Назарбек Рысалиев, балбан Жоламан, Тынар Шаршенбековдордун атасы: «МЕН ЖЕТПЕЙ КАЛГАН КЫЯЛГА БАЛДАРЫМ ЖЕТТИ»

Жоламан, Тынар Шаршенбековдор – кыргыз элин жеңиштери менен кубантып келе жаткан көрүнүктүү балбандар. Кыргыз желегин дүйнө жүзүнө желбиретип жаткан бир эмес, эки спортчуну тарбиялап өстүргөн, уулдарына спортко жол салып берген Назарбек Рысалиев менен баарлаштык.

“БААРЫН ТАШТАП, СПОРТКО БАСЫМ ЖАСАДЫК”

– Биз 9 бир тууганбыз, менден улуу эжем бар. Эркектердин улуусумун. Бала кезде абдан күрөшкүм келчү, анда айылда күрөш залы деген жок, райондун борборунда гана машыгуу залы бар эле. Айылдан 3-4 чакырым жолду жөө басып залга барып келчүбүз. Ал деле бирде иштеп, бирде иштебей калчу. Шартка байланыштуу көп нерсеге ошол кезде жетпей калдык. Айылда мелдеш болуп калса кыргыз күрөшпү, эркин күрөшпү чыгып күрөшө берчүмүн. Кийин үйлөнүп айылда ата-энем менен чогуу жашап калдык. Ошол учурда акча чогултуп мат алып келип, айылдагы күрөшкө кызыккан балдарды машыктырып жүрдүм. Өзүмдүн 3 уул, 2 кызым бар. Балдарыбыз бир аз чоңоюп калганда “айылда жүрө бергенге болбойт, өзүм жетпесем да, балдарга шарт түзөйүн” деп Бишкекке келдик. Биз иштеп жүргөндө балдарыбызды апам багып берди, балдардын баары эле чоң ата-чоң энесинин колунда өсүштү. Отурукташып калганда колубузга алдык. Бишкекке келгенде эле улуу балам Касымбек менен Тынарды машыктыруучу Хаким Махмудовго алып баргам. Кийинки жылдары анан Жоламан бара баштады. Эртең менен күрөшкө, анан сабакка, кайра күрөшкө барып жүрүп эле мектепти бүтүрүштү. Негизи ар бир үй-бүлөдө бир нерсеге шык болот. Биздин багыт башынан эле спортко ыкталган. Чоң спортто ийгилик жаратсак деген максатыбыз бар болчу. Бардык нерсени таштап, спортко гана басым койдук. Улуу балам деле күрөштө жүрдү, бирок ал кийин билимге ыктап, өз жумушу менен кетти. Тынар менен Жоламан бири-бирин жетелеп спортто келе жатышат. Ушул күнгө чейин эле Хаким агай балдардын жеке машыктыруучусу. Ал киши бир эле күрөштү эмес, тарбияны, ыйманды, жүрүм-турумду, баарын үйрөттү. Баланы тарбиялоодо бир эле ата-эне эмес, коом дагы чоң роль ойнойт эмеспи. Балдарымдын ушул даражага жетишине жалпы машыктыруучуларынын, колдон-буттан алып ар дайым колдоо көрсөтүп келишкен кыргыздын чыгаан жигиттеринин салымы өтө чоң. “Жандоочу кийик аттырат” дегендей, булар командасы менен өтө ынтымактуу, бири-бирин сыйлап турушат. Ийгиликтин артында көпчүлүктүн эмгеги турат. Өзгөчө спортто миң кыйын болсоң да, жалгыз өзүң эч нерсеге жете албайсың. Көпчүлүктүн колдоосу, батасы менен гана ийгиликтерге жетип жатышат.

“ЭҢ ЭЛЕ ИЙГИЛИКСИЗ УЧУР ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫ БОЛУП КАЛДЫ”

– Жоламан 2015-жылы 15 жашында кадеттер арасында Азия чемпиону болгон. Ошол жылдан тартып турнирлерге ар дайым катышып, Кудайга шүгүр, ийгиликтүү эле келе жатат. Жок дегенде 3-орунду алат. Эң эле ийгиликсиз учур Токиодо өткөн Олимпиада оюндары болуп калды. Анда өзү да күйүп кетти. Эл да эрте ишеним артты, өзү да бир аз жаштык кылып койду. Болбосо андагы атаандаштарын мурда уткан да. Ошол жерден өзүн жоготуп алды көрүнөт, алдырып койбодубу. Ошондо баарыбыз катуу стресске түштүк. Мен Кудайдын буйругу деп санаага көп алдыра бербейм. Бирок Жоламандын кыйналып жатканын көрүү мага да оор болду. Ошондон кийин балам олуттуу мелдештерге кеткен сайын санааркай баштадым. Бул эми эл оозуна илинип, жеңиш үстүндө жүргөн бала да. Эл деген бирде көкөлөтүп көтөрүп, бирде түшүрүп таштайт. Бир аз катачылык кетирип утулуп калса эле болду, ар кандай кептер айтылат. Булар мелдеш сайын салмак куушат, организм деле чарчайт. Кээде калыптанууга жетишпей калышат. Эми спортто бирде утасың, бирде утуласың. Баарына шүгүр кылыш керек. Азыр Жоламандын күчкө толуп турган учуру, буюрса, ийгиликтери али алдыда. Былтыркы жыл да жакшы жылдардан болуп, Дүйнө чемпиону, Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун мыкты балбаны болду.

“ЭЛ АЛДЫНДА БИЗДИН ДА ЖООПКЕРЧИЛИК БАР”

– Жоламан, Тынар экөөнүн тең мүнөзү абдан жумшак, элпек. Бирөөгө катуу сүйлөбөйт, көңүл оорутчу оройлугу жок. Жоламан өтө өжөр, кылам дегенин кылат, өзү да спортко шыктуу, спорттун кайсы түрү болбосун илип кетчү жөндөмү бар. Булар Кыргызстандын туусун көтөргөн элдин кишилери болуп калбадыбы. Андыктан эл алдында биздин да жоопкерчилик бар. “Элге таанылып калышты, балдарымдын адамдык касиет-сапаттары жакшы болсо экен, жакшы жүрсө экен” дейбиз.

“АТАМ ШАРШЕНБЕК ДЕП МЕНИН АТЫМДЫ ЧЫГАРЫШУУДА ДЕП ТАМАШАЛАП КАЛАТ”

– Сбор, турнирлерден келгенде Жоламан, Тынар экөө тең айылга барышат. Чоң ата-чоң энесине эркелеп ээн-эркин жүрүп, эс алып калыптанып келишет. Алар да неберелерим келет деп буларга эт-ашын, тоок, үндүктөрүн камдап күтүп турушат. Балдар чемпиондукка күрөшкөнү кеткен сайын атам Бишкекке келет. Аларды тосуп алганы аэропортко барат. Неберелеринин ийгилигине кубанып, сыймыктанып калат. “Балдарым Шаршенбеков деп менин атымды чыгарып жатышат, атасы болгонуң менен, Назарбек деп сенин атың айтылбай эле да” деп мени тамашалай берет.

“БАЛДАРДЫ КӨРҮҮГӨ ӨЗҮБҮЗ ЗАР БОЛУП КАЛАБЫЗ”

– Өлкө чемпиондугу өтүп, курама команда түзүлгөндөн кийин эле сборго кетишет. Мелдештерден кийин ашып кетсе бир жума бош убактылары болот. Бирок анда деле убактылары өтө тар, балдарыбызды көрүүгө кээде өзүбүз зар болуп калабыз. Алар мелдешке кеткенде “командасы менен ийгиликтүү кайтса экен, Кудайым күч-кубат берсин” деп дуба кылып турабыз. Кудайга шүгүр, өткөн аптада Болгарияда өткөн мелдеш грек-рим күрөшү боюнча барган команда үчүн ийгиликтүү болду, анын ичинде Жоламан да алтын байгеге ээ болбодубу. Мелдештерин калтырбай көрөбүз. Кудайга шүгүр, учурунда койгон максатыма, кыялыма өзүм жетпесем да, балдарым жетип жатат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1057, 10-16-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан