Сөздүн көркүн фразеологизмдер ачат. Төмөндө бир нече фразеологизмдин маанисине көз чаптыралы.
Тишинин кирин соруу – кезерип ачка жүрүү, наар албоо, оозуна алар тамак таппоо. Мисалы: Бул заман болбосо тиштин кирин соруп, көрүнгөндүн тепкисинде жүрөт элек («Ала-Тоо»). Азуусун айга бүлөгөн, азуусун айга жаныган, азуусун асманга кайраган – 1. Каарын төккөн, жаалданган, заарын чачкан. 2. Кайраттуу, эч нерседен кайра тартпаган, өткүр, өктөм. Мисалы: Кезинде азуусун айга жаныган Арстанаалы кылычынын курчтугун байкаш үчүн адамдын башын алдырган экен (Түгөлбай Сыдыкбеков).
Жаагын жануу – 1. Куюлуштуруп көп сүйлөө, чечен сүйлөө, безеленип тынбай ырдоо, сөзү, ыры түгөнбөө. 2. Басылбай, тыйылбай көпкө ыйлоо, тынбай ыйлай берүү (көбүнчө кичинекей ыйлаак балдарга карата). Мисалы: Зулай алды менен аябай кылыктанат, анан жаагын жанып бир ырдайт, тим эле күнү-түнү менен ырдаса да түгөнбөйт (Насирдин Байтемиров). Бешикке коёр элек таңып, какылдап ыйлаар элең жаагыңды жанып (Райкан Шүкүрбеков)
Жаздыгын басуу – арамдык кылуу, көз жазгыруу. Мисалы: Семетей абамдын жаздыгын бассам оңомбу («Семетей»). Жамбашы жерге тийгенче – өлөр-өлгөнчө, өмүрүнүн акырына чейин. Мисалы: Байкуш атам жамбашы жерге тийгенче, балдарым деп жүрүп өттү. Биз анда жаш болуп апамдын эмгегин актай албай калдык,- деп Жамал көзүнүн жашын кылгыртты («Ала-Тоо»).
Колу оозуна жетүү – өз алдынча жан сактоого, жашоого жетишүү, мүмкүнчүлүгү болуу, турмуш шарты оңолуу. Мисалы: Бул үй колу оозуна жетпеген бир шордуунуку экенин сураштырбай эле билгидей (Касымалы Жантөшев). Өңдү көрсө, жүз таюу – көзүн көрүп ийменүү, айбыгуу, жооткотуп тайсалдай түшүү. Мисалы: Өңдү көрсө, жүз таят, нечен сыйын көрүп, бирге туз даамдашып жүргөн, катуу кете албады... (Төлөгөн Касымбеков).
Эл орунга отуруу – кеч кирип, караңгылык толук өкүм сүрүп, элдин баары жайланышып, жай-жайына отуруп калган маал, учур деген сыяктуу убакыт маанисинде колдонулат. Мисалы: Адылбек үйгө келгенде каш карайып, эл орунга отуруп калган эле (Сагындык Өмүрбаев).
(Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү)