БРЮС УИЛЛИС ӨМҮР ҮЧҮН КҮРӨШҮҮДӨ

Америкалык актёр, музыкант, продюсер, Голливуддун көрүнүктүү жылдызы Брюс Уиллис 19-мартта 68 жашын белгиледи. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн башын бириктирген бул күн кубанычтуу, ошол эле учурда кайгылуу маанайда өттү. “Крепкий орешек”, “Пятый элемент”, “Армагеддон” жана башка атактуу тасмалардын жылдызына ушул жылдын февраль айында дарыгерлер маңдай-чыкый деменциясы (лобно-височная деменция) диагнозун коюшкан. Бул дарт менен жабыркагандардын эс-тутуму, сүйлөө речи начарлайт, булчуңдары иштебей баштайт. Мүнөзү, жүрүм-туруму өзгөрөт. Актёрдун дарты өөрчүшүп, учурда өз апасын тааныбай калган, өзү да кыйынчылык менен сүйлөйт, башка бирөөнүн сүйлөгөнүн түшүнбөй, кээде агрессивдүү болуп каларын айтат жакындары. Брюс Уиллистин жанында мурдагы аялы актриса Деми Мур жана азыркы аялы модель, актриса Эмма Хеминг менен актёрдун 5 кызы бар. Ажырашкандан кийин да достук мамилени сактап, үй-бүлөлүк жакын катышта болгон Деми Мур Брюс ооруп калганда Эммага жардам бериш үчүн көчүп келген. Азыр үй-бүлө мүчөлөрү актёр аларды такыр тааныбай кала электе деп байма-бай майрам уюштуруп, баалуу көз ирмемдерди видеого тартып калууга аракет кылышууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан