Толгонай Арзыкеева, ырчы: «МЕНИ АПАМА КАРАГАНДА АТАМ КӨП ЭРКЕЛЕТЕТ»

Бүгүнкү апта каарманыбыз – өзү назик, токтоо, ошол эле убакта жаны тынбаган аракетчил ырчы Толгонай Арзыкеева. Ырчы айым бул жолу апасы, анын тарбиясы, жашоодогу орду тууралуу кеп кылмакчы.

“АПАМ 18 ЖАШЫНДА ТУРМУШКА ЧЫККАН”

– Апамдын аты-жөнү Назира Бабурбекова, 44 жашта. Апам дегенде эле кичинекей кезимдеги жылуу элестер, апамдын айылда ак жоолук салынып жүргөн кези, мени карап жылмайганы, сүйлөгөндөрү көз алдыма тартылды. 5 бир тууганбыз, мен улуусумун. Менден кийин сиңдим, анан үч иним бар. Баарыбыз удаабыз, аралыгыбыз 2 жаштан. Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында жашачубуз. Азыр элестетип алып таң калам, апам өзү 18 жашында турмушка чыгып, 19 жашында мени төрөгөн. Айылда жерибиз дагы аябай чоң болчу. Үй, талаа иштерин жасап, бизди да, өзүн да караганга жетишкен тың, мыкты аял экен апам.

Кичинемден эле шыктуу, чыйрак кыз болчумун. Тилим дагы эрте чыккан. Сыналгыдан бирөө ырдап жатса эч жакка жылбай тиктеп тура берчүмүн. Конок келсе тамада болуп аларды ырдатып, өзүм да ырдап берчүмүн. Талантымды байкашып, 6 жашымда Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке Бишкекке жиберишкен. Эжелеримдин үйүндө жашачумун, апам шаарга келип турчу. Ушуга чейин бир да жолу апама көз жашымды көрсөткөн эмесмин. Билбейм, уяламбы?.. Сагынам, бирок апама айтчу эмесмин. Келгенде акырын билгизбей кучактап, бетинен өөп, бир жыттап алчумун, апам кеткенде кадимкидей куса болот элем. Анан шифоньерге кирип ыйлап-ыйлап алчумун.

“ТУШОО ТОЙЛОРДО ЧУРКАГАНДА ДАЙЫМ БИРИНЧИ КЕЛЕТ”

– Менин талантым, ырдаганым, келбетим, мүнөзүм апама окшош. Апам өзү кыйын ырдайт. Бала кезинде апамдын ырчы, актриса болсом деген кыялы болгон экен. Бирок таятам менен таенем каршы болуп, уруксат беришпептир. Апамдын кыялын мен орундатып жатам.

Апам 11 бир туугандын эң кичүүсү, эркеси, эң сулуусу, “спортсменка”. Колу-буту узун, тириликке тың, шуулдаган келиндер болот го, апам ошондой аял. Ар дайым тушоо тойлордо чуркаганда биринчи келет.

Кичинесинен бери өзүнүн алтын сөйкөсүн “кийин кызыма тагам” деп сактап жүрүп, мен 2 жашка чыкканда ошол сөйкөнү тагыптыр. Тилекке каршы, 2-классымда чана тепкени чыгып ал сөйкөнү жоготуп алгам. Кар калың жааган мезгил, караңгыда фонарик менен аябай издеп таппай койгом. Ошондо апам “кичинекей кезимдеги сөйкө болчу, сен дагы кызыңа таксаң аябай сүйүнмөкмүн” деп капа болгон эле. Быйыл 25 жашка толгонумда апам алтын сөйкө такты, ошол сөйкөнү тагып жатканда баягы мен жоготкон сөйкөнү эстедим.

“АТАМ “ИИ, ЖАНЫМ, КҮЧҮГҮМ” ДЕП ЭРКЕЛЕТИП ТУРАТ”

– Апам менен атам ушунча жыл чогуу жашагангабы, билбейм, бири-бирине аябай окшош, мүнөздөрү, ой жүгүртүүлөрү, атүгүл юморлору да окшошуп кетет. Болгону апам бардык адамдар менен бат тил табышып, ичи-коюнуна кирип кетет. Атам бул жагынан кичине олуттуураак, сүйлөбөй деле отура берет. Апам атамды дайым алдыга сүрөп, биринчи орунга коюп, сыйлаганы бизге дагы билинип турат. А атам үй-бүлө үчүн жоопкерчилик алган, ушундай бир кичи пейил, боорукер адам. Апам көп эркелете бербейт, атам күнүгө бетимден өөп, көргөн сайын эркелетип, жыттап, “ии, жаным, күчүгүм” деп турат (күлүп). Апам болсо жарым жылда бир эркелетип, бетимден өөп коёт. Ал учурда тим эле башкача сезимге бөлөнөм.

Апамдын мүнөзү жумшак. Сиңдим экөөбүздү “муну жаса, тигини жаса” деп кыйнаган эмес. Өзү кайнене болоюн деген куракка келип калды, бирок дагы эле келиндик кызматты кылып жүрөт. Туугандардын баары апамды жакшы көрүшөт. “Аябай тың, кичи пейил” деп макташса апам менен сыймыктанып кетем. 26 жылдан бери кайнене-кайнатасы менен чогуу турат. Чоң ата-чоң энем дагы апамды өз кызындай көрүшөт, апам жаш кезинде келин болуп келип, ошол үйдүн тарбиясын алып калды да.

“ЭЧ УБАКТА МЕНИН ЖЕКЕ ЖАШООМО КИЙЛИГИШПЕЙТ”

– Менин башкы демөөрчүм – ата-энем. Башында атам ырдашыма кичине каршы болчу. Кийин менин каалоомду, талантымды көрүп колдоп калды. Азыр деле “ай, эмне, акчаң жок болуп жатабы, акча берейинби? Сонун клиптерди тарт. Сага сонун ыр керек, кыргыз жыттанган ырларды жаздыр” деп калат. Алардын мени менен сыймыктанганын көрүп ого бетер өскүм келет, эмгектенгим келет. Ата-энем менин эргүүм, менин мотивациям.

Ата-энем эч качан менин жеке жашоомо кийлигишип, жеке чек арама өтүшпөйт, мага ишенишет. Алар адилеттүү дагы, эгер мен туура эмес кылсам, “сен туура эмес кылыптырсың, барып кечирим сурап кой” деп эле айтат. Жөндөн жөн эле мага болуша беришпейт. Мага тээ 6 жашымдан эле “өзүңө-өзүң жоопкерчиликти ал, өз алдыңча бол, өзүңө тура албасаң сен үчүн эч ким туруп бербейт” деген багытты берген экен. Балким, ошол күч-кубат, пайдубал менен ушундай бийиктиктерге жетип жатам.

“АТА-ЭНЕҢДИН КУБАНЫЧЫН КӨРҮҮ ӨЗГӨЧӨ СЕЗИМДЕРДИ ТАРТУУЛАЙТ ЭКЕН”

– Ата-энеге жылуу мамиле, жакшылык кылсаң Кудайым сага эки эсе кылып кайтарып берет экен, ушуну билдим. Аларды чет өлкөдө эс алдырып турам. Апам бийиктиктен коркот эле, жакында тик учакка экөөбүз биринчи жолу отуруп, апам ошол коркунучун жеңди. Буюрса, өмүр бою ата-энемди сүйүнтүүгө аракет кылам. Ата-энеңдин кубанычын көрүү өзгөчө сезимдерди тартуулайт экен.

Мурда экөө менен тең сырдашчумун, кыз киши чоңойгон сайын апаң менен көбүрөөк сырдашып калат экенсиң. Апам аябай акылман аял, анын берген кеңештери, сүйлөгөнү орду менен. Бир нерсени так белгилеп айтып коёт да, анан баары ал айткандай болот. Негизи эле апалардын ушундай касиети бар окшойт.

Кудайым мени ушул үй-бүлөдө жаратып койгонуна сүйүнөм. Ар дайым “ата-энем бактылуу, жүзү жарык болсун, оорубай ар дайым жаныбызда жүрсүн” деп тиленем. Негизи ата-эне балдары үчүн баарына даяр болот экен. Биз муну эми түшүнүп, “ата, апа, өзүңүздөр үчүн жашаңыздар, сиздер бактылуу болсоңуздар биз да бактылуубуз” дей баштадык.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан