Өмүрбек Эсен уулу, көк бөрүчү, “Ынтымак” командасынын оюнчусу: «САРЫ-ӨЗӨНДҮ» ИРИ ЭСЕПТЕ УТАБЫЗ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН»

Көк бөрү боюнча “Нооруз” турнири көптөн бери ээнсиреп турган Бишкектеги “Аккула” ат майданын шаңга бөлөдү. Бул мелдеште көк бөрүнүн жаңы жылдызы пайда болду. Ал ким десеңиз, “Ынтымактын” жаш, универсалдуу оюнчусу Өмүрбек Эсен уулу. Өмүрбек “Ынтымактын” накта моторуна айланып, турнирдин алкагындагы оюндардын баарында өзүн мыкты көрсөтө алды. Жыйынтыгында “Мыкты оюнчу” наамына ээ болду.

Туулган жылы – 2001-жыл, 29-май

Туулган жери – Талас облусу, Манас району, Май айылы

Бою – 180 сантиметр

Салмагы – 90 килограмм

Жетишкендиктери – Президенттин кубогунун 2 жолку, Нооруз турниринин 3 жолку, Өлкө чемпиондугунун
1 жолку жеңүүчүсү

Ойногон командасы – "Ынтымак"

Амплуасы – чабуулчу, жекеме-жеке

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Өмүрбек, биринчиден, жеңишиңер, экинчиден, «Мыкты оюнчу» наамың кут болсун!

– Чоң рахмат!

– «Мыкты оюнчу» аталам деп күттүң беле? Сезимдериң менен бөлүшсөң...

– Кубанычтамын. Абдан жакшы сезимдер болуп жатат. Ооба, мен бул нерсени күткөм. Жакшы оюн көрсөтөм деп ниет кылгам. Чынында быйыл мыкты оюнчу болууга аябай умтулгам, аракет кылдым.

– Мээнеттин акыбети кайтыптыр да. Финалдык беттеш тууралуу айтып берсең. Ири эсепте утуп алганыңар күтүүсүз болдубу?

– Аттарыбыз да, балдарыбыз да аман, кырсыгы жок жакшы оюн болду. Оомат биз тарапта экен, Кудайдын буйругу менен жеңишке жетиштик. «Сары-Өзөндү» мындай 5:0 эсеби менен утабыз деп ойлогон эмесмин. 1-2 эсеп айырмачылыгында утабыз же утулабыз деп ойлогом. Оюн биз тарапка жүрүп кетти. Жекеме-жекени дагы, стартты дагы бербей жаттык. Коргоочуларыбыз, чабуулчубуз Нуржан байке (ред.: Мелисбек уулу) дагы, айтор, ар ким өзүнүн милдетин так аткарды, ошонун арты менен утуп алдык. Финалдагы атаандашыбыз «Сары-Өзөн» командасына дагы ийгилик каалайбыз.

– Бир жолу аттан кулап топтун арасында калдың, жакшы элесиңби?

– Жакшымын, буюрса, колумду ат басып кетти. Бир аз колум ооруксунуп калды.

– Бул турнирде күйөрмандарың дагы көбөйдү окшойт. Бул нерсе өзүңө деле сезилип жатса керек?

– Күйөрмандарга, мага байге койгондорго ыраазычылык билдирем. Күйөрмандар бар үчүн көк бөрү өнүгүп ушундай деңгээлге жетип жатат.

– Аватар менен жакшы тандем болупсуң. Жекеме-жекеде да айырмаланып турдуң, ушул позицияга даярдандың беле?

– Негизи башында чабуулга деп эле чыккам. Нооруз байке (ред.: Раатбек уулу) жаракатынан улам оюнга чыкпай калды. Аудасбек байкенин (ред.: Мырзабек уулу, оюнчу) да бутунан алган жаракаты бар болчу, буту ооруп калып, мен Аватарды минип ортодо да, чабуулда да ойноп жаттым. Жекеме-жеке аркылуу жеңебиз деген тактика менен чыкканбыз, ошонун негизинде жеңишке жетиштик.

– «Достук» менен болгон беттеш тууралуу эмнелерди айта аласың?

– Атаандашыбыз «Достук» Кыргызстандын мыктыларынан куралган күчтүү команда. Оюнчулардын баары Жогорку Лигада ойноп жүргөн күчтүү улакчылар. Буйрук экен, биз утуп алдык.

– Жакшы, эми өзүң тууралуу да билсек. Көк бөрүгө эмнеден улам кызыгып калдың дегендей?

– 2001-жылы туулгам, Манас районунун Май айылынан болом. Үй-бүлөдө эки кыз, эки уулбуз, 4 бир туугандын кичүүсүмүн. Көк бөрүгө кичинемден эле кызыгам. Үйдө, туугандардын арасында ойногон деле киши жок. Өзүмдүн эле кызыгуум болду. Кошуна байкелер улакка бара жатканда аларды ээрчип алчумун. Алар менен барып ат мингенге кызыкчумун. Негизи эле кичинемден ат мингенди жакшы көрөм.

– Үйдөгүлөр көк бөрүчү болом дегениңди кандай кабыл алышты?

– Жаңыдан ойноп баштаганда «улакка барба» деп урушуп баары каршы болушкан. Улак дегенде баарын таштап үйдөн качып кетчүмүн. Азыр менин тандоомду кабыл алып, көнүп калышты. Баталарын берип, жакшы тилек менен узатышат.

– Канча жашыңдан тарта ойноп баштадың?

– Айыл ичиндеги оюндарда 15-16 жашымдан баштап ойноп баштагам. Ал эми лигага 17 жашымда ойногом. Алгач 2019-жылы Президенттин кубогуна арналган турнирде «Алкан ата» командасында ойнодум. Андан кийин эле «Ынтымактын» курамына кирдим.

– Таласта мыкты улакчылар көп, атаандаштык күч, «Ынтымактын» курамына кошулуу деле жеңил эмес болуш керек...

– Ооба, «Ынтымактын» курамына кирүү көп улакчылардын кыялы. «Алкан ата» командасында мыкты оюн көрсөткөм. Ошону байкашкан окшойт, «Ынтымакка» чакырып калышты. Курамга коргоочу болуп киресиң дешти, дароо эле макул болгом. Андан бери аракет кылып командадагы байкелерден жакшы тажрыйба алдым, өстүм.

– Учурдун универсалдуу оюнчуларынын бирисиң. Бардык позицияны бирдей алып кетүү дагы оңой иш эмес...

– Райондор аралык оюндарда жалаң жекеме-жекеде ойночумун. Ошонун арты менен жекеме-жекеде да, чабуулда дагы ойноомо шарт түзүлдү десем болот.

– Өткөн жылы көкпар боюнча улуттук курамга кирдиң. Көкпарга киргениңди өзүң кандай кабыл алдың?

– Улуттук курам дегенде кайсы курама экени маанилүү болгон жок. Көк бөрүбү, көкпарбы, эң негизгиси улуттук курам менен Кыргызстандын намысын коргоо мен үчүн мааниге ээ болчу. Андыктан кайсы курамда экеним ойлондурган деле жок.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан