Айта кетсек, 2022-жылы 13 жашар кызды зордуктоо кылмышына шектелип 3 жаран кармалган. Алардын экөөсү милиция кызматкери, бири “Дордой” базарынын кароолчусу. Жыйынтыгында Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен кароолчу 10 жылга, милициянын 2 кызматкери ар бири 15 жылдан эркинен ажыратылган. Баары жалпы режимдеги абакта жаза мөөнөтүн өтөшмөк жана жабырлануучу тарапка ар бири 100 миң сомдон компенсация төлөп беришмек. 2023-жылдын башында Бишкек шаардык соту айыпталуучуларга өкүмдү жумшартып, милиция кызматкерлеринин жаза өтөө мөөнөтүн 6 жыл жана 9 жыл деп кыскарткан. Ал эми базардын кароолчусу боюнча мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган.
Аталган кылмыштын дагы бир айыпталуучусу бар, аны Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан.