Акбар Сүйүнбаев, Кундуз Казыбек кызы: «БИЗДИН ҮЙ-БҮЛӨДӨ СЫЙ, СҮЙҮҮ ЖАНА ТҮШҮНҮШҮҮ БИРИНЧИ ОРУНДА»

Ар бир үй-бүлөнүн ички эреже, мыйзамдары бар. Бала ошого ылайык тарбияланат. Жубайлар баш кошкондо кээде ошол эки башка түшүнүктөрдү, калыптанган принциптерди жеңүү, компромисс таап бир бүтүнгө айлануу керек болот. 13 жылдан бери ынтымакта түтүн булатып келе жаткан белгилүү түгөйлөр Акбар Сүйүнбаев жана Кундуз Казыбек кызы менен үй-бүлө темасында маектештик.

– Акбар мырза, Кундуз айым, саламатсыздарбы? Бошобой жаттыңыздар, учурда эмне менен алек болуп жүрөсүздөр?

Акбар Сүйүнбаев: – Салам! Баары жакшы, буюрса. “Dbillions” командабыз менен алдыда чоң, жакшы долбоорлорду ишке ашыруудабыз. Ушуга байланыштуу сырттан дагы көп коноктор келип калып, ушундай болуп калды, кечирим сурайм. Ушул жана башка иштер, балдарыбызга тарбия берүү менен алекпиз.

Кундуз Казыбек кызы: – Саламатсыздарбы? Учурда декреттик өргүүдөмүн. Жакында эле кичүү уулубуз төрөлдү.

– Эң алгач каяктан, кантип таанышкансыздар?

А.С.: – Алгач Кундузду радиодон көргөм. Кийин мени маекке чакырып, ошондо жакындан таанышып калдык. Таанышканда эле жактыруу сезими жаралып, көз салып жүрдүм.

К.К.: – Ооба, бизди чыгармачылык тааныштырды десем болот. Радиодо иштеп жүргөндө интервьюга чакыргам. Кийин телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк, анан жактыруу сезими пайда болду окшойт, андан ары мамилебиз уланып кетти. Быйыл үй-бүлө курганыбызга 13 жыл болот, 4 уулдуу болдук. Акбата, Актилек, Айкөл, Айтоо аттуу төрт уулду тарбиялап жатабыз. Мен футболдук команданы чогултуп коюп, ханыша болуп жүрөм жалаң эркектердин арасында (күлүп).

– Сонун! Бала тарбиялоо ыкмаңыздар кандай? Ким катаал, ким жумшак дегендей?

А.С.: – Эң жөнөкөй. Балдардын кыялына жараша бирге кыялданып, мээрим төгүп, достордой акылдашып, ар бир берген суроосуна эринбей жооп берип турабыз. Албетте, атасы катары менин талаптарым катаалыраак.

К.К.: – Бала тарбиялоодо укмуш бир ыкмабыз деле жок. Ошентсе да азыркы Z муунду билесиздер да, биздин замандагыдай “муну кий” десе макул болуп, “муну кыл” десе көнчү балдар эмес. Жеке принциптери бар, көз карашын, каалоосун ачык айткан башкача муун өсүп келе жатат. Ошондуктан ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле түзүүгө аракет кылабыз. Бала тарбиясында эненин ролу чоңураак болгондуктан, бала тарбиясы тууралуу китептерди окуп, подкасттарды угуп, психологдордун кеңештерин колдонууга аракет кылам. Бала ата-энени карап тарбияланат. Өзүң китеп окубай туруп балага китеп оку деп айта албайсың да. Ошол себептен өзүбүздү туура алып жүрүүгө аракет кылабыз. Анан албетте, көбүрөөк мээрим төгөбүз.

– Мезгилге жараша үй-бүлөлүк баалуулуктар да алмашууда. Сиздердин көз карашта үй-бүлөлүк баалуулук эмне?

А.С.: – Үй-бүлөлүк баалуулуктар – бул кандай кырдаал болбосун бири-бирин сыйлоо, күнүмдүк тиричилик үчүн көңүлүн калтырбоо жана бирге сейилдөө, тамактануу, эс алуу жана башкалар.

К.К.: – Негизи үй-бүлөнүн бекем болушу түгөйлөрдүн ортосунда сый мамиледен, түшүнүшүүдөн көз каранды. Сөзсүз түрдө ар кандай кырдаалдар, кризистик учурлар болот. Булардын баарын көтөрө билүү маанилүү. Түгөйлөр бири-бирин колдоп турганда гана пайдубал бекем түптөлүп, үй-бүлө ынтымакта жашайт. Ошол себептен биздин негизги принцип – бири-бирибизге сый мамиле. Албетте, өзүбүздүн ички үй-бүлөлүк мыйзамдар бар. Мисалы, дем алыш күндөрү сөзсүз чогуу тамактанабыз, үй-бүлөлүк тимбилдингдерди уюштуруп турабыз.

– Бири-бириңиздер менен урушчудай көрүнбөйт экенсиздер. Бирок баары бир талаш-тартыш болуп турабы?

А.С.: – Урушканга убактыбыз жок.

К.К.: – Жакындарыбыз да ушинтип айтып калышат. Чынында, биз урушпайбыз, кээде эле майда-чүйдө таарынычтар болуп калышы мүмкүн. Аябай катуу урушканыбыз эсибизде жок. Башынан эле сый мамилеге, бири-бирибизди түшүнүүгө көнгөнбүз, маанайыбызды көз караштан билебиз. Көпчүлүк учурда урушканга эмес, кенен отуруп сүйлөшкөнгө убакыт таба албай калабыз (күлүп).

– Үй-бүлөлүү болуудан ким кандай сабак алды?

А.С.: – Көп эле сабак алат экенсиң. Эң негизгиси, мен үйдө кандай кожоюн, кандай жолдош, кандай ата болуу керектигин өздөштүрдүм. Жыйынтыгы жаман эмес.

К.К.: – Негизи турмуш өзү тарбиялап коёт экен. Жыл өткөн сайын акылыңа акыл, тажрыйбаңа тажрыйба кошулуп дегендей. “Муну туура эмес кылып жүрүптүрбүз, көрсө, мындай кылышыбыз керек экен” деген учурлар болду. Эң башкысы, бири-бирибизди кайсы учур болбосун кандай кырдаал болбосун колдогонду, бири-бирибизге мотивация бергенди, туура түшүнгөндү, көз караш менен сүйлөшкөндү үйрөндүк. Эң башкысы ушул. Баарын үйрөндүк дебейбиз, азыр деле үйрөнүп, сабак алып жатабыз.

– Турмуш кургандан кийин бири-бириңиздерден мурда байкабаган сапаттарды көрүп таң калган учурлар болдубу?

А.С.: – Мен Кундуздун жаркылдаган мүнөзүнө, ар дайым жылмайып жүргөнүнө ашык болгом. Баш кошкон күнү “көздөрүңдө эч качан кайгы болбойт, мен сенин жылмайып жүрүшүң үчүн бардык күчүмдү жумшайм” деп сөз бергем. Албетте, кыйналган күндөр да болду, бири-бирибизди колдоо менен баарын жеңдик. Анын бүгүнкү күнкү үзүрү – сүйүүбүз дагы деле кыз-жигит кезибиздегидей.

К.К.: – Менде деле антип таң калтырган нерселер болгон жок. Себеби бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшкөнбүз да. Бул бири-бириңди жакшы таанып-билүү үчүн кенен эле убакыт.

– Бири-бириңиздерден кайсы сапатты баалайсыздар же кайсы сапатты өзгөрткүңүздөр келет?

А.С.: – Бардык эле сапатын баалайм. Эл мени токтоо деп ойлошу мүмкүн, бирок менден да Кундуз токтоо жана сабырдуу. Эгер жубайымдын кемчилиги болгон болсо, демек, ал менин катачылыгым деп эсептейм. Көп мактагандай болбоюн, бирок чындап эле Кундузга ыраазымын.

К.К.: – Акбар аябай боорукер, эч кимден жардамын аябайт. Чыныгы эркектик мүнөзү бар, кандай маселе болбосун үйдүн кожоюну катары өзү чечип, өзү бүтүрөт. Ал жагынан маселе жаралбайт. Үй-бүлөсүндө жалаң эркектер болгондуктан, бир туугандарынын баары аялзатын абдан сыйлашат. Акбардын аялзатка кылган мамилеси жагат, үй-бүлөгө аябай камкор. Башка аталар менен кээде салыштырып калам да, көптөргө караганда мыкты ата. Түгөй тандоодо жаңылбаптырмын.

– Соңку сөз, түгөйүңүзгө эмне дейсиз?

А.С.: – Кундуз, сага сезимдерим алгачкы күндөгүдөй эле таза, тунук. Ар бир күнүмдүн дем берүүчүсүсүң. Биз бирге бактылуу экенибизди билсем да, өзүмдү мага болгон сүйүүңдүн кадырына жетпей жүргөндөй сезе берем. Буюрса, ден соолук, аманчылык болуп турса экөөбүз эңсеген кыялдарга сөзсүз жетебиз деп ишенем.

К.К.: – Мен да “жигитимди” аябай жакшы көрөм. Үй-бүлөңө болгон мамилең, досторуңа болгон ишенимдүүлүгүң, улууларга болгон урматың, жакындарыңа болгон сыйың, ишке болгон тактыгын жана жоопкерчиликтүүлүгүң аркылуу үлгү алчу инсансың.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан