Алтын балалык
Наристе – эч нерсе менен булганбаган, жүрөгү таза жан. Жарык дүйнөгө келгенден баштап «ааламды өздөштүрөм» деген далалат менен баарын изилдеп, көрөйүн, билейин деп умтулуп, «эмне үчүн?» деген суроолору менен чоңдордун шайын оодарат эмеспи. Ошол аруу балалыктын дүйнөсүнө бүгүн белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров кайрылды.
«МЕКТЕПТЕН МЕКТЕП АЛМАШТЫРДЫМ»
– Менин балалыгым жер которуп, мектеп алмаштыруу менен өткөнүн кантип унутам? Балалыгымдын издери Бөкөнбаевде, Чаекте, Миң-Кушта жана Фрунзе шаарында калды. Бул ата-энемдин ишине байланыштуу эле. Чоң энем кээде биз менен жер кыдырып калчу, бирок көбүнчө Чаекте жашачу. Мен энемдин жанында көп болдум.
Чаекте Дамир деген аталаш бир тууганым менен эгиз козудай өстүм. Ал да, мен да бир кемпирдин эрке неберелерибиз. Экөөбүздүн кучакташканыбыз да, мушташканыбыз да бат. Жылдызыбыз келишпей калса эле катуу мушташып кетчүбүз. Бул мушташуу мен үчүн келечекке чоң тажрыйба болду десем жаңылышпайм.
«АТАМАНДЫК ҮЧҮН КӨП МУШТАШТЫМ»
– Мектепте атамандык үчүн мушташуу азыр деле бар болсо керек. Биринчи атаман болом деп мектеп которгон сайын балдар менен мушташып жүрдүм. Бирок бир да жолу атаман боло албадым. Ар биринде ар кандай кырдаал, бирок жыйынтыгы бир. Дайым экинчи болчумун.
Бөкөнбаев айылына барганда Бакыт деген бала менен дос болуп калдым. Мектепке барганда экөөбүз бир класска туш келдик. Кубаныч деген бала мектептин атаманы экен, менин досум Бакыт экинчиси. Бир күнү Кубаныч менен мушташа кеттим. Экөөбүз согушуп жатканда «эжей келе жатат» дегенде баарыбыз партага отуруп калдык. Бир маалда Кубанычтын мурду канап кирди. Ошентип, атаманды жеңди болгом, бирок биринчи атаман болбодум. Анткени ал жердин мыйзамы боюнча экинчи атаманды да жеңиш керек экен. Ал менин досум Бакыт болчу. Бакыт автоматтык түрдө биринчи атаман, мен экинчи болдум.
«АЙЫЛДЫК ДЕП КОРДОГОНГО АРАКЕТТЕНИШЧҮ»
– Фрунзеге келгенде Коля жана Юра деген кас таптым. Алар менин айылдык экенимди көрүп, кордогонго аракет кылышчу. Бирок мен моюн берчү эмесмин. Мени экөөлөп сабашат, бирок мен аларды аңдып жүрүп, жалгыз калганда моокумум кангыча өчүмдү алам. Юра көбүнчө багынып берчү, ал эми Коля «бабуся» деп чоң апасына арызданып, этегине жашынчу. Мага анын бул жоругу жакчу эмес. Ошондон улам мен да эч качан арызданчу эмесмин.
«МАТЕМАТИКАНЫ ТАКЫР ТҮШҮНЧҮ ЭМЕСМИН»
– Мектепти жакшы окудум дебейм. Көбүнчө музыка, дене тарбия, гуманитардык сабактарды түшүнүп, окучумун. Ал эми математиканы такыр түшүнө алчу эмесмин. Анан сабакты түшүнгөнүм, өздөштүргөнүм көбүнчө мугалимдерге да байланыштуу болчу. Анткени кайсы мугалимди жаман көрсөм, ошонун сабагын окучу эмесмин.
7-класстан химия сабагы кирип, эже жакшы түшүндүрчү, мен дагы бешке окудум. 8-класстан мугалим алмашты. Жаңы эжей эмнегедир мени жактырбады. Мүмкүн, буга менин тентектигим себеп болгондур. А мен химияны такыр окубай койдум. Ошентип, ага өчөшүп алдым. Эжейди жумуштан кийин жолдошу машинасы менен келип алып кетчү эле. Күйөөсү машинасынан чыкса байкатпай мык коюп, дөңгөлөгүн жарганга далалат кылып жүрдүм. Бирок дөңгөлөк жарылбай, айтор, өч ала албагам.
«ТӨРТ ЖЫЛ ВЕЛОСИПЕДГЕ АКЧА ТОПТОП, БИРОК ЖЕТПЕДИМ»
– 12 жашымда велосипед алууну эңседим. Кошуна балдардыкын сурап тээп, түрдүү трюктарды жасайм деп сындырып салчумун. Ата-энем сатып берчү эмес, анткени «алып берсек учуп өлөсүң» дешчү. Анан «өзүм сатып алам» деп акча чогулта баштадым. Нанга акча беришет да, андан калган кайтарымын сурашчу эмес. Мен аны короодогу эски ботинканын ичине салып койчумун. 4 жылдын ичинде 47 рубль чогултуп, көптүгүнө байланыштуу чоң энеме каттырдым. Анан бир күнү эле энем «уулум, акчаң аябай керек болуп коротуп койдум» дейт. Чынын айтам, ичим ачышкан жок. «Пенсияңыздан бербей эле коюңуз» дедим. Ал 12 рубль пенсия алчу. Аны качан чогултуп бермек эле?
«ЭНЕМДИ МААСЫ МЕНЕН КУБАНДЫРАМ ДЕДИМ ЭЛЕ»
– Энемди ушунчалык жакшы көрчүмүн. Бир жолу анын сиңдисинин үйүнө конокко бардык. Анын баласы Москвадан маасы алып келиптир. Апам суктанып бүтпөйт эми. Ошондо ичимден «чоңойгондо мен да ушинтип маасы алып келип, апамды кубандырам» дедим. Кийин студент болуп, Москвадан маасы таппай койгондуктан, кымбат жоолук алып почта менен салып жибердим. Бирок ал да жоголуп кетип, 3 ай дегенде табылды. Кийин «өзүм эле жеткирсем болмок» деп өкүнүп калдым. Анткени жоолук жеткиче энем ооруп калып, төшөктө жатып көрбөй да калды. 21 жашымда чоң энемдин көзү өтүп кетти. Бул мен үчүн оор жоготуу болду.
«УЗУН ЖОЛДО ӨКҮРӨ ЫЙЛАП, ЫЗА БОЛГОМ»
– 5-классты бүткөндө «Наристе» ансамблине барабанчы болуп кирдим. 6-классты бүткөндө гастролго чыктык. Келатканда «Бөкөнбаевге тийип өтөлү, көрбөгөнүмө үч жыл болду» деп сурансам, тоготпой өтүп кетишти. «Мени кичинекей деп укпайсыңар, суранбадым беле!» деп кыйкырдым. Ошондо ушунчалык сагынганмынбы, айтор, аябай ыза болдум. Бөкөнбаевден Кызарттын белине чейин өкүрүп ыйлап, кыялымды көрсөтүп барганым эсимде. Алар болсо жаман өкүнүштү, унчукпай менин өкүрүгүмдү угуп кете беришти. Кийинки жылы атайын мен үчүн Бөкөнбаевге концерт коюп барышкан.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg