Амина Абдраимова, интернет жылдызы: «ЭЧ КИМГЕ ОКШОШКУМ КЕЛБЕЙТ»

Бизде бул жолу кичинекей конок. Ким десеңиз, ал – Тиктокто пабликтерде тараган, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жаш актриса, “Агай” сериалында Гапыр агайдын кызын ойногон, “айлык деген алдамчы бир нерсе экен” деген тыпылдаган кыз, 10 жаштагы Амина Абдраимова.

– Амина, кандайсың? Кел, таанышып алалы...

– Салам! Менин атым Амина Абдраимова. Бишкекте 55-мектепте 4-класста окуйм.

– Жакшы, элге тааныла баштадың да, көчөдөн тааныгандар болуп жатабы?

– Ооба. Көчөдө баратсам таанып, мени менен сүрөткө түшүп калышат. Андайда аябай кубанам. Бирок өзүмдү актриса сезбейм, анткени баары алдыда. Азыраак эле тасмаларга тартылып алып өзүмдү актриса дегеним туура эмес го.

– Ал тасмаларга кантип тартылып калдың, башынан эле кызыгасыңбы бул тармакка?

– Шайыр эженин (ред.: Касымалиева, актриса) “Шайыр” студиясына курска барам. Тасмага кастинг жарыялагандар ал жерге келип сүрөткө, видеого тартып кетип, анан тандашат. Ошентип тандалып “Талаш” тасмасына, “Агай” сериалына тартылып калдым. “Агайга” 5 күн эле тартылгам да, ал эми “Талашта” кызыктуу учурлар көп болду. Үшүдүм, кээде аткара албай кыйналдым, курсагым ачкан учурлар болду (күлүп). Тасманын аяк жагында ыйлайм го, ошол жерин аткарарда өзүмдөн өзүм эле ыйлап жибердим. Образга кирип кеттим окшойт. Же чын эле сагынычтан.

– Ата-энеңди сагынып жаттыңбы?

– Ооба, тартуу иштери учурунда аларды 12 күн көргөн жокмун да.

– Тасмага тартылуудан кандай сабак алдың?

– Кинодогу каталарымды көрүп, алардын үстүнөн иштейм. Мисалы, башкача сүйлөп коём, же эмоцияны туура бере албай калам. Уктап жатканымды тартышканда көзүм кыймылдап кетет экен. Кайгырганым анча окшошпой калат, кубанганым окшошот. Мен орус тилдүү класста окуйм да, “Агай” сериалында мен билбеген кыргызча сөздөр бар экен. Ошол сөздөрдү жаттай албай, айтканда кыйналып жаттым.

– Чоңойгондо ким болсом дейсиң?

– Актриса деле боло берем. Бирок андан башка да пландарым бар, аларды айта албайм. Андан сырткары англис тилин жакшы үйрөнүп, чет мамлекетте окугум келет. Актриса катары өнүккүм келет. Америкага барып да киного тартылгым келип жатат.

– Актриса болуу жагып калган окшойт?

– Ооба, жакты. Анткени үйдө жөн эле отура бербейм да. Мага тапшырылган ролдор бар, алардын үстүнөн иштейм. Талантым бар экен, ошону пайдаланып жатам.

– Ата-энең, бир туугандарың жөнүндө айтып берчи. Канча бир туугансың?

– 5 бир тууганбыз, мен төртүнчүсүмүн. 3 байкем жана бир бөбөгүм бар. Атам ырдайт, комуз чертет, учурда Алматыда жеке ишкер болуп иштейт. Мени актриса кылган апам. Ал бизди багып жатат, үй кожойкеси.

– Апаңа жардам бересиңби?

– Ооба, идиш жууп, пол жууп, үй шыпырып жардам берем. Негизи үйдө көп болбойм, мектепте, англис тили жана студиядагы курска барам.

– Байкеңдерге эркелейсиңби?

– Ооба (күлүп). Кээде урушуп кетебиз, кайра дароо элдешип алабыз. Түшүнбөстүктөр боло берет.

– Бөбөгүңдү карайсыңбы?

– Бөбөгүм негизи мени анча деле жакшы көрбөйт (күлүп). Ал 2 жашта, ал аябай “серьёзный”.

– Сырларыңды ким менен бөлүшөсүң?

– Апам менен бөлүшөм. Анткени атам Казакстанда иштейт да, дем алыштарда эле келип турат.

– Клипке канча жашыңда тартылгансың?

– Айжамал Кабылованын “Жан досум” деген ырынын клибине тартылгам. Анда 8 жашта болчумун. Ал Инстаграмда сторисине “требуется девочка” деп киргизип коюптур, аны көрүп апам жазган, ошентип тартылып калганмын. Анан өзүмдү клиптен көрүп алып сүйүнгөм.

– Сени Таттыбүбү Турсунбаевага окшоштургандар бар экен. Минтип өзүңө деле айтышабы?

– Ооба, айтышат. Бирок мен өзүмө эле окшошкум келет, эч кимге окшошкум келбейт. Кинолорду көп көрбөйм да, аны жакшы деле билбейм, актриса экенин гана билем.

– Дагы эмне айткың келет?

– Атам менен апама рахмат. Мени колдоп, кыялымдын аткарылышына жардам бергени үчүн. Шайыр эжеге да рахмат, ал мага жол көрсөтүп берди, үйрөттү.

– Абдан таланттуу экенсиң, келечегиң кең болсун!

Маек учурунда Аминанын апасы Гүлмира Гайыпованы да кепке тарттык.

– Гүлмира айым, кызыңыздын талантын качан байкадыңыздар?

– Амина кичинекей кезинен эле актрисалыкка кызыгат. Биринчи жолу 8 жашында клипке тартылган. Бала бакчада да ырдап-бийлеп активдүү болчу. Күзгүгө каранып алып ар кимди туурап, роль аткара берет. Андан сырткары опералык ырларды ырдаганды да жакшы көрөт, үйдө бакырып ырдап жүрө берет. Кызыгуусуна карап студияга алып барганбыз. Ал жактан 1 ай окуп эле сертификат алды, даяр актриса экен дешти. Аминанын талантын Шайыр эжекеси ачып берди, ошондон бери тасмаларга, долбоорлорго чакырып жатышат. Мындан сырткары моделдерди даярдаган мектепте да окуду. Жакында эле кыргызча мультфильмде үн коштоду. Бир жылдан бери мультфильм тарткан бир долбоордо иштеп жатат. Кышында “Менин уям” деген кинодо башкы каарманды ойноду. Бирок ал азыр көрсөтүлбөйт экен, чет өлкөдө фестивалга катышат дешти.

– Үй-бүлөдө чыгармачылыкка жакын бирөө барбы?

– Мен мугалиммин, азыр декреттик өргүүдө жүргөн учурум. Чыгармачылыктан алыс элемин, атасы ырдайт, комуз чертет.

– Амина эрке кызбы?

– Амина 4 эркектин арасында жүргөн үчүн эркек балдардай болуп калган. Эркек балдар менен тез тил табышат, өзү назик көрүнгөнү менен, мүнөзү балдардыкындай.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1058, 17-23-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан