– Мен Бишкекте байкабай бир унааны сүзүп алгам. Унаанын ээсине “МАИ кызматкерин чакырбай эле коёлу. Мен унааңызды оңдотуп берем” дегем. Ал макул болгон. Документтеримди алып калган. Оңдоого кете турган чыгымды эсептетсек, 160 миң сом болот экен. Бирок ал эртеси “мен кайра ойлондум, эми мага бул унаанын кереги жок, көп жери сынды. Муну өзүң аласың да, мага унаанын акчасын толук бересиң. Болбосо сотко берип өндүрүп алам” деди. Мен буга макул эмесмин. Ошондон бери экөөбүз чырдашып жатабыз. Эмне кылсам болот? Сотко берсе унаанын толук акчасын өндүрүп алабы?
Султан Батырканов, 37 жашта, Бишкек шаары
– Мыйзам боюнча сиздер МАИ кызматкерлерин чакырып, кырсык тууралуу протокол түздүрүш керек эле. Бирок түзүлбөй калыптыр. Зыян көргөн тарап унааны сатып алышың керек дей албайт. Эми сиздер Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына барып арыз жазышыңыздар керек. Алар кимдин күнөөлүү экендигин тактап, унаага канча зыян келгендигин экспертизадан өткөрүп, эсебин чыгарып беришет. Унаа ээси ошол сумманы гана сизден талап кыла алат. Эгер сотко берсе, сот келтирилген зыяндын ордун айлыгыңыздан бөлүп төлөө аркылуу толтуруу чечимин чыгарышы мүмкүн.
“Мураска калган үйдү бөлдүрсөм болобу?”
– Мен азыркы жолдошумдун экинчи аялымын. Ортобузда 1 балабыз бар. Үйдө балам, жолдошум жана анын каза болгон аялынан калган 2 баласы менен чогуу жашайбыз. Жашаган үйүбүздү күйөөмдүн маркум аялынын атасы мураска калтырып, кызына каттаткан экен. Жакында күйөөм экөөбүз ажырашканы жатабыз. Ажырашсак жашаган үйдү балабыз экөөбүзгө да бөлдүрө аламбы? Анткени 6 жыл ичинде анын балдарын да бактым.
Айчүрөк Бердибекова, 43 жашта, Кант шаары
– Мыйзам боюнча, мураска калган үйдүн 50 пайызы жолдошуңузга, 50 пайызы анын көзү өтүп кеткен аялынан калган 2 балага таандык. Андыктан сот аркылуу үйдү бөлдүрө албайсыз.
“Коңшум тиккен дарагын кыйбай жатат”
– Биз өткөн жылы жайында жер там сатып алганбыз. Коңшубуздун ортодогу чекке өтө жакын тиккен чоң дарагы бар экен. Анын шактары биздин тосмого тирелип, тамыры тосмонун пайдубалын буза баштаптыр. Күзүндө жалбырактары биз жакка түшүп, биз шыпыра берип тажадык. Коңшубузга “дарагыңды кый, тосмону кулатканы калыптыр” десек, “кыйбайм, колуңардан келгенин кылып алгыла” деп койду. Тосмону биз сатып алган үйдүн ээси тургузган. Биз коңшубузду сотко берсек болобу?
Кубаныч Керим уулу, Бишкек шаары.
– Мыйзам боюнча, даракты сиз кыя албайсыз. Болгону дарактын сиз тарапка өткөн шактарын кыйып сала аласыз. Тамыры пайдубалды бузуп жаткан болсо, анда райондогу турак жай курулуш инспекциясына кайрылууңуз керек. Алар келип акт түзүшөт. Алардын чечими менен даракты кыйдыра аласыз. Же алардын чечимин алып сотко кайрылсаңыз да болот.
“Ашказан жарасы бар жигитти аскерге ала береби?”
– Баламдын ашказанында өнөкөт жарасы бар. Аны аскерге ошол оорусу менен ала береби же жокпу?
Нурийла Эсенбаева, 40 жашта, Талас облусу
– Балаңызды медициналык текшертүүдөн өткөрүүңүз керек. Врачтар “аскерге жарабайт” деп жазып беришсе гана аскерден алып кала аласыз. Бирок альтернативдик кызмат өтөй алат.
“Операция жасаган врачтарды сотко бере аламбы?”
– Жатындын эндометриоз оорусунан улам операция жасаткам. Ошондо хирургдар табарсыгыма зыян келтиришкен. Эми калыпка келүү узак жана кыйын болуп жатат. Операция жасаган врачтар менен чырдашсам “сага жасалган операция татаал болчу. Андайда табарсыкка залака тийбеген учурлар аз болот” деп коюшту. Мыйзам боюнча аларды сотко бере аламбы?
Бактыгүл Кубанова, 46 жашта, Бишкек шаары
– Операцияга кирерге чейин бейтап маалыматтык-макулдук кагазына “операция жасатууга макулмун” деп кол коюп берет. Ал кагаз юридикалык документ болуп саналат. Ал кагазда операция кезинде жана андан кийин болуп кетүүчү күтүлбөстүктөр, операциядан кийин кабылдап кетүү коркунучу жана башкалардын болушу мүмкүн экендиктери жазылып, эскертилет. Ал эми сиз анда көрсөтүлгөндөрдү окуп кол койгон болсоңуз керек.
Эми сиз сотко арыз жазып, соттук-медициналык экспертизадан өтүшүңүз керек. Врачтардын шалаакылыгынан жабыр тартканыңызды далилдөө өтө кыйын. Бирок далилдетүүгө мүмкүн. Операция жасалган жерди кайра ачтырууга туура келип калат.
“Студентке банк насыя акча береби?”
– Жогорку окуу жайдын студентимин. Материалдык абалым жакшы эмес. Банктан узак мөөнөткө насыя акча ала аламбы? Азырынча эч жерде иштебейм.
Адилет Сапар уулу, Ош шаары
– Насыя алуу үчүн жаран 18 жашка толгон жана паспорту болушу керек. Банктар өздөрүнүн ички мыйзамдары боюнча карап, канча суммада, канча мөөнөткө берүүнү чечет жана берет.
“Эжем каза болуп калды, насыясын ким төлөйт?”
– Ата-энебиздин көзү өтүп кеткен. Таежемдин колунда чоңойдук. Өзүбүзчө иштеп баштагандан бери ижарада батирде жашайбыз. Эжем соода-сатык кылайын деп банктан насыя алган. Ага таежем кепилдик берүүчү болуп берген эле. Эжем акчанын жарымын төлөп бүткөндө каза болуп калды. Насыя акчанын калганын ким төлөйт?
Акылай Аманбаева, 31 жашта, Ош шаары
– Банкка таежеңиз кепилдик берүүчү адам болуп берген экен. Демек, мыйзам боюнча банк таежеңизден толук төлөтүп алат.
Канымжан Усупбекова