КАНАТ ӨСҮП ЖАТКАН МЫШЫК
Кытайдын Сяньян шаарындагы бир үйбүлөнүн сүйүктүү мышыгына канат өсүүдө. Азыр канатынын узундугу 10 сантиметрге жакын. Мышыктын кожойкесинин айтканына кулак салсак, алгач канаттардын ордунда эки дөмпөкчө пайда болуп, анан чоңоё баштаган. Эки айдан кийин дөмпөкчөлөр канаттарга айланган. Кожойкенин пикиринде, канатчан мышыгы “мышык-периштеге” окшошот. Мындай шумдуктуу мышыкты текшерген эксперттер “канаттын чыгышы мышыктын гендик мутацияга чалдыгуусунан болгон” деген пикирлерин айтышкан. Ошондой эле алар “канаттын чыгышы мышыктын жашоосуна зыянын тийгизбейт” деп эсептешет.
ЖАШЫЛ КАНДУУ ПАЦИЕНТ
Канаданын Ванкувер шаарындагы бир клиниканын хирургдары пациентке операция жасап жатышып, анын каны жашыл экендигин көрүп шокко кабылышты. Канды анализден өткөргөн соң пациент баш ооруну басуучу “Суматриптан» дарысын абдан көп ичип алганы белгилүү болду. Көрсө, таблетканын курамындагы күкүрт кандагы гемоглобин менен аралашып, кандын өңүн өзгөрткөн экен. Мындай көрүнүш – өтө сейрек кездешүүчү көрүнүштөрдүн бири.
Операция жасаган хирургдар өздөрү бул окуя тууралуу: “Биз 42 жаштагы эркектин бутуна операция жасоого киришкен элек. Максатыбыз бутунун кан айлануусун жакшыртуу болчу. Негизи, кескенде кызыл кан чыгат го, а бул жолу кескенибизде эле кара-жашыл өңдөгү кан атылып чыгып, оозубузду ачырды жана бизди тынчсызданууга алып келди. Азыр болсо пациентибиз толугу менен айыкты”,- дешет.
ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КЫМБАТ БАШ СӨӨК
Британиялык сүрөтчү Дэмиэн Херст көпчүлүккө жаңы кол ишин жарыя кылды. Ал – бриллианттар менен жылчыгы жок кооздолгон баш сөөк. Херстин бул эмгеги 100 миллион доллар менен бааланууда жана заманбап искусстводо эң кымбат кол иши болуп эсептелет. Мындай уникалдуу баш сөөктөгү дантист тарабынан жасалган тиштерге эле көптөгөн миллион доллар сарпталган. Херст 1720-1810-жылдары жашаган 35 жаштардагы европалык адамга таандык баш сөөктү Лондондогу дүкөндөрдүн биринен сатып алган. Анан ойлонуп көрүп, аны 8601 бриллиант менен кооздоп чыккан. Херст бул эмгеги эң бай адамдар тарабынан сатылып алынып, анан колдон-колго өтүп жүрүп отурса да, качандыр бир кезде музейге коюлат деп үмүттөнөт.
АЙЛАНЫП ТУРУУЧУ ДУБАЛ
Британиянын Ливерпул шаарынын 54 жаштагы жашоочусу Ричард Уилсон адамды өзүнө кызыктырып тартпаган буюмдарды сүйбөстүгүн аныктады. Тактап айтканда, жаңы тургузулуп жаткан имаратка өзгөчө конструкцияны киргизүүнү чечкен. Анын долбоору боюнча, дубалдын бир бөлүгү айланып турууга жөндөмдүү. Бул долбоор үчүн 885 миң доллар сарпталды.
ЭҢ ЧОҢ ОТКРЫТКА
3-июль күнү Новосибирскиден Сибирдин байланыш бөлүмүнүн музейине эң чоң открытка жөнөтүлдү. Открытканын көлөмү 400 чарчы метрди түзөт жана салмагы 120 килограмм. Тагыраак айтканда, узундугу 250 метрден ашыгыраак, туурасы 1,6 метр. Открыткага 100 рублдик 42 марка чапталган. Бул открытка "Гиннестин рекорддор китебине" катталышы мүмкүн жана жыйынтыгын билүү үчүн бир нече ай күтүү керек. Открытканын бетине Новосибирск шаарынын көрүнүктүү жайларынын жанында түшкөн адамдардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Арткы бетинде болсо аталган шаардын миңдеген жашоочуларынын кол тамгалары бар.
Даярдаган Канымжан Усупбекова