Чүйдө жер тилкесин басып алып үй куруу аракети токтотулду. Чүй ОИИББинин 22-мартта тараткан маалыматына таянсак, окуя Кара-Жыгач айылында болду.
6-мартта Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын тургуну айыл чарба багытындагы 64,5 гектар жерге мыйзамсыз жол салып, электр жарыгын тартканы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Жерди тилкелерге бөлүп, курулуш куруу үчүн сата баштаганын билдирет милиция. Мыйзамсыз тартылган электр чубалгылары жана ал жерге коюлган контейнерлер алынып, кылмыш ишинин далили катары катталды. Ал эми Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө ушундай окуялар учурунда ыкчам реакция жасоо жана милицияга кабарлоо тууралуу эскертүү берилди.
– 212-берене – Бөтөн жер тилкесин өз билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өз билемдик менен курулуш куруу боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүгө айыбы угузулуп, 1 айга камакка алынды,- деп айтылат маалыматта.
20-март күнү Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагына караштуу айыл чарба багытындагы жер тилкесин жеке турак жай курууга сатып жиберген деп шектелип Ж.А. аттуу аял кармалды. Анын үстүнөн мындан 1 жыл мурун 4 сотых жер сатып алган аял быйыл 10-мартта арызданган. Кылмышка шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү башталды. Аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Айта кетсек, так ушундай эле кылмышка шектелип 2022-жылдын апрель айында Аламүдүн районунун 50 жаштагы тургуну кармалып камакка алынган. Ал окуянын аягы эмне болуп бүткөнү маалымдалган эмес.