Мезгил үнү
Кыргыз милициясы буга чейин болуп көрбөгөн окуяны баштан өткөрүп турган чагы. Анткени террордук иш-аракетти көздөгөн “жихадчылар” коомчулуктун коопсуздугуна коркунуч келтирип, жагымсыз окуя жаратышууда. “Террорчу аталып жаткан бул жарандар кимдер?” деген суроонун тегерегинде иликтөө жүргүздүк.
ЭСКЕ САЛСАК...
4-январь күнү Бишкектин 8-кичирайонундагы №8/1-үйдө милициянын үч кызматкерин аты-жөнү белгисиз төрт жаран атып кетишкен. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин билдирүүсүнө таянсак, эки кызматкер белге, желкесине ок жесе, үчүнчүсүн төшкө атышкан. Ар бирине 7-8дей ок тийген. Мөндүрдөй жааган октон үйдүн дубалы, ал гана эмес, батарея жарылып, андан аккан ысык суудан денелер күйүп да калган.
Окуя болгон жерге жетип келген оперативдүү топ кылмышкерлер жашаган бөлмөдөн жардыруучу зат, уюлдук телефон, ноутбук жана кылмышкерлердин курал менен машыгып жаткандагы сүрөттөрүн табышкан. Кылмышкерлерге «террордук топ» деген тыянак менен издөө салынган. Окуя болгон күндүн эртеси эле борборго жакын Беш-Күнгөй айылында жүргүзүлгөн атайын операцияда издөө салынгандардын экөө – Советбек Исламов жана Азим Султанкулов жок кылынып, Эдил Абдрахманов кармалган. Калгандары издөөдө. Жана да бул операцияда «Альфа» атайын кызматынын кыл мергени Жеңишбек Бабараимов оор жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон. Лейтенанттын артында эки жаш баласы калды.
БЕШ-КҮНГӨЙ АЙЫЛЫНА КАНТИП БАРЫП КАЛЫШКАН?
«Кылмышкерлер милиция кызматкерлерин аткан соң BMW унаасы менен Токмокту көздөй кетишти» деген маалымат тараган болчу. Эртеси алардын Бишкектен өтө алыс эмес Беш-Күнгөй айылында жүргөндөрү маалым болуп, ошол жерде атайын операция өткөрүлгөн. «Токмокту көздөй кетишсе, кантип Беш-Күнгөйдө болуп калышат?» деген суроо туулбай койбойт. Айрым укук коргоо кызматкерлеринин маалыматтарына таянсак, кылмышкерлер чын эле Токмок шаарына барышкан. Аларды жолдон МАИ кызматкерлери да токтотушкан. Айдоочунун документтери жайында экенин көргөн МАИчилер автоунааны коё беришкен. Ал эми ичиндегилер жол коопсуздугун көзөмөлдөгөндөрдө шектенүү пайда болсо эле ок атууга даяр болуп, автоматтары менен отурушкан экен. Токмокко барган кылмышкерлер кандайдыр бир себептер менен Беш-Күнгөй айылына жол тартышкан.
“ЭДИЛДИ КОРКУТУП АЛЫП ЖҮРҮШКӨНБҮ ДЕЙМ”«Жихадчылардын» бири катары шектелип кармалган Эдил Абдрахмановдун ата-энесине жолугуу үчүн Көк-Жар айылына бардык. Атасы Алымжан коңшу-колоңго таанымал, кадырлуу адам окшойт, сураштырганыбызда эле «ушул үй» деп көрсөтүп беришти. Үйдөн чыккан адам Эдилдин таякеси Тыныбек Сулейманов экенин айтты:
– Биз Эдилдин адвокаты аркылуу эле сүйлөшүп жатабыз. Адвокаты бүгүн «оң көзүнө ок тийиптир, операциядан жаңы эле чыкты. Дары-дармегине акча алып келип бер» деди. Азыр Эдилдин каякта экенин билбейбиз. Чуулгандуу бул ишке анын чын эле катыштыгы барбы, жокпу, ал иликтөө иштеринен кийин билинет да. Бизде мындан башка маалымат жок, болгону ушул.
– Адвокатты өзүңөр жалдадыңарбы?
– Нурлан деген жигит экен. «Мени адвокат кылып бекитишти» деп өзү телефон чалды. Биздин оюбузча, Эдилди ошол топтун адамдары коркутуп алып жүрүшкөн. Өзү ыйкы-тыйкысы жок, тынч жүргөн, 5-6 жылдан бери намаз окуган ак көңүл жигит эле. Баамымда, Эдил мечиттен жанагыларга жолугуп калып, ушундай иштерге капысынан кабылды окшойт. Өзү таксист болуп иштечү. Ата-энеси ажырашып кетишкен. Атасы башка үй-бүлөсү менен өзүнчө турат. Апасы Эдил жана андан улуу баласы менен Орусияда иштеп жаткан. Улуу баласы квас ичип ууланып, каза болуп калды. Анын жылдыгы да өтө элек. Апасы «сен бул жердеги үй-жайды кара» деп Эдилди ушул үйгө таштап, Орусияга кеткен эле. «Жаңы жылды балам менен тосоюн» деп атайын 27-декабрда бул жакка учуп келген. Анан эле ушундай иш болуп кетип жатпайбы. Апасынын азыр жүрөгү ооруп, дарыланып жатат.
– Эдилдин үй-бүлөсү барбы?
– Бир кыз, бир уулу бар. Окуя болгондон кийин келинчеги төркүнүнө кеткен.
Кимдир бирөөнүн азгыруусунан же коркутканынан бул ишке кириптер болдубу деп жатпаймынбы. Дегеним, кармалганда ошол жердегилердин айтуусуна караганда, «мени атып салгылачы, эч кандай күнөөм жок!» деп кыйкырып сураныптыр.
“РУСЛАН 27-ДЕКАБРДА ЕГИПЕТКЕ КЕТКЕН”«Чуулгандуу окуяга тиешеси бар» деп шектелип, издөө жарыяланган 29 жаштагы Руслан Дөөткуловдун бир тууган иниси Нурлан Дөөткулов буларды айтып берди:
– Агам Руслан 26-декабрдан 27сине караган түнү Каирге, 8 жылдык окууга учуп кеткен. 5-6 ай мурун эле кетмек, бирок виза жасоодо маселе чыгып, күтүүгө аргасыз болду.
Байкем Каирге өзү жалгыз эмес, жеңемди, 8 айлык баласын кошо алып кеткен. Алматыдан атам өзү салып жиберген эле. Анан сыналгыдан сүрөтүн берип, издөө салып жаткандарына түшүнбөй турабыз.
– Кеткенден кийин байланыштыңар беле?
– Өздөрү «аман-эсен жеттик. Окууга кириш үчүн окуу жайдын ректорунун колун күтүп жатабыз» деп чалышкан. Жеңем биздеги Ислам университетинде окучу. Биз азыр алар менен байланыша албай жатабыз. Анткени аларда телефон жок эле.
– Каирге кеткенге чейин эмне иш кылчу?
– Курулуш тармагында иштечү. Беш маал намазын үзбөй окучу. Бир үйдө чогуу тургандыктан, байкемдин кандай адам экенин жакшы билем. Ал кичинекей, арык, жоош адам болгондуктан, мындай иштерге барганына ишене албайм.
“МЕЧИТКЕ КЕЛИП ТУРЧУ”
“Жихадчылар” деп шектелгендердин үчөө Бишкектин Арча-Бешик конушунда жашай тургандыгы аныкталган. Андыктан аталган айылдын мечитине баш бакканыбызда имам Абдумухамбет Маматкулов төмөндөгүлөргө токтолду:
– Беш убак намазын окуу үчүн биздин мечитке саналуу эле киши келет. Руслан деген жигит анда-санда келип калчу.
– Берген интервьюларыңыздын биринде Русландын окуган намазы сиздердикине дал келбегенин айтыптырсыз. Муну кандай түшүнсө болот?
– Исламда төрт мазхаб (аалымдар көрсөтүп берген жол) бар. Мусулман баласы каалаган мазхаб боюнча намаз окуса болот. Бирок анын кайсы мазхабды же фирканы (агым) окугандыгын билбейт экем. Негизи, биз имамазам мазхабын окуйбуз, анын кыймыл-аракети бир аз башкача болчу.
– “УКМКнын кызматкерлери ар бир мечитке жашыруун камераларды орнотуп коюшат. Шектүүлөрдү ошентип кармашат экен” деген сөз чынбы?
– Жашыруун камералар жок, бирок УКМКнын кызматкерлери тез-тез келип, “жат көрүнүштөр байкалган жокпу?” деп сурап, текшерип турушат.
МИҢ-КУШТАГЫЛАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?Издөө салынгандардын экөө: Данияр Кадыралиев жана Азим Султанкулов Миң-Куш айылында төрөлүшкөн. Аталган айыл өкмөттүн катчысы Равит Кожомуратов Данияр менен Азимдин бир нече жыл мурун эле Бишкекке кеткенин маалымдады.
– Данияр мындан 7-8 жыл мурун Бишкекке кеткен. Атасы жогорку билимдүү, 30-40 жылдан бери башкы инженер болуп иштеген адам. Ата-энесинин Чүй жакка көчүп кеткенине үч айга жакындап калды.
Азим болсо бир ай мурун ашар жолу менен салынган Миң-Куштагы мечитке келип демөөрчү болуп кеткен экен. Мектепте окуткан мугалимдери “жакшы окуган тартиптүү балдар эле” дешүүдө. Анан буларды кандай шайтан азгырганын билбей жатабыз.
“МАШИНА КАЙРАТКА ТААНДЫК БОЛГОН”Террорчу деп шектелгендердин арасындагы Кайрат Салиевдин туугандары анын Кореяда иштеп жүргөндүгүн айтышып, таң калышууда. Милиция кызматкерлеринин өлүмү боюнча берилген маалымат жыйынында журналисттердин бири бул боюнча Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге суроо узатты. ИИМ жетекчисинин жообу мындай болду:
– Иликтөө иштеринде кылмышкерлер окуя болгонго чейин минип жүргөн машина Кайрат Салиевге таандык экени аныкталды. Эгер анын Кореяда жүргөндүгү чын болсо, ата-энеси келсин, бизге түшүндүрүп берсин. Дагы иликтөө жүргүзүлөт, такталат.
“БУЙРУКТУ БЕРГЕНДЕР СОТТОЛУШУ КЕРЕК”
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинде укук коргоо кызматкерлери менен жолугушту. Беш-Күнгөй айылында «жихадчыларды» кармоодо жүргүзүлгөн операцияда «Альфа» кошуунунун каза болгон кызматкери Жеңишбек Бабараимов 7-апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири экендигине токтолду. “Каза болгон «Альфачы» массалык ок атууга күнөөлөнүп, иши сотто экендиги белгилүү. Чынында, буйрукту аткаргандар эмес, аны бергендер соттолушу керек. Ошондой эле террорчуларды кармоо операциясына катышкан кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү зарыл. Ал эми ИИМдин каза болгон 3 кызматкеринин жана
УКМКнын 1 кызматкеринин үй-бүлөсүнө Бишкектен үй берилет, балдары өкмөт тарабынан камкордукка алынат”,- деди өз сөзүндө.
КУРАЛДАР МАМЛЕКЕТТИК КҮЗӨТ КЫЗМАТЫНА ТААНДЫК
Ички иштер министринин орун басары Николай Солдашенконун айтымында, “террорчу” деп айыпталып жаткандардан алынган автомат Мамлекеттик күзөт кызматына таандык болуп чыкты. Куралдардын 7-апрель күнү жоголгону аныкталды. Учурда кандайча “жихадчылардын” колуна түшүп калганы иликтенүүдө.
ЖЕТЕКЧИЛЕР КЫЗМАТТАН БОШОТУЛУШТУ
4-январь күнү 3 милиция кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу Ички иштер министринин орун басары Айтмамат Рахманов бир нече адамдын жумуштан алынганын жарыялады. Анткени документ текшерип жүрүп капыстан каза тапкан кызматкерлердин жанында табелдик тапанча болгон эмес. Бул үчүн Октябрь РИИБинин башчысынын орун басары Осмонкул Исаев, Коомдук тартипти камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Калысбек Балтабаев, аталган РИИБдин алдындагы №5-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Алижанов кызматтан алынды. Октябрь РИИБинин башчысы Мадияр Кулуевди да кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган, бирок ал ооруп жатканына байланыштуу азырынча чечим күчүнө кире элек. Булардан тышкары Бишкек шаардык БИИБинин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн оперкызматкери Асан Чалбаев жумушунан бошотулду. Анткени шектелгендер жашап жаткан мейманканага каза тапкан 3 милиция кызматкери менен бирге кирүүгө тийиш болсо да, кирбей, сыртта калган.
Беш-Күнгөйдөгү атышууда каза тапкан “альфачы” Жеңишбек Бабараимов боюнча далай суроолор жаралууда. “Апрель окуясында элге каршы ок атып, массалык адам өлтүрүүгө катышкан” деп айыпталып, үй камагында жаткан “альфачынын” олуттуу операцияларга катышуусуна мыйзам жол береби? Бул өңдүү суроолор абдан көп. Бирок УКМКнын маалымат кызматы классикалык шылтоого айланган “тергөө-иликтөө жүрүп жаткандыктан, азырынча эч кандай маалымат берилбейт” деген кеп менен гана чектелүүдө.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ЖАШТАРДЫ ДИНИЙ ЭКСТРЕМИСТТЕРДИН АЗГЫРЫГЫНАН КАНТИП КОРГООГО БОЛОТ?
Динара Акулова,
46 жашта, ырчы:
– Жаштар көбүнчө диний экстремисттерге акча жогунан улам тартылууда. Экстремисттердин акчасы көп. Андыктан жаштарды жаман таасирлерден коргойбуз десек, алгач жумуш менен камсыз кылышыбыз керек.
Эрмек Алтыкенов,
57 жашта, инженер:
– Эгер билими, аң сезими күчтүү адам болсо, эч кандай экстремисттердин азгыруусуна алдырбайт. Андыктан жаш муундардын интеллектуалдык деңгээлин өстүрүүгө бүт аракетибизди жумшайлы.
Айзат Чыналиева,
22 жашта, студент:
– Жаштар экстремисттерге бекерчиликтин айынан кирип кетишет. Бийликтегилер жаштарды мындай жолдон коргойбуз дешсе, ар бирин бекерчи кылып көчө таптатпай, жумуш менен камсыз кылышы керек.
Темирлан Акматов,
29 жашта, журналист:
– Эне мектеби ушунчалык күчтүү болот. Андыктан адамдын туура эмес ишке же чөйрөгө тартылып жатканы байкалса, энесинин кеп-кеңешин, таалим- тарбиясын эсине түшүрүп коюш керек.
Гүлсия Калыева,
60 жашта, пенсионер:
– Ата-энеси гана коргой алат дейм. Ар бир ата-эне баласынын каякка барып, эмне иш кылып жүргөнүнө көзөмөл салып, туура жол көрсөтүп турууга милдеттүү.
Нарынбек Чокеев,
46 жашта, механик:
– Кээ бир дааватчылар милдетин билбей, дин боюнча туура эмес маалымат беришет. Анда жаштар экстремисттердин таасирине кирип кеткенин да байкабай калышат. Маалыматты сабаттуу берип, ыйманга чакыруу керек.
Жакут Сыдыков,
33 жашта, куудул:
– Жаштарга дин жөнүндө маалымат бергенде туура бериш керек. Азыр чала молдо дин бузарлар көбөйдү. Башын айлантып, эмне экенин түшүндүрбөй, туура эмес жолго жетелөөдө.
Бактыгүл Сокушова