Анара Ахунбаева, Иса Ахунбаевдин кызы: «АТАМДЫН ОПЕРАЦИЯСЫНА БҮГҮН ДАГЫ РАХМАТ АЙТЫШАТ»

Элесине гүлдесте

“Операция жасоого макулдугуңуз жазылган катты алдым. Сизге ыраазычылык билдирүү үчүн сөз таппай отурган кезим...” деп жазылган катты окуп жаттым. Аны 1967-жылы алыскы Польшанын жараны Тереса жазган экен. Жүрөгү оорукчан польшалык айым кыргыз дарыгерине акыркы үмүтүн арткан тура. Бул белгилүү хирург Иса Ахунбаевге багытталган жүздөгөн каттардын бири.
Бүгүн атактуу хирургду эскерүү менен кызы Анара эженин маегин сунуштоону туура көрдүк.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
Туулган жылы – 1908-жыл, 25-сентябрь
Каза болгон жылы – 1975-жыл, 5-январь
Туулган жери – Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылы
Кыргызстанда биринчи жолу жүрөккө операция жасап, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган. 300дөн ашуун илимий иштин автору.
СССРдин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, “Эмгек сиңирген илимий кызматкер” жана “Эмгек сиңирген врач” наамын алган. 2001-жылы экс-президент Аскар Акаев тарабынан XX кылымдын көрүнүктүү илимий жетишкендиктери үчүн алтын медаль тапшырылган. Ал эми 2008-жылы экс-президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академияга ысымы берилген. Андан сырткары Бишкек шаарынын чоң көчөлөрүнүн бири Иса Ахунбаевдин атын алып жүргөнү белгилүү.

ӨЖӨР ӨСПҮРҮМ КЕЗ
Карапайым үй-бүлөнүн кулуну Иса үч бир тууган болгон. 1916-жылдагы Үркүндө ата-энеси менен Кытайга качып, башынан далай оор күндөрдү өткөргөн. Ысык-Көлгө кайтып келгенден кийин 15 жашында партага отурат. Мектепте окуу үчүн 20 чакырым алыстыкты жөө басып, Тору-Айгыр айылынан Балыкчы шаарына келип-кетип турган. Ал эле эмес, 1925-жылы куржунун артып алып Балыкчыдан Бишкекке жөө келет. Ошентип отуруп соңунда Медициналык институтту ийгиликтүү аяктайт.

БАРДЫК ЖЕРДЕ БИРИНЧИ!
1948-жылы доктордук диссертациясын жактап, Иса Ахунбаев Медициналык институттун ректору болот. Ушул эле жылы ал кыргыздардан биринчи болуп СССРдин Илимдер академиясынын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Ал эми 1954-жылы Кыргызстанда Илимдер академиясы ачылып, ал анын биринчи кыргыз президенти болуп шайланат.
1959-жылы Орто Азияда Иса Ахунбаев алгачкы жолу жүрөккө операция жасап, тарыхта аты калган.

КЕЛИШПЕСТИК ЖАНА КЫРСЫК
Таланттуу хирургдун баш айланткан ийгилиги айрымдарга жакпаган чыгар, Иса Ахунбаев көп жылдар бою топтогон тажрыйбасын ишке ашыра баштаганда аны кызматтан кетиришет. Буга “улутчул” деген куру шылтоо себеп болгон. Маркум Дооронбек Садырбаев белгилүү хирург менен Кыргызстандын Компартиясынын биринчи катчысынын ортосундагы пикир келишпестиктерге токтолуп, Иса Ахунбаевди “бийлик менен күрөшкөн улуу оппозициячы” деп атаган. Хирургду “улутчул” деп күнөөлөө күчүндө турган кезде, 1975-жылы Иса Ахунбаев автокырсыкка кабылып, аны менен чогуу жубайы, кызы жана күйөө баласы көз жумган. Эл арасында бул кырсыкты улуу инсанды өлтүрүү үчүн атайын уюштурулган деп келишет.

«АТАМ БЕРГЕН СААТТЫ ЖОГОТУП АЛЫП,
АЗЫР ДА ӨЗҮМӨ КЕЛЕ ЭЛЕКМИН»
– Атаңыз сыяктуу адамдар бүт өмүрүн жана болгон убактысын ишке арнап коюшат эмеспи. Айтыңызчы, Иса Ахунбаев үйдө кандай ата эле?
– Ал киши бош эместигине карабастан, эң мыкты ата болчу. Жумуштан чаалыгып келсе да, балдарына сөзсүз убакыт бөлө турган. Сырткы көрүнүшүнөн катаал сезилгени менен, ушунчалык ак көңүл киши эле. Баарыбыз жабалактап жанынан чыкпай, дайыма кеңеш сурап турганыбыз эсимде. Анын сөзү чечүүчү болуп, жерде калбай, аткарылчу.
Атам үйгө гана эмес, коомго да керек адам болгондуктан, ал убакта кайрылган кишилердин саны толтура. Тынбай каттар келип, атам баарына жооп жазууну адатка айланткан. Дал бүгүнкүдөй эстейм, оорулуулардан келген каттарга кылдаттык менен мамиле жасачу. Бул тууралуу 20 мүнөттүк “Мен Иса” деген даректүү тасмада кенен айтылган.
– Канча бир туугансыз? Ахунбаевдердин династиясы ийгилик­түү уланып жатабы?
– Биз беш бир тууган элек. Эң улуусу Мустафа Опера жана балет театрынын башкы режиссёру болуп эмгектенип, азыр пенсияда. Эжем Неля атам менен чогуу иштеп баштап, учурда Славян университетинде мугалим. Кесиби – хирург, профессор деңгээлине чейин жетти. Ортончубуз Чынара автокырсыкта атам менен чогуу каза болгон.
35 жаш курагында капилеттен кырсыкка учурабаса, Москвадан докторлугун жактамак. Байкушумдун боюнда да бар болчу. Андан кийин мен. 68 жашка келип калганыма карабай, Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетинде орус тилинен сабак берип келем. Ал эми кенжебиз Медер дагы илимдердин доктору болчу, бирок оорудан улам кайтыш болуп кетти.
Династияга келсек, атам менен апам врач эле. Кийин алардын жолун Неля менен Медер улантты. Анан неберелери Сталбек – онколог, Алмаз – хирург, менин кызым Жибек уролог болуп иштейт. Дагы бир небереси Сүйүмкан мединститутту аяктап, бирок кийин башка тармакка өтүп кетти. Тилекке каршы, чөбөрөлөрүнөн эч ким Медициналык институтка тапшырган жок. Башында “биз дагы врач болобуз” дешкени менен, замандын талабы аларды башка жолго салып кетти.
– Кесипти тандоодо дагы атаңыздын сөзү өтүмдүү болчу беле?
– Жок, ал эч качан балдарын “врач болосуң” деп кыйнаган эмес. Албетте, биз анын кеңештерине кулак салчубуз. Алсак, мен врач болууну каалап келгениме карабастан, филолог болуумду сунуштаган. Мен анын тилине кирип, ушул кесиптин ээси болуп калдым.
– Эмне үчүн атаңыз медицина тармагына келип калганын билесизби?
– Атам жашаган мезгил “караңгы” эмес беле. Мына ошондо айылдын бир келини төрөттө аябай кыйналат. Дарыгер жок болгондуктан, мүнүшкөрдү чакырышкан экен. Ал бүркүтүн коюп алып, аты менен ары-бери чапкылайт. Аял кыйналганы үчүн бакырганына карабай, “сүф-сүф” деген сөздөрүн айтып, камчы менен сабайт. Би­рок байкуш келин төрөттөн каза болот. Мунун баарына баам салып отурган атам аябай бушайман болуп, көл жээгинде көпкө жүрүптүр. Ушул окуя аны медицина тармагына алып келген экен.
– Атаңыз эске түшкөндө кө­бүнчө кайсы учур көз алдыга тар­­ты­лат?
– Акыркы Жаңы жыл. Ооба, 1975-жылга караган Жаңы жылда баарыбыз чогулганбыз. Ал неберелерин кубантуу үчүн атайын Аяз атага айланып, Москвадан алып келген белектерин тартуулаган. Ал кайда барбасын, бизге белек алууга аракет жасаганы көңүл жылытчу.
– Сиз сактап жүргөн белеги барбы?
– Эстеликке калчу көп белектерди берген. Бирок анын ичинен эң кымбаты – атам тартуулаган кол саат. Кызыгы, аны өзү 60 жашка чыкканда туулган күнүндө колума карматкан. Бирок жакында эле ошол кымбат белекти жоготуп алып, капа болуп отурам.
– Каза болордун алдында кызматтан алынганын эмнеге байланыштырасыз?
– Атам табиятынан бетке айткан киши болгон. Балким, анын ушундай сапаты себепкер болушу мүмкүн. Анын үстүнө ошол мезгилдин жетекчилиги менен көз карашы дайыма эле төп келчү эмес. Улутчул деп күнөөлөштү, бирок бул таптакыр туура эмес!
– Атаңыз далай операцияларды башынан өткөрбөдүбү. Анын колунан дарылангандар азыр деле ыраазычылыгын билдирип келишет чыгар...
– Ооба. Жакында эле атамдын колунан операция болгон кишинин кызы келип кетти. Ал кокусунан менин аты-жөнүмдү китептен көрүп калып, университетке издеп келиптир. Сабактан чыга калсам, колуна гүл кармап турган экен. Жүрөк оорулуу атасы 90 жашка чыгып каза болгонун айткан кызы дагы бир ирет ыраазычылыгын билдирсе, албетте, сүйүнбөй койбойсуң. Дагы бир келин жүрөгүнөн операция болгонго чейин төрөй албай жүргөн экен, дарттын айынан. Бирок атамдын колу менен операция жасалып, кийин ал эже 8 бала төрөдү.
Андан да кызыктуусу менин бир студентим айтып келген окуя болду. Бир бакшы бар экен, ага атамдын арбагы келип, адамдарды кантип дарылоо керектигин айтып берет имиш.
– Атаңыздын фамилиясын алып жүрүү жоопкерчилик­түүбү?
– Ахунбаев деген фамилияны алып жүрүү өтө оор. Биз му­ну неберелерибизге да айтып келебиз. Атамдын улуу ысымын тийиштүү деңгээлде көтөрүп жүрүү­гө милдеттүүбүз (ушул учурда Анара эже көзүнө жаш алды). Биз аны уятка калтырбоо үчүн ак эмгектенип жүрдүк. Балдарыбыз дагы мектепти, кийин жогорку окуу жайды “5” менен аякташты. Биз эч качан Ахунбаев экенибизди эсибизден чыгарбайбыз.

Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө таанымал кыргыз уулдарынын саны чектелүү гана. Бир кезде туш тараптан орус, еврей, татар, казак дебей кыргыз врачына “акыркы үмүтүм” деп кайрылган оорулуулардын ишеничи бүгүнкүдөй сакталып турат. Кыргызга ушундай атак алып келген, колунан жүздөгөн адамдар даба тапкан хирург Иса Ахунбаевди өзүнүн бала-чакасы менен бирге ар бир кыргызстандык эстеп жүрүүсү зарыл.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
akylbekkg
2011-01-15 01:42:17
Биз сиздей адамдарыбыз менен сыймыктанабыз!
0
0777
2011-01-15 06:52:51
Isa Ahunbaevka otoo 4ooon rahmat siz Vra4tardyn stimuluuusuz
0
cosmopolit
2011-01-17 01:07:55

улуу Иса Ахунбаевге ар дайым таазим.!!! Кыргыздарга качан бетке айткан киши жакчу эле...тескерисинче эки суйлоп кошомат кылгандар жагат..бирок булар тарых беттеринен тез эле очуп калышат же таптакыр жазылбай да калышат...
0
janchar
2011-01-17 02:18:16
Ahunbaevdin olumuno
Usubalievdin tuzdon tuz tiewesi bar
0
Aelina
2011-01-19 08:13:50
Иса Ахунбаев биздин эстен кеткис, ар дайым сыймыктанып жургон адамыбыз. Балдары ушундай жакшы жетишкендиктерге жетишишиптир. Иса Ахунбаевке окшогон инсандарыбыз кобойо берсин!
0
akyljuke
2012-06-09 02:15:14
Анара Исаевна менин мугалимим, биздин университет да сиз менен сыймыктанат))))
0
№ 428, 14-20-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан