Коллекциячы
Бирөө сувенирлерди коллекцияласа, экинчиси ар түрдүү баштыктарды чогултат. Ошонун сыңары, ырчы Каныкей шуру, сөйкөлөрдү беш жылдан бери чогултуп келет.
– Каныкей, коллекцияңды карап отуруп, ичинен ачкыч сөйкөң өзгөчө экенин байкадым. Бул өзүңдүн ойлоп тапкан эмгегиңби?
– Лондонго гастролдоп барганда чемоданыма кичинекей кулпу сатып беришкен. Бишкекке келгенден кийин ошол кулпум жоголуп кетип, ачкычы калды. Анан аны сөйкө кылып алдым.
– Бул сөйкөңдү сахнага тагынып чыгасыңбы?
– Тагынып чыгам. Анткени бул ачкыч сөйкө – мен тапкан жаңы нерсе. Концерттен гана эмес, клиптеримден, фотосессияларымдан да көрө аласыздар.
– Эмнеге күмүшкө кызыгасың? Алтын байлык алып келчү металл деп коюшат го...
– Туулган күнгө берилген, жөн гана белек кылынган алтын жасалгаларым бар. Ачыгын айтсам, алар сандыкта (күлүп). Бирок, менин оюмча, кыздарга алтынга караганда күмүш жарашат. Ал жаштыктын белгиси деп билем. Алтындарымды кийин турмушка чыкканда тагынам.
– Чет өлкөгө чыкканда коллекцияңа буюм кошууну унутуп калбайсыңбы?
– Чет өлкөдөн баалуу зер буюмдарды көп көрөм. Бирок сатып алууга келгенде кылдат мамиле кылам. Баасы өтө кымбат, бирок катардагы эле буюм болсо албайм. Мага өзгөчө жасалган, сейрек кездешкен шуру-сөйкөлөр жагат.
– Коллекцияңдан өзүң колго жасагандарды да көрүп турам...
– Мен заманбап буюмдан дагы жөнөкөйлүктү жактырам. Ошондуктан жөнөкөй эле чүпүрөккө ит мурун сыяктуу өсүмдүктөрдү кадап, шуру кылып алам.
– Алдыда болчу концертиң жөнүндө кеп кыла кетпесек болбос...
– Биринчи Бишкектеги жеке концертим 20-21-январда Опера-балет театрында өтөт. Эмнеге бул жайды тандап алдык? Анткени, биринчиден, бул жерде жандуу ырдаганга мүмкүнчүлүк өтө жакшы түзүлгөн. Отуз чыгарма ырдалчу концертимде жалаң жандуу үн менен ырдайм.
– Башка сахналаштарың да катышабы?
– Жалгыз өзүм ырдайм, андан сырткары Кыргызстанга эмгеги сиңген, эл сыйлаган эки коногум бар.
Мындан үч ай мурун Ошто жеке концертимди берип, жалгыз ырдаган элем. Жарнаманы көрүп, эл “үч саат бою Каныкейдин ырын уга берсек тажап кетебиз го” дешиптир. Бирок алар концерттин аягында менин дагы ырдашымды суранышкан.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg