Ферритин нормасынан көп болгону оор оорулардын белгиси”

– Кээ бир ооруларда, мисалы, сөөк кемикчесинин апластикалык анемиясы, боордун цирроз оорусу, бөрү жатышта (красная волчанка) ферритин норма, нормадан жогору болушу мүмкүн, бирок гемоглобини 30-40ты көрсөтүп анемия болот. Бул сөөк кемикчеси, боордо темир көп, бирок аны иштете албай жатат дегендик

Кантип көтөрүү керек?

– Ферритин жетишсиз болуп жатса, албетте, темирге бай азыктар сунушталат. Алар: эт, боор, ачытылган жарма, жаңы сүзүлгөн бозо, балык, жумуртка, жаңгак түрлөрүн, сиңиши жакшы болушу үчүн С витаминине бай азыктарды рационго кошуу керек.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан