Орозбек Сапаров, ырчы: “ЭРГҮҮ КЕЛИП, ЖАҢЫ ЫРЛАРДЫ ЧЫГАРА БАШТАДЫМ”
Орозбек Сапаровдун ырлары азыркы орто муундун бала кезин эске салат болуш керек. Ал кезде азыркыдай интернет, социалдык желелер жок эле. Магнитофондордо дал ушул ырчынын ырлары көп жаңырчу. “Махабатым сен элең, жаныма кубат берген”, “Айжамал, кай жакка кетсиң сен сулуу жамал?”, “Кош эмесе мектебим”, “Келбес жакка кеткен экенсиң, таппай келем шагым сынып”... Бул ырлар эсиңиздеби?
– Саламатсызбы, Орозбек мырза? Кандайсыз, учурда кайсы жакта, эмне иш менен алексиз?
– Саламатчылык. Мен Баткен районунун Газ айылында 1977-жылы туулгам, азыр дагы ушул айылда жашайм. Учурдагы ишим – чыгармачылык. Элдин жакшы күндөрүндө, концерт, аш-тойлордо кызмат кылабыз. Ошонун артынан бала-чакамды багып, ырыскы табам. Кудай берген кесипти аркалап келе жатабыз.
– Эмне жаңылыктарыңыз бар?
– Жаңылыктарым көп, башкысы – эргүү келе баштады. Көптөн бери илхам келбей, жаңы чыгармаларды жаратуу кыйын болуп жүргөн. Эргүү деле Кудайдан экен, бекеринен устаттар “жүрөктү таза кармагыла, болбосо илхам булактары жабылып калат” дешпептир. Ошол эргүү булактары ачылып, учурда обондорду жаратып жатам. Кудай буюрса, жакынкы күндөрү элге жаңы обондорум тартууланат.
– Акыркы жазган жаңы ырларыңыздан атай кетсеңиз...
– Жакында “Ата-эне” деген чыгармага обон жаздым, сөзү Зулпукар Балтабаевдики. Андан тышкары Ысык-Көл жөнүндө, курсташтар жөнүндө, махабат темасында, жалпы 3 ырды даярдап жатабыз.
– Ырларыңыз абдан популярдуу болуп турган учурду сагынасызбы?
– Албетте. Ошол Кудайым берген обондор мен аркылуу элге тарап, популярдуу болгон мезгил мен үчүн аябай кубанычтуу, ал учурду сагынам. Чыгармачылыкта жакшы ийгиликтерге жеттим. Элдин урмат-сыйына татыдым, обондорум элдин жүрөгүнөн түнөк тапканына шүгүр. Интернеттеги комментарийлерден улам обондорум элдин жүрөгүнө жетиптир деп калам. Эл-журттун сыйлаганы – чыгармачылыгымды урматтаганы.
– Талантты да багыш керек эмеспи. Сиз канчалык кам көрүп бактыңыз?
– Албетте, талантты багыш үчүн жүрөктү таза кармаш керек. Жүрөктү таза кармаш үчүн адал нерселерге багыт алып, ичи тардык, текебердик сыяктуу жаман сыпаттардан алыс болушуң шарт. Анан өзүбүздөн да аракет болуш зарыл. Издениш керек, чыгармачылык сулуулукту сүйөт дейт, жалгызданыш керек, жараталышты аралап, үндү тарбиялап кайра-кайра ырдап туруш керек. Мен талантымды бага алдымбы, бага албадымбы (ойлонуп)?.. Жакшы эле, шүгүр деп айтам.
– Элдин жакшылыктарында кызмат кылам дедиңиз, кайсы жактарга чейин чыгасыз? Ставкаңыз канча?
– Буга чейин Баткенде эле кызмат кылып жүргөнбүз. 2-3 жылдан бери интернетти туура пайдалангандан улам Баткенден сырткаркы шаарларга да чакыруулар болуп жатат. Жалал-Абаддын Ала-Букасынан Оштун Алай, Гүлчөсүнө чейин барып, элдин жакшылыктарында кызмат кылып жатабыз. Акчасы 10 миң сомдон 50-60 миңге чейин, ар кандай.
– Чыгармачылыкты өркүндөтүү үчүн Бишкекке же Ошко көчүп келүүнү ойлогон учур болду беле?
– Жок, болгон жок. Балким, жашыраак болгондо, 25-30 жашта болсом ойлонуп көрмөкмүн. Жаш кезде болгондур, азыр эми 47ге барып калдым. Ата-энемдин колундагы кичүү баламын. Апамды таштап эч жакка кете албайм, апам – бейишим да, бейишим үйдө турса бейишти каяктан издейин?.. Адамдын популярдуу болушу, элге жагып эл билген ырчылардын катарына кошулушу шаарда болсоң да, айылда болсоң да эч кандай роль ойнобойт. Кудай мартабаңды көтөрөм, даражаңды бийик кылам десе ушул жактан деле көтөрүп коёт. Анын үстүнө мен тынчтыкты каалайм, айылда булбул, чымчыктар сайрап турат, абасы таза, салкын, кооз жерде жашайбыз. Кышы андан да сонун, тынчтык, унаалардын ызы-чуусу жок, адамга илхам келе турган, жүрөк жашарта турган Газ деген айылда жашап, өмүрүмдүн акырына чейин ушул жерден колумдан келишинче элиме чыгармаларымды тартуулап, ак, таза жашап өткүм келет.
– Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып бериңизчи.
– Үй-бүлөлүүмүн, 5 кыз, 2 уулум бар. Кыздардан 5 неберем бар. Кенже уулум 4 жашар, улуу балам 8-класста окуйт, кичүү кызым 1-класс. Үй-бүлөдө бактылуубуз, ынтымактуубуз. Энем, карындашым менен чогуу жашайбыз. Адамдын бактылуулугу жүрөктүн тынчтыгында дейт эмеспи, анын сыңары жүрөктөрүбүз тынчтыкта.
– Мурунку маегиңизде “улуу кызымдан талант байкалат” деген экенсиз. Ырчылыкты тандадыбы?
– Кыздарымдын ырчы болушун каалабадым. Алар жөн эле татыктуу аял, мээримдүү эне болсо дедим, ошол эле. Кыз баланын бакыты ушул деп ойлойм. Кенже уулумдан үмүтүм бар, насип кылса ошого өнөрүмдү үйрөтөм. Убакыт көрсөтөт. Азырынча анын чыгармачылыкка шыгын жакшы байкай элекпиз. Жакшы музыка угар замат башкача болуп калат, балким, чымыны бардыр деп коём.
– Балдарыңызга, жубайыңызга көп чектөө коёт окшойсуз?
– Шариятта бар чектөөлөрдү гана коём, ашыкча чектөө коюлбайт. Үйдө атанын орду бийик болуш керек, үй-бүлө өзүнчө бир кичинекей мамлекет да, демек, атанын кадыры өтө жогору болушу кажет. Аял, бала-чакасы баары атаны урматтоого тийиш. Ошол урматка, сыйга татыктуу болушу үчүн ата да өз милдеттерин татыктуу аткарышы керек. Керектүү мээримди, тарбияны, туура багытты, адеп-ахлакты, илим-билимди балдарыбызга, аялыбызга үйрөтө ала тургандай билим алышыбыз зарыл.
– Эң алгач кайсы ырга обон жараткансыз?
– Эң биринчи обонум “Кош эмесе, мектебим” деген ырга жазылган. Кийинкиси “тамчы, тамчы, тамчылайт, көздөрүмдүн жаштары” деген саптары бар “Тамчы” ырына, анан “Нуриза” деген ырга жазгам.
– Ырчылык жол эмнеден башталган?
– 3-4-класста окуп жүргөн кезимде красканын банкаларынан барабан жасаганым эсимде. Ошентип ар нерседен музыка чыгарып жүрчү элем, кийин 11-классты бүтүп жатканда жанагы “Мектебим” деген ырдын сөзүн Кубанычбек Камалов деген досум жазып берди. Мектептин алдында гитара менен кыңылдап жатсам эле ал ырга обон чыга келди. Ошондон кийин башка обондор жарала баштады.
Окуучу кезде биринчи жолу бир тойдо ырдагам. Ошол жерден көргөндөр атама барып “балаңызда талант бар экен, талантын кор кылбай, ырчы кылып чыгарыңыз, жардам бериңиз” деп айтышкан экен. Негизи атам, чоң аталарыбыз баары ырчы болушкан, 4 атама чейин билем, бири төкмө акын болсо, экинчиси китеп жазган, үчүнчүсү комуз чертчү, атамдын үнү өтө мукам эле. Жаш кезинде атамды Радж Капур деп коюшчу экен. Ошол атамдан өткөн, атамдын жолун улаган ырчылык кесипти аркалап келатам. Анын жардамы менен, түрткүсү менен ушундай ырчы болдум. Атамдын көзү өтүп кетти, апам бар. 1995-жылдан бери маданият тармагында иштеп келе жатам.
– Апаңыздын өмүрү узак болсун! Убакыт бөлүп маектешкениңизге ыраазычылык.
– Сизге, “Супер-Инфо” гезитинин жамаатына рахмат. Гезитиңиздерди ийгиликтер коштоп, элдин купулуна толуп чыга берсин. Бар болуңуздар!
Гулийпа Маметосмон кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.