ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 3-апрелден 9-апрелге чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Сизди кызыктай абал тооруйт. Уккан кабарыңызды жакшы да, жаман да жагына жоруй албай, ага кандай реакция кыларыңызды билбеген абалда каласыз. Буга чейин ийгиликсиз болгон иштердин баары күтүлбөгөн жерден укмуштуудай натыйжа алып келиши мүмкүн. Бул күндөрү эч кимди сындап, талкууга албашыңыз керек. Үй-бүлөлүү айымдар үйдөгү түйшүктөрдөн эс алып, өзү үчүн да убакыт бөлүп келбетине кам көргөнү жакшы.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Бул күндөрү көлөкөдө калбайсыз. Дайыма адамдардын көңүл борборунда болуп тайманбас, эркти талап кылган чечимдериңиз менен жумушта, чөйрөңүздө өзгөчө кадыр-баркка ээ болосуз. Кече өткөрүү, биргелешкен иш сапарлар үчүн ылайыктуу учур эмес. Бойдоктор сезимдерин көзөмөлдөп турушканы оң, антпесе досунун же алыс туугандарынын сүйлөшкөн кызы же жигитине ашык болуп калышы толук мүмкүн. Мындай абал адамды туңгуюкка кептейт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Расмий иштер же алыскы сапарлар тууралуу алдын ала эч кимге кабарлабай туруңуз. Бул сиздин карьералык тепкичте көтөрүлүшүңүзгө жолтоо болот. Жакшысы – ишиңиз башталганда өздөрү көрүп, угуп баа беришкени туура. Айымдарга сырткы келбетине эксперимент жасоо сунушталбайт. Жумуш бүтүрүүдө абройлуу тааныш адамыңызды ортого саласыз. Сүйүү мамилесинде сезимдериңизге суу сээп, туруксуз мамиле кылышат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бөйөндөр кандайдыр бир жаңы илим же ишке кызыгуу ойгонгонун сезишет. Жакын адамыңыз сиздин бир кездеги унутулуп калган убадаңызды эстетип, аны тез арада аткарууну талап кылат. Никеден ажырашкан же сүйүктүүсүнөн кол үзүп махабат дартынан айыга электер эски мамилесин унутуп, жаңы сезимдерге даяр болушу керек. Каржы маселесинде сизди тынчсызданткан жагдайлар болот, бирок жакындарыңыздын колдоосу менен абалдан чыгасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жумушта акча маселесине байланыштуу өйдө-ылдый өзгөрүүлөр күтүлөт. Тагыраагы, канчалык чыгымга учурасаңыз, киреше агымы ошончолук көбөйөт. Сүйүүдө көптөн берки тааныш адамыңызды болочоктогу түгөйүңүз катары карап, ага болгон мамиле 90 градуска өзгөрөт. Бирок ага сөз айтардан мурун жакшылап ойлонуңуз, кийин “сүйүктүүм болбосо да, жакшы таанышым бойдон калса болмок” деп өкүнүп калбаңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бийкечтер бул аптада үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине байланыштуу жагымдуу кабарга кубанышат. Жаңы кесип өздөштүрүүдө каражат аябаңыз. Чыгашалар болушу мүмкүн, бирок алар сиздин бюджетиңизге чоң зыян алып келбейт. Көптөн бери жактырып жүргөн адамыңызга сезимдериңизди билдирсеңиз болот. Туура тамактануу эрежесин жолго салыңыз, болбосо толуп, ашыкча салмак менен күрөшүп каласыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Таразаны кайсы бир ишке көндүрүү, ынандыруу аракетиңиз текке кетпеши үчүн кымбат белек даярдай бериңиз. Аларды көңүлүнө жаккан белек аркылуу гана жумшарта аласыз. Бизнес жаатында сүйлөшүүлөрдө, долбоорлордун үстүнөн иштөө боюнча мыкты адистен кеңеш алышыңыз керек. Тараза айымдар аптада өзгөчө кулпуруп, адамды өзүнө магниттей тартып алуу жөндөмү мыкты иштейт дешет жылдыздар.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Буйрук берип, кандайдыр бир оор милдетти моюнуна жүктөп, үйдө жаш муундун өкүлдөрү менен мамилеңизди бузуп аласыз. Андыктан улуулугуңузду бирөөнү кемсинтүү үчүн эмес, ал артыкчылыкты акылмандык кеңештериңизди берүү менен туура колдонсоңуз болот. Көпчүлүк чаяндар өздөрү менен сыймыктанып, ыраазы болушат. Бизнестеги ийгилик жаңы сезимдердин башталышы чаяндарды ого бетер өзүн-өзү сүйүүгө түртөт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Сырткы келбетине нааразы болгон жаачы айымдар сулуу болуунун сырларын билүү үчүн адиске кайрылса болот. Адис медициналык жардам гана эмес, психологиялык багытта да кеңеш бере алат. Бейтааныш адамдардын сынына кулак салбаңыз, муну көрө албастыктын бир көрүнүшү катары эсептеңиз. Майда кептерди териштирип отуруу да убакытты алат, андыктан ушакчыларды жайына койсоңуз жеңиш сиз тарапта болот.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Алтынчы туюмуңуз жакшы иштеп көп маселелерди анын жардамы менен чече аласыз. Каржы жаатында кирешеңиз көбөйөт. Кайсы бир ишке акча салган болсоңуз ал өзүн бат актайт, үйүңүзгө ири буюм сатып алсаңыз болот. Үй-бүлөлүк жашоодо бири-бирине окшош күндөрдөн тажасаңыз, аны ар тараптуу кылуу сиздин колуңуздан гана келерин эске алыңыз. Күндөрдү эсте каларлык өткөрүү түгөйлөрдүн мамилесин жакшыртат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Унаа башкаргандар жол эрежесин бузбашы зарыл, болбосо ири суммада айып пулга жыгылып калышы мүмкүн. Кайсы бир кырдаалды жайгарам деп тескерисинче баш аламандык жаратып алышыңыз ыктымал, андыктан анча-мынча иштерге кийлигишпей эле койгонуңуз туура. Үйлөнүүнү же турмушка чыгууну каалап жаткан бойдоктор жакшы көргөн адамына бул ою тууралуу дароо эле айтканы жакшы.


БАЛЫК (20.02-20.03

Башкалардын, өзгөчө жакындарыңыздын пикирин кунт коюп угуп, алардын ою менен эсептешкенге туура келет. Буга чейин жашырып келген сырыңыз ачыкталат, бул нерсе сиздин маанайыңызды түшүрөт. Бирок кийин эмес, азыр ачыкталганы сиз үчүн жакшы. Студенттер билим алып, жаңы өнөр өздөштүрүүдө практикалык ишке басым жасашканы туура. Балалуу балыктар алардын жүрүм-турумун тыкыр көзөмөлдөп турушу зарыл.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан