Депутат Эрулан Кокулов “карапайым катмардан суурулуп чыккан эл өкүлүмүн” деп келет. Жаш депутаттын парламенттеги баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү, атүгүл жеке жашоосу дайыма талкууда. Буга чейин “жеке жашоомо байланыштуу жакшы кабар болот” деп жарыялаганы бар. Маекте “жеке жашоом тууралуу эч кимге айтпайын деп чечтим, кереги жок экен” дейт.
– Эрулан мырза, талкууда турган тема менен баштайлы маекти. Жакында түнкү клубга барсаңыз, сизди баш кийимчен киргизбей коюп, чуу салдыңыз. Бул депутаттык статусту аша чаап пайдалануу эмеспи?
– Саламатчылык. Окуя боюнча түшүндүрмө берсем. Биринчиден, бир да коомдук жайдын ээсинин адамдын кийимине, кебетесине карап имаратка киргизбей коюуга акысы жок. Бул жарандын жана кардардын укугун дискриминациялоодон кабар берет. Бирөө түшүнүк менен, дагы бири ички эрежелерге таянып жашагысы келет экен. Кыргыз мыйзамдарында андай жок. Түнкү клубдагы дресс-код эрежеси ошол биздин мыйзамдарга каршы келет. Мен ошол үчүн ал жерге кепкачан кирем дедим.
– Ак үйдөгү дресс-код эрежесин туура эле кабыл аласыз да? Мамлекеттик мекеме болгону үчүнбү?
– Адамдар иштеген жай менен эс алуучу жайды салыштырбашыбыз керек. Ак үй - кайтарууга алынган объект, мамлекеттин башкы имараты. Ал түнкү клубга досторум бир иш-чара өткөрүп чакырганынан барган элем, өзүңөр видеодон көргөндөй, талашып-тартышып жатып кире алган жокмун. Көрсө, бизде өлкөнүн мыйзамынан да, коомдук жайлардын ички эрежеси бийик турат экен. Мен болгону өзүмдүн жарандык укугумду талап кылдым. Түнкү клубдун кире беришине “имараттын администрациясы кардарды тандоо укугуна ээ” деп жазып коюптур. Элестетиңиз, эгер сиз дүкөнгө азык-түлүк алайын деп кирсеңиз, ал жердин администрациясы “сиздин пальтоңуз, баш кийимиңиз жаккан жок, кебетеңиз начар экен” экен деп киргизбей койсо... Тигил клубда ушундай эле көрүнүш болуп жатпайбы. Депутаттык мандатыма таянып көпкөнүмдөн эмес, алардын жарандарга болгон мамилесинен улам өз позициямда туруп, милиция кызматкерин чакырдым. Анткени мыйзам боюнча алардын кылганы туура эмес, бирок милиция ошону далилдеп бере алган жок. Мен эч качан хайп үчүн андай кадамга барбайм.
– Сын-пикир көп айтылган депутаттардын катарында экенсиз. Сынга сабырыңыз канчалык туруктуу?
– Сабырым туруктуу эле. Кээде жок жерден эле жөө жомокторду токуган журналисттердин кабарлары убактымды алат. Жеке мага баары бир, бирок жакындарым “тиги минтип жазыптыр, бул тигинтип айтыптыр, жооп берип койчу, эл туура эмес ойлоп калбасын” деп кабатыр болушуп телефон чалышат. Ушундай чалуулардан абдан тажайсың. Акыркы күндөрү “ой, эмне жазса жаза берсин. Минтип чала бербегилечи” деп урушчу болдум. Мен деле парламентке журналистикадан келдим, бирок эч качан бирөө айтпаган сөздү тема кылып чыгарып, бирөөнү каралаган эмесмин. Өткөндө бир гезитке “Эрулан Кокулов кыргыз тилине каршы чыкты” деген темада макала чыгыптыр. Мен кыргызча сүйлөп отуруп кантип эне тилиме каршы чыгам? Бул сөз эркиндиги эмес, жиндилик да. Мен өз аракетим, маңдай терим менен шайланып келген депутатмын. Парламентке келүүмө эч ким жардам берген жок, добуш сатып алган жокмун. Мен депутаттык иштен эмес, ага карата айтылган сындардан көбүрөөк тажадым, чынында. Кээде өзүмө-өзүм “жасап жаткан ишиңе канааттанып жатасыңбы?” деп суроо берем. Ооба, баары алдыда, болгону убакыт керек. Элге пайдалуу иштерди жасоого кызыкдармын, мага сын айтып, негатив жазуунун кереги жок. Артымда мени шайлаган 19 миң адамдын үмүтү, ишеничи турат. Алардын ишеничине кантип суу чачайын?
– Парламентке келгениңизге 1,5 жыл болуп калды, бул аралыкта кандай демилге көтөрүп ишке ашырдыңыз?
– Өзүңүздөр билгендей, депутат болгонго чейин деле улуттун ден соолугу үчүн кабатыр болуп, мөөнөтү өткөн азык-түлүктөр менен күрөшүп келгем. Парламентте ал ишимди улантып жатам. Мисалы, электрондук тамекилер боюнча бизде мыйзам жок. Жашы жете элек бала электрондук тамеки сатып алса, эч кандай чара көрүлбөйт. Ушундан улам андай тамекини өспүрүмдөргө саткан сатуучуларга айып пул салууну сунуштадым. Негизги максат – электрондук тамекини алып кирүүгө тыюу салуу. Бул сунуш өтпөй калса, кандайдыр бир чектөө чараларын көрөбүз, административдик айып пул салуу сыяктуу эрежелерди киргизели деп жатам. Мындан сырткары толтура эле жумуштарды жасап жатабыз. Болгону “тигини жасадым, муну жасап жатам” деп сүрөткө түшүп, отчёт берүү жагынан талантым жок экен. Балким, ошол үчүн да эч нерсе жасабай жаткандай көрүнүп жаткандырмын.
– Парламент азык-түлүк кымбатчылыгына каршы кандайдыр бир чараларды көрөбү?
– Билимим боюнча экономистмин. Биздин өлкөдө азыркыдай кымбатчылык болорун мындан 5-6 жыл мурда эле билгем. Себеби буга чейинки президенттер бааны жасалма жол менен кармап турушкан. Кыргызстан космосто жашаса, балким, кымбатчылыкты айланып өтүп кетмек. Биз жер шаарында болуп жаткан процесстерден четте тура албайбыз, башка жолу жок. Кымбатчылык бизди аттап кетпейт, биз аны акырындан өнүгүү жолу менен гана жеңе алабыз. Ал үчүн интернетте отуруп алып бийликти жамандоо, сындоо жардам бербейт. Мээнет кылып иштеш керек.
– Депутаттардын көбү “айлыкка жашайм” деп актанышат. Сиз каржылык жактан канчалык эркин адамсыз?
– Башка депутаттарды билбейм, бирок мен чындап эле айлыкка жашайм. Кошумча каражат тапчу бизнесим жок. Учурда Жогорку Кеңеш берген батирде турам.
– Блогер Гүлзат Мамытбекти “аферист” деп парламенттен бир нече жолу айттыңыз. Каралоо эмеспи бул? Депутат үчүн ал ушунчалык маанилүү маселеби?
– Ошол Гүлзат Мамытбек аркылуу жалпы Кыргызстандагы аферисттердин жүзүн көрсөтөйүн дегем. Ал жалгыз эмес, андайлар толтура. Түрмөдөн чыгып, кайра элди алдап жүрөт. Мен мурун кооператив, биткоин, Гүлзат Мамытбекке окшогондорго ишенбегиле, акчаңарды бербегиле деп көп эле какшап келгем. Мына, аферисттер ырдап, бийлеп жүрөт деп айттым. Аферисттик – бул оору. Аферист эч качан алган акчасын кайтарып берүүнү ойлонбойт, тескерисинче, кайтарып бербөөнүн жолун издейт.
– Ачуулуусузбу, мушташып көрдүңүз беле?
– Ачуулуу элемин, мушташып да көргөм. Жигиттин баары эле мушташып көрсө керек. Бирок адам кандай эмоционалдык абалда болбосун өзүн кармашы зарыл. Кээде атайын чагымчылдык кылган адамдар болот, алардын торуна түшпөөгө аракет кылуу жакшы.
Лунара Бекиева